Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2022 жума, Бишкек убактысы 04:44

Ырынан чыры көп кыргыз цирки


Кыргыз цирки.

Көп жылдан бери чуусу басылбай, түп-тамырынан бери реформага муктаж болгон Мамлекеттик циркке жетекчи болгусу келгендердин катары калыңдап баратат. Алардын арасында өз талапкерлигин көрсөткөн жана коомчулук сунуш кылгандар да бар.

Ушундан улам азыр коомчулукта эмне үчүн чыр-чатактан арылбай жүргөн, шарты начар, айлыгы аз мекеменин жетекчилик орду мынчалык уу-дуу кепке айланганын түшүнбөгөндөр да кездешет.

Цирктин буга чейинки директору Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен. Серепчилер кыргыз цирки эгемендик алгандан бери өз жолун таппай, койгон оюн-зоогунан чыр-чатагы арбын болуп келатканын айтышат. Жамаат өкүлдөрү буга айлык акынын аздыгын, жамаатка татыктуу жетекчи келбей жатканын жүйө келтирип жүрүшөт.

Кыргыз циркинин гүлдөп турган алтын доору өткөн кылымдын 70-80-жылдарына туш келет. Кеңеш өкмөтүнүн убагында кыргыз цирки 15 республиканын ичинен үчүнчү орунда турган экен. Бул тууралуу 1982-жылдан бери аталган мекемеде иштеп жүргөн Клара Тажиева кеп салып отурду:

- 1980-жылы чыккан «Ала-Тоо жаңырыгы» программасында «Кыргызстандын экзотикалык фаунасы» деген чоң аттракцион болгон. Аны Кыргыз Республикасынын эл артисти Салмоорбек Урмамбетов жетектеген. Ал номерде кыргыздын кадимки топоздору, төөлөрү, тоо эчкилери, Пржевальскийдин аты жана аюулар бар эле. Ал аюулар өзгөчө оюн көрсөтүүгө машыктырылган болчу. Мисалы азыр жигиттер аттын астынан өтүп кетип атышпайбы. Ошону аюуга үйрөтүп коюшкан. Аттар чуркап баратканда аюулар алардын астынан өтүп кетчү.

Ал кезде кыргыз цирки Москвадагы мамлекеттик цирк бирикмесине карап, чыгармачыл топтор дөңгөлөк үстүндө жер кыдырып оюн коюп жүрүшкөн экен. Тажиева өзү иштеген топтун акыркы сапарын мындайча эскерди:

- «Ала-Тоо жаңырыгы» программасы союз таркагандан баштап жоюлду. Биз акыркы оюн койгон шаарыбыз Новосибирск болду. Ал шаарда жаңы жылдык оюндарды өткөрүп, бул жакка келдик. Бирок тилекке каршы бизди ошол убактагы директор кайра кабыл алган жок. Ошонун себебинен биз эле эмес, көптөгөн артисттер көчөдө калышты.

Аталган мекемеге 2004-жылы директор болуп дайындалган Курмангазы Исанаев өзү келгенге чейин цирктин имараты, жатаканасы акырындап жеке менчикке чыгарылууга даярдала баштаганын, өзү ага жол бербегенин айтып келген. Бирок чыгармачыл жамаат өкүлдөрү ушул убакка чейин кайра-кайра нааразылык акцияларын уюштуруп, цирктин абалы өтө оор абалга кептелгенин, кызматкерлердин айлык акысы аз экенин жана жамааттын ич ара ынтымагы ыдырап кеткенин билдирип жүрүшкөн болчу.

Исанаев кызматтан кеткенден кийин директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Дарья Кусейинова мындай келишпестиктердин эң башкы себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин укуктук-ченемдик актыларыбыз туура эмес. Кыргыз цирки башынан баштап Москвадагы мамлекеттик циркке карап келген экен. Азыр бизге артисттер ошол кездеги талаптарды коюп жатышат. Негизи цирк искусствосу театрларга караганда өзгөчө өнөр эмеспи. Булар дайыма дөңгөлөк үстүндө жүрөт. Мына ушул багытта биздин укуктук-ченемдик документтерге ылайык артисттердин категориясы, иштеген жумушу боюнча төлөнө турган акчасы акырына чейин иштелип чыккан эмес.

Мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов да ушундай пикирде. Анын айтымында, азырынча бул мекеме боюнча ал жерде кандай жандыктар бар, репертуарында эмне оюндар сунушталат, кандай нукта иштеп жатат деген өңдүү суроолорду коюуга эртелик кылат. Өкмөт кыргыз циркине кылдат көңүл буруп, аны түп-тамырынан бери реформа кылышы зарыл.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

- Эгемендик алгандан баштап эле кыргыз циркинин жумушу токтогон. Анткени иштөө системасы бузулган да, - деди ал. - Булар СССРдин цирки менен байланышып, башкача системада түзүлгөн болчу. Булардын бири дүйнө жүзүн кыдырса, бири мекемеде оюн көрсөтүп, айтор өзгөчө нукта иштеш керек эле. Чыгармачыл жамааттын келишимдеринен бери өзгөртүш керек. Мисалы, азыр цирк кызматкерлери бул жакта кичинекей айлыкка иштешет. Бирок башка жактан сунуш түшүп калса келишим менен кетип калышат. Кайра келип кадимкидей иштей беришет. Ал эми биздин эл үчүн оюн деле көрсөтүшпөйт. Номерлери да эски. Дүйнөдө андай номерлерди бардык цирктер көрсөтөт. Кыргыз цирки өзгөчө болуш керек эле да. Айтор кыргыз циркин пайдубалынан бери өзгөртүү зарыл.

Деген менен жаш артист Тилек Мусаев эгер кесиптештери келишим менен сыртка чыгып иштеп келип турбаса цирктин азыркы айлыгы менен жашай албай турганын айтты:

- Биздин айлыгыбыз өтө эле аз. Ашып кетсе 4000 сом алабыз. Мисалы биринчи, экинчи категориядагы артисттер болгону 3500 сомдон алып калабыз. Бул айлык чынын айтканда үйдөн жумушка келип кеткен жол киребизге эле кетип калат.

Кыйланы кызыктырган директорлук орун

Цирктин мурдагы жетекчиси бул мекемени жамаат өкүлдөрү нааразы болуп, алтымыш жолу арызданганына карабай кайра-кайра соттошуп, 14 жыл бою башкарып келди. Ал кетери менен бош орунга кызыккандардын күрөшү күчөдү. Ушундан улам циркке директорлук кызмат эмнеси менен азгырып атат деген собол жаралат.

Мурда директордун орун басары, азыр директордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Дарья Кусеинова бул суроого төмөндөгүдөй жооп берди:

Дарья Кусеинова.
Дарья Кусеинова.

- Мен үч жарым жылдан бери ушул жерде иштеп жатам. Директорлук кызматтын кандай материалдык кызыкчылыктары бар экендигин айта албайм. Анткени мен өзүм чыгармачыл адам болгондуктан бул жерде иштей баштагандан бери цирктин чыгармачылыгына жардам бергенге аракет кылдым. Менин иштеген жумушум негизинен административдик кызмат эмеспи. Бул жактан мен айлыктан сырткары бир да материалдык кызыкчылык көрө алган жокмун. Анткени биз «оюн-зоок коюшубуз керек» деп кайрылган убакта дайыма бюджетте акча жок болуп жүрдү.

Кусеинова мамлекеттик циркке жылына 15 миллион сом бөлүнөрүн, анын 11 миллиону кызматкерлердин айлык акысына, эки миллиону Соцфондго, калган каражат электр энергиясына жана башка чыгымдарга кетерин айтты. Адис эгер өзү директорлук кызматка бекип калса буга чейинки тажрыйбасына таянып, «мекеменин ички укуктук документтерин жөнгө салып, КМШ өлкөлөрүндөгү цирктер менен чогуу иштешип, кыргыз циркин өзүн өзү актаган деңгээлге жеткирмекмин» дейт.

«Циркти башкарат» деп коомчулук ишеним көрсөтүп аткандардын арасында маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов да бар. Ал цирктин кадырын көтөрүп, ишин илгерилетиш үчүн чечкиндүү кадамдарга барып, материалдык кызыкчылыкка азгырылган топтордон арылуу керек деген ойдо.

- Цирк чынында акыркы жылдары маданий очок болбой эле коммерциялык борборго айланып калган, - деди ал. – Мисалы, тегерек-четинде төрт же беш кытай рестораны бар. Мекеменин атканаларына болсо Ала-Тоо аянтында же паркта жүргөн аттар кармалат. Чындыгында цирктин өзүнүн бир эле аты бар. Ал эми ичи болсо оюн коюлган учурда өзүнчө эле базар болуп калат. Негизи эле бизге гастролдоп келген цирктер көп болот. Алар оюн коюп жаткан учурда бул мекеме маданий очок эмей эле чакан соода борборуна айланат.

Бекмамбетовдун айтымында, цирк имаратында ижарада турган ресторандар расмий келишим боюнча өтө эле аз акы төлөшөт, калганы көмүскө жүгүртүлөт жана ал кайда кетип жатканы белгисиз. Ошондуктан ал мамлекеттен 20 миллион сом алган цирктин ар тараптуу ишмердигинин ачык-айкындыгына жетишүү керек деп эсептейт.

Жарандык активист Азамат Аттокуров - цирктин жетекчилигине өз талапкерлигин өзү көрсөткөндөрдүн бири. Ал бул маданий очок өнүгүү жолуна түшүшү үчүн мамлекеттин эсебинен чыгып, өзүн өзү камсыз кылууга өтүшү зарыл экенин айтты:

- Дүйнөлүк практикада жеке менчик цирктер жакшы өнүккөн. Мисалы Канаданын «Дю солей» деген атактуу циркин айтсак болот. Биздин цирк толук түрдө жеке менчик болбосо да мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүгү менен иш алып барышы керек. Мамлекет имараттын ремонтун, жылуулугун камсыз кылып берсе айлык акы, кийим-кече дегендерди цирктеги труппалар өздөрү каржылашы керек.

Цирк жамаатындагы топтордун бири тарабынан директорлук кызматка көрсөтүлүп жаткан таанымал гимнаст Аида Акматова эң башында өз жамаатын ынтымакка келтирүүнү, андагы адамдардын чыгармачылыгына шарт түзүүнү көздөйт.

Аида Акматова.
Аида Акматова.

- Цирк артисттери анын эң башкы кыймылдаткыч күчү болуп эсептелет, - дейт ал. - Цирк чыгармачыл жамааттын аркасы менен гана кармалып турат. Кыргызстанда жалгыз гана цирк бар. Анын ичинде штатта иштеген артисттер 35 эле киши. Алар жок болсо цирк да жок болот. Жетекчи эң башкысы алардын ар биринин пикирин угуш керек. Алар ынтымактуу болуп, бир командага айланганда гана жумуш болот деп эсептейм.

Акматова мындан сырткары Мамлекеттик цирктин каржылык маселелерин талдап, Советтер Союзунан бери өзгөрбөй келаткан укуктук-ченемдик актыларын кайра карап чыгуу зарыл экенин кошумчалады.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин укуктук камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Аида Манкееванын айтымында, Мамлекеттик цирктин жетекчисин маданият министри жумуштан алып, жумушка коет. Мындан сырткары адис жалпы театрлардын укуктук-ченемдик актылары иштелип чыгып жатканын билдирди:

- Биз бүгүнкү күндө театралдык мекемелердин жол-жобосун иштеп чыкканбыз. Бирок ал азырынча өкмөттүн токтому менен бекитилбей жатат. Буюрса жаңы директор дайындалса аны менен ушул циркке тиешелүү бөлүмүн кайра карап чыгабыз. Заманбап иштөө эрежелери иштелип чыгат. Ал планда бар.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы маданият министри Садык Шер-Нияз болсо маданий жайларды кайсы бир документтерден мурун мыкты менежерлер гана оңдой турганын айтып, кино тармагы өзүнүн иштөө ыкмасын азыркы заманга ылайыкташтырганы үчүн өнүгүүгө бет алганын далил келтирди.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлгөн. Учурда бул мекемеде 130 киши иштейт. Анын кыркка жакыны чыгармачыл жамаат өкүлдөрү. Маалында кыргыз циркинде 29 түрдүү жаныбар болгон. Азыр үч жылкы гана калды.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG