Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:10 20.5.2020

Балдар онкологиясы бөлүмү карантинге алынды

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге алынды. Бул тууралуу 20-майда "Азаттык" радиосуна борбордун директору Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткен, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылган. Ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынды:

“Бөлүмдүн кызматкерлеринен, ошол жерде дарыланып жаткандардан, ата-энелерден анализ алынды. Жыйынтыгын эртең алабыз деп жатабыз. Бөлүмдү карантинге алдык, эч ким кирбейт, чыкпайт. Дарылоо иштери уланып жатат”.

Тилеков жаңы бейтаптар башка бөлүмгө кабыл алынып, чоңдор дарылануучу бөлүмдөрдүн иши кадимки тартипте уланып жатканын, бирок аларда да санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтты.

Ал эми балдар бөлүмүндөгүлөрдү обсервацияга алуу же албоо маселеси анализдин жыйынтыгына жараша болорун кошумчалады:

"Таза чыккандар обсервацияга алынат, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантат".

11:29 20.5.2020

№27 колонияда коронавируска чалдыккан кызматкерлердин саны жетиге жетти

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген дагы үч кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал буга чейин ушул эле колонияда төрт кызматкерден вирус табылганын, жаңы катталган жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында табылганын айтты:

“Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги байланышта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат”.

Буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус чыккан, аны менен контактта болгондордун саны 13 адам экени айтылган.

Укук коргоо уюмдары бийликке кайрылып, абактардагы абалга көңүл бурууга чакырган.

Жаза аткаруу кызматы кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде соттолгондордун арасынан «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов №27 колонияга 23-апрелде которулган.

10:15 20.5.2020

Коронавирус дагы 27 адамдан табылды, көбү Нарын облусунда

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 27 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Нарын облусунда - 19 адам. Бишкекте төртөө, Ош облусунда экөө, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден адам.

Бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

20-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: : 4 869 000 (+86 000, мурунку суткага караганда 14% аз).

  • Көз жумгандар: 319 000 (+3000, мурунку суткага караганда аз)
  • Айыккандар: 1 892 000 (+45 000, мурунку суткадагыдай көрсөткүч)

Ооруп жаткандар – 2 657 500. Алардын ичинен 2 614 000 бейтаптын абалы орточо оор, 43 872 (2%) – оор жана өтө оор абалда. Мындай бейтаптардын саны 1000ге азайды.

Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар

бир аз көбөйгөнү байкалат:

  • АКШ: 15 877 (мурунку суткадай)
  • Орусия: 8926 (төмөндөө)
  • Индия: 4642 (төмөндөө)
  • Бразилия: 4515
  • Британия: 2711 (төмөндөө)
  • Перу: 2660

...

  • Испания: 469 (төмөндөө)
  • Италия: 451 (төмөндөө)
  • ...
  • Казакстан: 218
  • Тажикстан: 207
  • Кыргызстан: 27
  • Өзбекстан: 30

Каза тапкандар:

  • АКШ: 704 (төмөндөө)
  • Бразилия: 252
  • Британия: 160
  • Перу: 141
  • Мексика: 132
  • Франция: 131
  • Индия: 131
  • Италия: 99
  • Орусия: 91

...

  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0
  • Өзбекстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.

09:39 20.5.2020

Казакстанда карантин узартылды

Казакстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чараларын жумшартуу жылдырылды. Тажикстан COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин сап башында.

Казакстанда карантин жумшартылбайт

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу карантинди жумшартуу чаралары дагы бир жумага жылдырылды. Бул тууралуу 19-майда Казакстандын саламаттык сактоо министринин орунбасары Людмила Бюрабекова билдирди.

Анын айтымында, өпкөнү сезгенте турган жаңы вирусту жугузуп алгандардын санынын көбөйүп жатышы жапырт алынган анализдерге байланыштуу.

Бюрабекова бир күн мурда 28 миң адамдан тест алынганын кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 19-майга карата Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6750дөн ашты. Бул оорудан 35 адам каза тапты. Министрликтин өкүлү коронавирустан айыгып чыккандардын кан плазмасын ооруп жаткандарга куюу боюнча чечим кабыл алынганын, учурда бул багытта иш жүрүп жатканын кошумчалады.

“Республикалык кан борбору плазмаларды дайындап койду. Зарыл болгон учурда колдонбуз. Бирок медицина мекемелери ушул күнгө чейин кан плазмасын талап кылыша элек”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары күздө COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталса, кайра карантин жарыяланышы мүмкүн экенин белгилей кетти.

Ал тапта Казакстандын ар кайсы аймактарында медициналык кызматкерлер пандемия маалында төлөнө турган үстөк акынын аздыгына нааразылык билдирип жатышат.

Бир күн мурда Кызылордо облустук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери бир айдын гана үстөк акысы берилип, анан токтоп калганын айтып чыгышты. Алардын бири Гулшат Атыраубаева мындай деди:

"Кесиптештерибиз менен президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу орундалбай жатканы үчүн чогулуп турабыз. Ага ылайык, бизге үч ай март, апрель, май айлыгыбызга үстөк акы толук төлөнүшү керек эле. Дарыгерлерге 425 миңден, ал эми башка медицина кызматкерлерине 210 миңден кошулмак" деп нааразылыгы менен бөлүштү.

Анткен менен Тез жардам станциясынын башчысы үстөк акы кызматкерлерге ай сайын эмес, жумушка чыккан сааттарына карап берилерин айтты.

19-майда Казакстандын Атырау облусундагы Тенгиз кениндеги заводдун 84 жумушчусунан коронавирус чыккан. Жалпысынан бул мекемеде ооруга чалдыккандардын саны 550гө чукулдап калды.

Тажикстанда коронавирус бир күндө 207 адамдан табылды

19-майдын кечине карата жарыяланган маалыматка ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 2 миңге чукулдады. Соңку бир күн ичинде COVID-19 вирусу 207 адамдын анализинен аныкталды.

Жалпысынан өлкөдө аталган илдеттен 41 киши көз жумду. Анткен менен көз карандысыз эксперттер жарыялаган тизмеге ылайык, соңку айларда коронавирус жана пневмониядан каза болгон адамдардын саны 270тен ашты. Тажикстандыктардын көбү азыр расмий статистикага ишенишпейт.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жакындарынын, досторунун жана тааныштарынын пневмония жана COVID-19 менен ооруганын байма-бай жазып жатышат.

Тажикстан коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин сап башында. Бул инфекцияга кабылгандар Казакстан менен Өзбекстанда көп болгону менен аларда өлгөндөрдүн саны жогору эмес.

12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Тажикстанда коронавирустун тегерегиндеги кырдаал курчуп баратканын билдиришкен.

Ашхабад: Түркмөнстанда коронавирус жок

Түркмөнстан чөлкөмдө коронавирус расмий каттала элек жалгыз мамлекет бойдон калууда. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун миссиясы өлкөгө келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген маалда, Түркмөнстанда бир катар чектөөлөр киргизиле баштады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Лебап аймагында тургундардын ээн-эркин басып-туруусуна чектөө киргизилди.

Расмий Ашхабад ушул күнгө чейин Түркмөнстанда коронавирус жок экенин билдирип келет. Буга чейин ДССУнун өкүлдөрү апрелден соңунда Ашхабадга келүү ниетин билдиришкен. Алар кырдаал менен жеринен таанышууну көздөшкөн. Бирок анда Түркмөнстан дүйнөлүк уюмдун кийлигишүүсүнө жол берген эмес. 8-майда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдун миссиясын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Орусиядан мекенине кайтууну каалаган өзбекстандыктар көбөйдү

Коңшу Өзбекстанда 19-майдын кечине карата коронавируска кабылгандардын саны 2855ке жетти. Алардын он үчү каза болду. Орусия менен Казакстандын чек арасына топтолуп калган миңден ашуун өзбекстандыкты расмий Ташкент Казакстан аркылуу автобустар менен мекенине алып кетти. Учурда Орусиянын ар кайсы аймактарынан 60 миңдей өзбекстандык мекенине кайтуу ниетин билдирип, өкмөттөн кошумча чартердик каттамдарды талап кылып жатышканы маалым болду. Ал арада Эл аралык валюта фонду Өзбекстанга 375 млн. доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берүүнү жактырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG