Нарындын вице-мэринен коронавирус табылды
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-майда Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз көчөгө чыкпоону суранды.
Нарын облусу боюнча коронавирус менен ооруган 194 киши бар. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер. Коронавирус илдети аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны – 1400, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Аймакта беш көчмө топ иштеп жатат.
Буга чейин бул илдетти Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев жугузуп алганы маалым болгон.
Орус премьери айыгып ишке чыкты, Казакстанда COVID-19ду жугузуп алгандар көбөйдү
Кремлдин сайты 19-майда кабарлагандай, президент Владимир Путин ага өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кайтарып берди.
54 жаштагы Мишустин өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыкканы 30-апрелде белгилүү болгон. Өкмөт башчы ооруканага жатып калгандыктан биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусов убактылуу анын милдетин аткаруучу болуп бекитилген. Бирок Мишустин ооруканадан бир нече жолу өкмөттүн жыйынын өткөргөн. Ал кандай макамда мындай жыйындарды уюштурганы так айтылган эмес.
Буга чейин орус аткаминерлеринин арасынан Мишустинден башка курулуш министри Владимир Якушев, маданият министри Ольга Любимова жана Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков COVID-19га кабылганы ырасталган. Мындан тышкары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын алты депутатынан коронавирус табылды.
19-майдагы маалыматка ылайык, соңку бир сутка ичинде Орусияда 9263 кишиден коронавирус аныкталды. Эпидемия башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 299 941 кишиге жетти. 2837 бейтап жашоо менен кош айтышты.
Ал эми коңшу Казакстанда соңку бир суткада коронавируска чалдыккан 311 адам аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда эртең менен кабарлады. Маалыматка ылайык, бир күн ичинде коронавирус табылган адамдардын 142си - Атырау облусунун тургундары. Мындан тышкары Алматы (24), Нур-Султан (36), Чымкент (31) шаарларында да ондогон адам вирус жугузуп алганы ырасталды.
Дүйшөмбү күнү да Казакстанда 283 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, вируска чалдыккандардын жалпы саны 4,6% көбөйгөнү белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги вируска кабылгандардын көбөйүшүн калкты жапырт тесттен өткөрүү аракети менен түшүндүргөн.
Казакстанда 13-марттан бери өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 6751 адамга жетти. 3469 бейтап айыгып чыкса, 35 киши кайтыш болду.
Өкмөт уруксат берилчү ишкана-жайлардын кезектеги тизмесин жарыялады
21-майдан тартып Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, 21-майдан тартып Мамкаттоо кызматынын, курулуш, тиричилик жана башка тармактардын калкты тейлөө, каттоо борборлору ачылат.
Мындан тышкары:
- Эмерек чогултуу жана оңдоо ишканалары,
- Соода борборлору (балдар ойноочу аянтчаларын, тез татым жайларын кошпогондо),
- Азык-түлүк эмес товар сатылуучу бардык жайлар,
- Автобазарлар,
- Мал базарлары,
- Жеке репетиторлук кызмат,
- Менчик жана коомдук мончолор (сауналарды кошпогондо),
- Мейманканалар (ичиндеги бассейн жана спортзалдар азырынча иштебейт),
Ал эми 25-майдан тартып:
- Кийим-кече сатуучу базарлар,
- Тез татым жайларын кошпогондо жайкы кафе жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл),
- Театр, музей, көргөзмө залдары жана галереялар, китепканалар жана маданий агартуу жайлары.
- Шаар ичинде каттаган автобус, троллейбус жана кичи автобустар.
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ошол эле маалда Кыргызстанда карантин шартында иштөөгө уруксат берилген мекеме-жайлардын арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандар кездешип жатканын 19-майда билдирди.
Анын айтымында, текшерилген жайлардын дээрлик жарымы эреже сактабай жатканы аныкталган.
"Санитардык кызматтын 18-майга карата маалыматына караганда, 5030 объект текшерилип, 2441ине санитардык эскертүү берилди. Алар талапты туура эмес же так аткарбай койгондор. 455 протокол түзүлүп, 439 материал тиешелүү тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилди".
Коронавирус коркунучунан улам өлкө азыр өзгөчө кырдаал шартында жашап жатат. Дээрлик бардык мекеме-ишканалар жабылып, май айынан тартып аларга этап-этабы менен кайрадан уруксат берилүүдө.
18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталып, алгач өзгөчө кырдаал, кийин өзгөчө абал режими киргизилгендиктен дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.
Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал тартиби иштеп жатат.
Боронов: Коронавирус айдоочулардан көп чыга баштады
Кыргызстанда сырттан жүк ташып келип иштеген айдоочулар арасында коронавирус көп каттала баштады. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ошондуктан, бул багытта иш күчөтүлмөй болуп, ар бир сырттан кирген айдоочудан сөзсүз ПЧР анализ алынмай болду.
Бороновдун билдиришинче, бүгүнкү күндө сырттан жүк ташып келген 32 айдоочудан коронавирус табылган.
"Статистиканы карасак, 32 айдоочунун көбү соңку күндөрү эле аныкталды. Чек арадан өтүп келген жүк ташуучу ар бир айдоочудан сөзсүз ПЧР анализ алып, алты саатка чейин чек арада кармоо иштери жүрүп жатат. Бул аргасыз чара болууда".
Ал эми шаар ичинде айдоочуларга иштөөгө 25-майда уруксат бериле турган болду.
Кубатбек Боронов белгилегендей, автобус, троллейбус жана кичи автобустар ишке кирише баштаса болот. Бирок уруксат шаар ичинде каттагандарга гана берилет:
"Атап айтканда бул - автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар. Буларга да атайын талаптар коюлат. Отура турган канча орундук болсо, алардын ичинде аралыкты сактоо, кирүүдө жана отурууда сөзсүз беткап тагынуу эрежеси сакталышы керек. Жоопкерчилик ошол коомдук транспорттун ээсинде же ишкана жетекчисинде болот".
Коронавирус коркунучуна байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда алгач кичи автобустарга, кийин автобус, троллейбустарга жүргүнчү ташууга убактылуу тыюу салынган.
Расмий маалыматка караганда, 19-марттан бери бир ай ичинде Кыргызстанга сырттан 17 миң 432 жүк ташуучу автоунаа кирген.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти.