Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:37 14.5.2020

Коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 14-майда оору жугузуп алгандардын эң көбү Нарын облусунда экенин билдирди.

Соңку бир суткада Нарын облусунда - 15 адамдан, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төрт, Чүй облусунда да төрт (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бир адамдан COVID-19 инфекциясы табылды.

Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 735 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

16:17 13.5.2020

Тажикстандагы абал, ДССУнун эскертүүсү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришти.

Май айынын башында Тажикстанга келген бул эксперттер өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп жатканын, токтоосуз түрдө "керектүү чараларды кабыл алуу" зарыл экенин 12-майда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында айтышты.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 12-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 729 кишиге жетти. Кеминде 23 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Бирок бир нече күн мурда интернетте Тажикстанда коронавирустан көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болду. Анда илдеттен каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.

13:34 13.5.2020

ЖАМК: Сапар Исаковдун жана башкалардын коронавируска анализи таза чыкты

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын камактагы тарапкерлеринен жана саясатчы Равшан Жээнбековдон коронавируска алынган анализдердин баары таза чыкканын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-майда Равшан Жээнбековдон, Фарид Ниязовдон, Фархат Баабиевден, Сапар Исаковдон, Карыпбек уулу Рысбектен, Канат Осмоналиевден, Мээрбек Мискенбаевден жана Канат Сагымбаевден коронавируска анализ алынган.

8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 табылган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы абакта абал туруктуу деп, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

11-майда Кой-Таш окуясы боюнча жараянда айыпталып жаткандардын бири, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген.

2019-жылы 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясында бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши алар тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 адамдын ичинен Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкетин №1 тергөө абагында кармалууда.

13:33 13.5.2020

Министрлик өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү тууралуу маалымат берди

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими качан алынары азырынча белгисиз. 13-майда онлайн брифингде «Өзгөчө кырдаалды алуунун болжолдуу мөөнөтү барбы?» деген суроого саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев:

«Божомол кыска болгону оң. Анткени жакын арадагы абалды эске алып, ошого жараша айткан туура. Узак мөөнөткө божомолдоо өтө кыйын нерсе. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болуп жатканын сактап калсак, ооругандар жана жугузгандар бара-бара азайса гана өзгөчө кырдаал режимин жумшартуу же алып салуу тууралуу сөз кылсак болот» деп жооп берди.

Үсөнбаев ага чейин Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал «бир аз оңолуп келе жатканын» айтып, 13-майда соңку бир суткада вирус жети гана адамдан табылганын «көптөн күткөн көрсөткүч» деп атаган.

Ошону менен катар ар бир адам санитардык талаптарды аткарбаса, этият болбосо абал кайра курчушу ыктымал экенин эскерткен.

Жалпысынан 13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары – 726 адам.

Коронавирус өлкөдө аныкталганы тууралуу расмий маалымат алгач 18-мартта чыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG