Үсөнбаев: «Семетей» обсерватору кийинки кабыл алууга даярдалууда, талап баарына бирдей болот
Бишкектин четиндеги “Семетей” обсерватору чет жактан келе турган кыргыз жарандарынын кезектеги тобун кабыл алууга даярдалып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги алар коронавирусту жайылтпоо максатында дароо медициналык байкоого алынат жана ар бири республикалык деңгээлде кабыл алынган эрежелерге баш ийиши керек болот.
Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майда онлайн брифингде талаптардын баары бирдей экени эскертти:
“Кийинки келген жарандарыбыз боюнча да бекитилген алгоритм менен иш жүргүзүлөт. Жанагыдай “чыр-чатак, ызы-чуу баштап койсок боло берет” деген туура эмес. Талаптардын баары бирдей болот. Азыр ошол обсерватор бошотулуп, дезинфекция иштери жасалууда”.
Анын айтымында, буга чейин “Семетейде” Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 7-майда ташылып келген 541 эмгек мигранты кармалып турган. Жалпысынан Орусиянын Соль-Илецк шаарынан Казакстан аркылуу Бишкекке автобус менен 541 кыргызстандык жеткирилген. Алардын 101инен коронавирус табылып, обсервациядан ооруканага которулган. Соңку бир сутка ичинде бул обсерватордо жаткандардын дагы үчөөнөн коронавирус табылды.
Калгандарынын арасынан кошумча байкоого муктаж 19 адамдан тышкары баарын үй карантинине чыгаруу чечими кабыл алынып, 18-майда атайын уюштурулган автоунаа менен Бишкекте жана Чүйдө жашагандар үйүнө жеткирилди. Бүгүн башка аймактагыларды жеткирүү иши уланууда.
17-майда “Семетейде” кармалып жаткандар чуу чыгарган видео Интернетте тараган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуя учурунда ошол жердеги “Тез жардам” унаасынын айдоочусунун кийими айрылганын билдирген.
Нааразылыкка чыккандар алар негизсиз кармалып жатканын айтып, кое берүүнү талап кылышкан.
Үсөнбаев 18-майда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, 19 адамдан башкасы ансыз деле чыгарылганы турганын, чуунун чыгышына ортодо “туура эмес маалымат тарап кеткени” себеп болгонун айтты.
Бир суткада коронавирус 27 адамдан табылды, 71 бейтап айыгып чыкты
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 27 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 19-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын 11и Нарын облусунда, алтоо Ош облусунда, дагы алтоо Бишкек шаарында.
Үчөө Орусиянын Соль-Илецк, бирөө Санкт-Петербург шаарынын кайтып келгендер.
- Жалал-Абад облусунда – 154,
- Ош облусунда – 195,
- Ош шаарында - 124,
- Чүй облусунда – 104,
- Бишкек шаарында – 316,
- Баткен облусунда – 25,
- Нарын облусунда – 194,
- Ысык-Көл облусунда – 13 киши.
Алардын 257и медкызматкерлер.
Бир сутка ичинде 71 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап сакайып кетти.
Обсервацияда жаткандардын саны 2153 адам. 331 адам ооруканада.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
19-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: : 4 869 000 (+86 000, мурунку суткага караганда 14% аз).
- Көз жумгандар: 319 000 (+3000, мурунку суткага караганда аз)
- Айыккандар: 1 892 000 (+45 000, мурунку суткадагыдай көрсөткүч)
Ооруп жаткандар – 2 657 500. Алардын ичинен 2 614 000 бейтаптын абалы орточо оор, 43 872 (2%) – оор жана өтө оор абалда. Мындай бейтаптардын саны 1000ге азайды.
Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар
бир аз көбөйгөнү байкалат:
- АКШ: 15 877 (мурунку суткадай)
- Орусия: 8926 (төмөндөө)
- Индия: 4642 (төмөндөө)
- Бразилия: 4515
- Британия: 2711 (төмөндөө)
- Перу: 2660
...
- Испания: 469 (төмөндөө)
- Италия: 451 (төмөндөө)
- ...
- Казакстан: 311
- Тажикстан: 202
- Кыргызстан: 78
- Өзбекстан: 0
Каза тапкандар:
- АКШ: 704 (төмөндөө)
- Бразилия: 252
- Британия: 160
- Перу: 141
- Мексика: 132
- Франция: 131
- Индия: 131
- Италия: 99
- Орусия: 91
...
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Кыргызстан: 0
- Өзбекстан: 1
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден көрсөңүз болот.
- автор Гүлжан Турдубаева
Обсервациядагы мигранттар чыр чыгарды
Он күн мурда Орусиядан кайтып келип, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияга жайгаштырылган мигранттар чыр чыгарды. Алар обсервациянын талаптарына баш ийбей, үйгө чыгарууну талап кылышкан.
Ички иштер министрлиги обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертти.
Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдети дагы 78 адамдан табылды, алардын көбү Орусиядан келген эмгек мигранттары.
Атын атагысы келбеген адам «Азаттыкка» байланышка чыгып, нааразылыктын себебин мындайча түшүндүрдү:
«Биз акыйкаттыкты гана сурандык. Себеби обсервациядан коронавируска шектүүлөрдү алып кетишкен адамдарды үйлөрүнө жөнөтүшүптүр. Биз эки жолу тест тапшырдык, эки жолу тең таза чыкты. Анализдери таза чыккандар бул жакта калганбыз. Бизди коё бербей, коронавирус деп алып кеткендерди үйлөрүнө чыгарып жатышат. Эмне себептен аларды чыгарганын сурасак так жооп беришкен жок. Биз ошого ультиматум койдук. «Эмнеге инфекция чыккандарды бошотуп жатасыңар?» десек: «Эртең түштүк тараптагыларды транспорт келип алып кетет, калгандарды бүгүн чыгарабыз», - деп сөз беришти. Негизи биз 21-майга чейин жатышыбыз керек болчу. Эми үйгө барып 14 күн үй карантининде жатабыз».
Буга чейин Интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандар көчөгө топтошуп чыгып, укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбей жатканы тартылган видеотасма тараган.
Обсервацияда жаткандар нааразылык билдирүүдө
Ушундан кийин алар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Үсөнбаевдин айтымында, обсервациядагылардын көбүнүн чыга турган күнү жакындап калган, эми ал жерде 19 адам калат:
«Бүгүн чыга турган күнү болчу. Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. «Барганда да карантинде отурасыңар» деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу».
Буга чейин Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын билдирген.
Ал арада премьер-министр чет жактан, биринчи кезекте Орусиядан кайтып келгендерге кайрылып, обсервацияда жаткандардын анализи кайталап текшергенден кийин таза чыкса гана үйүнө чыгарыла турганын айтты.
Өкмөт башчы алар үчүн обсервация жайлары ичи-сырты оңдолуп даярдалганын, ичинде бардык шарттар түзүлгөнүн, аларга кам көрүп, ошол жерде ден соолугун тобокелге салып, үй-бүлөсүн көрүүгө зар болуп медицина кызматкерлери, милиционерлер жана куткаруучулар күнү-түнү иштеп жатканын эскертти.
Ал эми Ички иштер министрлиги обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эске салды.
«Бул факт боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жатат. Эгер обсервацияда жатып, милициянын жана дарыгерлердин талаптарына баш ийбегендер болсо, Кыргызстандын мыйзамдарына жараша жоопко тартылат», – деди ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.
Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, орус-казак чек арасында жүздөгөн кыргызстандыктар бир айдан ашуун кармалып отурган. Кыргыз өкмөтү казак тарап менен сүйлөшүп, 7-майда тогуз автобус менен 541 адамды мекенине жеткирген. Коомчулукта обсервациянын талаптарына баш ийбей жаткандарды сындагандар көп.
Жеке ишкер, активист Акбалык Жумалиева мамлекет мигранттарга жардам берүүнүн альтернативдүү жолдорун караштырышы керек болчу деп эсептейт.
«Мигранттарды да бир тараптуу эле жаман көрө бербешибиз керек. Алардын арасында өтө кыйналгандары бар. Бирок аларга да мамлекет жардам берүүнүн башка жолун ойлоп тапса болмок. Себеби канча адам келсе, аларды обсервацияга жаткырыш үчүн канча каражат кетет? Эгер ооруп калса ооруканага жаткырганга да акча кетет. Аларды алып келбей эле, ошол жеринде жардам берип, дагы кошумча каражат таап, жардам берүүнүн башка жолдорун да караса болмок. Азыр келгендердин арасында өтө кыйналгандар жана баары эле ооругандар деп айта албайбыз. Арасында соо адамдар деле бар. Ошол адамдар жоопкерчиликти сезип ал жакта эле туруп турушса, өлкөгө кошкон салымы ошол болмок. Эми келген соң алар обсервациянын талаптарын аткарышы керек. Эгер баш ийбесе мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек деп эсептейм. Анткени азыр алар бүтүндөй өлкөнүн саламаттыгын коркунучка коюп жатат».
Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан 10 миңдей адамды алып келсе, 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар.
17-майда да «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Кыргызстанга кетиш үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар. Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн 58 өлкөсүндө дагы сегиз миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн өкмөттөн жардам күтүүдө. Алардын көпчүлүгү Орусияда.
Ушул тапта Оренбург - Самара жолунун боюнда, орус-казак чек арасына жакыныраак жерде Кыргызстандын 500дөн ашуун жараны чатырларда, машинелерде же ачык асман алдында эле түнөп жатат. Алар Орусиянын аймагынан чыгып, мекенине жетүүнү күткөндөр. Коронавирус илдетине байланыштуу башка өлкөлөрдөй эле Казакстан да чек арасын жапкан.
18-майда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, 20-майда жогорудагы мигранттарды алып келиш үчүн Оренбургдан Бишкекке учак келери пландалып жатат. Каттамды уюштурууда биринчи кезекте артыкчылык кош бойлуу келиндерге, улгайгандарга, жаш балалууларга жана Орусияга дарыланыш үчүн баргандарга берилет.
Коронавирус пандемиясы мигранттардын жоопкерчилик маселесин күн тартибине чыгарды. Кыргыз өкмөтү мигранттарды жашап жаткан өлкөдөн чыкпай турууга көп жолу үндөп келген. Бирок бул чакырыкка кулак салбай, мигранттардын Кыргызстанга кайтып жатканын чет жерде жашап жаткандар да сындашууда.
Сегиз жылдан бери Москва шаарында иштеп жүргөн Курманбек Карабалаев мигранттар акча жасоону көздөгөн шылуундарга алданганын айтып, жоопкерчиликти сезбей жатканына кейиди:
«Бул жалаң эле кыргыздын башына түшкөн түйшүк же сыноо эмес. Бүт дүйнө кыйналып жатпайбы. Азыр ушундай кырдаалда сабырдуу болуш керек. «Чек ара жабык» десе да болбой ал жерге барып алып, «ач калдык» деп видео тартып жатат. Түшүндүрүп айтып жатса деле болбой чек араны карай агылып жатат. Кээ бир адамдар өз чөнтөгүн ойлоп эле «чек ара ачык» деп, алдап алып кетип жатат. Аларды ээрчип кеткендер ара жолдо калууда. Кыргызстан эч кимди таштап койгон жок, акырындан алып кетүүдө. Канча адам кете албай, энелер балдары менен ыйлап отурушат. Эми ушунча аракет кылып алып кеткенден кийин барып алып, мыйзамды сыйлабай жатышканы уят го? Мыйзам баары үчүн бирдей. Алар өзүн эле ойлобостон жакындарын, жалпы элди ойлошу керек. Карантинде мен ушуну байкадым - биз сабыры жок, сабатсыз эл экенбиз. Бул өтө кейиштүү».
Жалпысынан 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1216 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 827 бейтап айыгып чыкты.