ИИМ: Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн эки кызматкеринен коронавирус чыкты
Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусиядагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүндө төрт кызматкер иштейт. Учурда анын экөө коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада жатат.
«Ачык эле айтайын, төрт кызматкердин экөө коронавирус илдети менен ооруп калды. Аларды дарылоо боюнча Орусиянын ички иштер министрине кат жазып, телефон менен сүйлөшкөм. Алар жардам берип жатышат», - деди Жунушалиев.
Министр кызматкерлери кандай шартта вирус жугузуп алганын айткан жок. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 22 милиция кызматкерине вирус жукту жана алар илдетке негизинен кызмат учурунда кабылган.
Орусияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Орусия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күндүн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам жан берди. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты.
Бир суткада коронавирус дагы 7 адамдан табылды, 17 бейтап айыкты (видео)
Кыргызстанда соңку бир суткада коронавируска 1421 анализ жүргүзүлүп, алардын жетөөнөн вирус табылды. Бул тууралуу 13-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын бирөө Ош облусунда, дагы бирөө Нарын облусунда жана Чүй облусунда бешөө.
Жалпысынан 13-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1044 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 726.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
- автор Айнура Жекше кызы
ДССУ эпидемиянын экинчи толкунунан коркуп турат
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кээ бир өлкөлөр айлап созулган карантинден даярдыксыз чыгууда деп эскертти. Глобалдык алкакта коронавируска 4,1 миллион киши кабылды, 286 миңден ашууну каза болду. Бирок эксперттер бул статистика чыныгы сандарды чагылдырбайт дешет.
Эксперттер жапырт тест жасоо жана инфекцияны алып жүргөндөр менен жакын байланышта болгон адамдарды аныктоо иши жолго коюлбаса, карантинден чыгып жаткан өлкөлөрдө эпидемиянын экинчи толкуну башталышы мүмкүн деп эскертишүүдө.
“Илдет аз санда, бирок жугузуп алгандар, алар менен байланышта болгондор иликтенбей жайыла берсе, вирус кайрадан күч алышы ыктымал”, - деди дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Макл Райан.
Мындай чочулоо Түштүк Корея менен Германияда соңку күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйгөндөн кийин пайда болду.
Берлинде жайгашкан Роберт Кох атындагы Жугуштуу ооруларды изилдөө институтунун вице-президенти Ларс Шаде оорунун экинчи толкунунун алдын-алуу үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керектигин белгиледи:
“Вирус мурдагыдан азайганы менен айланабызда бар. Таптакыр жок кылынмайынча, инфекциянын чынжыры пайда болбошу үчүн ар бирибиз аракет кылышыбыз керек. Башкача айтканда, жүрүм-турумду бүгүнкү шартка ылайыкташтыруу зарыл”.
Эки айдан бери сыртка чыгууга тыюу салынган Францияда чектөө чаралары алына баштагандан бери COVID-19дан өлгөндөрдүн да, жаңы бейтаптардын да саны көбөйдү.
Ал ортодо Орусия коронавирус жуккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты.
Шейшембиде соңку 24 саат ичинде инфекция жугузган дагы 10 миң 899 адам аныкталды, 107 адам көз жумду. COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 232 миңден ашты, 43,5 миңдей бейтап айыкты.
Ооругандардын саны өскөнү менен президент Владимир Путин 11-майда иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айтып, карантин чараларын жумшартууну ар бир аймактын жергиликтүү бийлиги өз алдынча чечерин билдирген.
Ал эми глобалдык алкакта коронавируска 4,1 миллион киши кабылды, 286 миңден ашууну каза болду. Бирок эксперттер бул статистика чыныгы сандарды чагылдырбайт дешет.
Кошмо Штаттарда дүйшөмбү күнү коронавирустун кесепетинен дагы 830 киши өлдү, оорунун айынан ажал тапкандардын жалпы саны 80 миңден ашты.
Бирок Statista порталынын маалыматына караганда, калкынын санын эске алганда COVID-19дан көз жумгандар боюнча Бельгия биринчи орунда турат. Ал жакта 1 миллион жашоочуга 757 өлүм туура келет, экинчи орунда Испания, андан ары Италия жайгашкан. АКШ бул кайгылуу стастистикада 9-сапта.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кошмо Штаттарда инфекция жугузуп алгандардын саны 1,3 миллиондон ашты.
Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн кызматкерлерине президент Дональд Трамп отурган имараттын батыш канатына беткапсыз кирүгө тыюу салынды. Анын алдында вице-президент Майк Пенстин жардамчысы жана Трамп менен жакын иштешкен камердинер ооруп калган.
Жаңы коронавирус алгач тараган Кытайда турмуш акырындык менен эпидемияга чейинки калыбына келүүдө. Алсак, 11-майда Шанхайда Диснейленд паркы үч айлык тыныгуудан кийин көрүүчүлөргө эшигин ачты.
- автор Ыдырыс Исаков
Казакстан: COVID-19га корогон 14 млрд. доллар, медкызматкерлердин талабы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө коронавируска каршы күрөшкө 14 миллиард доллардан ашык акча жумшаганын билдирди. Бирок бул күрөшкө сарпталган суммага казакстандыктар таң кылып бүтө албай жатышат.
Медицина кызматкерлери убада берилген акчаны албаганын айтып жатышат. Ал эми жарандык активисттер ал акчанын эсебинен элдин насыялары кечилишин, андан сырткары ар бир жаранга 200 миң теңгеден акча таратууну талап кылууга камынышууда.
Биз болгону 7 миң теңгеден гана бир жолу кошумча акы алдык.
Нур-Султан шаарынан анча алыс эмес жердеги Кушчу айылынын «Тез жардам» кызматкерлери жыйын куруп, өкмөт убада кылган кошумча акчаны жетекчилигинен талап кылышты.
Буга чейин Казакстандын өкмөтү коронавирус убагында иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүүгө убада берген. Бирок «Тез жардам» кызматында иштеген фельдшерлерлердин айлыгы көтөрүлгөн жок. Жаш фельдшер Жарылкасын Өткүр уулу иштен кетүүгө даяр экенин айтты:
«Биз болгону 7 миң теңгеден гана бир жолу кошумча акы алдык. Ал акча март айынын аягында берилген. Андан бери эч кимге эч нерсе төлөнгөн жок. Жетекчилик болсо сый акы берилет деген убадасын кайталап келет. Бирок кана ошол сый акы? Мен азыр эле иштен кетүү тууралуу арыз жазганга даярмын. Иштегенге болбой калды».
Бул дарыгерлердин нааразылыгына президент Касым-Жомарт Токаевдин акыркы билдирүүсү себеп болду. Ал коронавируска каршы күрөшкө Казакстан 6 триллион теңге жумшаганын айтты. 6 триллион теңге азыркы баа менен санаганда 14 млрд. долларга жакын акча болот. Ал эми жөнөкөй жарандар 13 миллиард доллар коротулган менен өлкөдө кандайдыр бир кескин өзгөрүү болбогонун социалдык тармактарга жарыялашууда. Жарандардын суроосуна президенттин кеңешчиси Олжас Кудайбергенов жооп бергенге аргасыз болду:
«Жарандарга жөлөк пул катары 42 500 теңгеден төлөөгө 386 миллиард теңге бөлүндү. Жөлөкпул алуучулардын саны 4,5 миллионго жакын адам. Акчанын жарымын төлөп бүттүк. Калганын төлөп жатабыз. Медицина тармагынын кошумча чыгымдарына 125 миллиард теңге бөлүмдү. Мунун көп бөлүгү коротулуп бүттү».
Президенттин кеңешчиси «каражатты коротуу уурдоо дегенсөз эмес» деди. «Сөз болуп жаткан каражат конкреттүү мамлекеттик программаларды каржылоого жумшалган. Ал программалар жылдын аягына чейин аткарылат. Мисалы, жумуш орундарын түзүү программасына бир триллион теңге бөлүнгөн. Дагы 1 триллион теңге ишкерлерге насыя берүүгө коротулат», - деген кеңешчи буга окшогон 11 долбоорду атады.
Бирок бийликтин бул жоопторуна жарандык активисттер ишенген жок. Тескерисинче, алар коронавирус менен күрөш үчүн коротулган каражаттарды ачыкка чыгарууну жана элдин буга чейин алган насыяларын кечирүүнү талап кылышууда. Жарандык активист Жанболат Мамай талаптар аткарылбаса тынч митингге чыгышарын эскертти:
«Казакстандагы ар бир үй-бүлөгө 200 миң теңгеден таратылып берилсин. Анткени азыр алардын баары үйдө отурат. Акчасы жок. Алар азык-түлүк, дары-дармек сатып алыш керек. Андан сырткары чакан жана орто ишкерлерди кийинки 3-6 айга салыктан бошотуу керек. Эң башкысы Казакстандын ар бир жаранынын буга чейин алган насыялары кечилиши керек. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда тынч митингге чыгууга аргасыз болобуз. Анткени бийлик митингден башка тилди түшүнбөй жатат».
Расмий маалымат боюнча Казакстанда коронавируска кабылган 5160 учур катталды. 32 адам каза болду. 16-мартта киргизилген өзгөчө абал 11-майда алынды. Бийлик карантиндик чектөөлөр этап-этап менен жоюларын билдирүүдө.