Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Уйгур окумуштуусу өмүр бою эркинен ажырады


Профессор Илхам Тохти сот залында.
Профессор Илхам Тохти сот залында.

Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном аймагындагы Үрүмчү шаардык соту окумуштуу жана уйгур укук коргоочусу Илхам Тохтини сепаратизмге айыптап, өмүр бою абакта камоо чечимин чыгарды.

Экономика илимдеринин профессору Илхам Тохтиге "Шинжаңдагы расмий бийликти кулатуу аракетине багытталган ишмердүүлүк үчүн" деген айып тагылды.

Бул чечим Батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын арасында нааразылык жаратты. Анын адвокаты Ли Фангпинг Рейтер агенттигине укук коргоочуга карата саясий чечим чыгарылганын билдирди:

- Бул акылга сыйбаган чечим. Илхам өзү да күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал сөзсүз түрдө бул өкүмгө каршы доо арыз менен кайрылат. Сот саясий чечим чыгарды.

Шинжаңдын прокурорлору Тохти аймактагы расмий бийликти өзү негиздеген Uighurbiz.net. деп аталган сайт аркылуу кулатууга аракет кылганын билдиришти.

Укук коргоочу бул айыптоолорду четке кагып, ал сайтты уйгур жана хан окумуштууларынын ортосунда диалог түзүү үчүн ачканын, ал эми сепаратизм жана зордук-зомбулукка каршы ачык эле сүйлөп келгенин белгиледи.

Тохти айыптоочулардын ага каршы тапкан далилдерин моюнуна алган жок. Ал мурда анын сайтында өз ыктыяры менен иштеген студенттер бийликтин кысымынын алдында сотто ага каршы көрсөтмө беришти деп эсептейт.

АКШ, Евробиримдик жана эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Тохтини бошотууга чакырышты.

Илхам Тохти Бээжиндеги улуттук азчылыктарды изилдөө менен алектенген Минцзу университетинде сабак берип келген. Ал эч кандай террористтик уюмдар менен байланышы жок экенин айтып, болгону калем, кагаздын жардамы менен уйгурлардын укугун коргоого аракет кылып жатканын түшүндүрдү. Ал ушул жылдын январь айында сепаратизмге айыпталып, камакка алынган.

Кытайдагы активисттер соттун бул өкүмү Шинжаң Уйгур автоном районундагы кырдаалды курчутушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Бул автономдуу аймакта сегиз миллиондой уйгур жашайт.

Шинжаңда жүздөгөн адамдын өмүрүн алган бир катар теракттардан кийин кытай бийликтери өлкө боюнча экстремизмге каршы бир жылдык өнөктүк баштаган.

Дүйшөмбүдө Бээжинде өткөн маалымат жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чун Инг "Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун таасири Шинжаңдагы экстремисттерге да тийиши мүмкүн экенин белгиледи.

- Уйгур террористтик топтору жихадга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн чет жактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга активдүү жиберип жатканы маалым болду. Алардын эл аралык террористтик топтор менен байланышта болуусу аймактын жана дүйнөнүн стабилдүүлүгүнө чоң коркунуч туудурууда. Уйгур террористтери менен күрөшүү эл аралык антитеррор кампаниясынын бир бөлүгү катары эсептелиши керек деп ойлойм. Эл аралык коомчулук бүткүл дүйнөдө жана аймактарда тынчтыкты орнотуу үчүн терроризмге каршы күрөштө биз менен кызматташат деген үмүттөбүз, - деди Кытайдын тышкы иштер мекемесинин өкүлү.

Расмий Бээжин Шинжаңдагы кол салуулар, жардыруулар үчүн аймакта Чыгыш Түркистан көз карандысыз мамлекетин түзүүнү көздөгөн уйгур жикчилери менен экстремисттерин айыптап келет. Кытайда жүрүп жаткан өнөктүктүн алкагында жыл башынан бери жүздөгөн адамдар экстремизмге айыпталып, абакка кесилип, айрымдары жогорку жазага тартылышты.

XS
SM
MD
LG