Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:27 5.6.2020

Казак бийлиги пандемия убагында жарандарды митингге чыкпоого үндөдү

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов карантин убагында массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылышына шарт түзөрүн билдирди.

Буга чейин эки оппозициялык топ жарандарды 6-июнда Казакстандын бир нече шаарында митингдерге чыгууга чакырган. Алардын бири - бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы», экинчиси журналист жана активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ.

Ал ортодо болжолдуу митингдердин алдында Казакстандын шаарларында активисттер кармалып жатканы кабарланууда. Алардын буга чейинки митингдерге катышкандары административдик камакка алынып, «тынч жыйындарды өткөрүү эрежелери тууралуу мыйзамды бузуу» үчүн айып төлөөгө милдеттендирилүүдө.

Өткөн айда эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлиги карантинден пайдаланып активисттердин укуктарын чектеп, аларга басымды күчөтүп жатканына тынчсызданарын билдиришкен.

Ал эми Орусияда соңку бир күн ичинде дагы 8700дөн ашык адамдан коронавирус табылды, ошентип ооругандардын жалпы саны 450 миң адамга чукулдады.

Илдеттен акыркы бир күндө Орусияда 144 бейтап көз жумду жана бул оору алгач катталгандан бери жалпысынан 5500дөн ашык жаран ажал тапты.

Орусия оору жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

Сап башындагы АКШда COVID-19 1,8 миллиондон ашык адамдан табылып, илдеттен 108 миңден көп бейтап көз жумду.

Экинчи орундагы Бразилияда короноавирусту 615 миңге жакын киши жугузуп алды, 34 миңден көп киши мерт болду.

Дүйнө жүзүндө ооругандар 6,5 миллион адамдан ашып, оору 386 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

15:26 5.6.2020

COVID-19: Бир суткада каза болгондор тууралуу маалымат берилди

Кыргызстанда 5-июнга карата бир суткада коронавирустан кийин каза болгон эки бейтаптын өлүмүнө алардын эски оорулары күчөгөнү себеп болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кайтыш болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда коронавируска чалдыккандар үчүн атайын ачылган бөлүмдө дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап болчу.

«COVID-19 деген диагноз коюлган. Кант диабети, өтө жогорку коркунучтагы гипертония оорусу, жүрөк оорусу да бар экен. Анын кызы «Автомаш-Радиатор» заводунда коронавирус жуккан адам менен контакт болгондуктан дарыланып жаткан. Кызы менен контакт болгондуктан ага да жугуп, эски оорулары козголуп, COVID-19ду көтөрө албай, оор абалга келип, ооруканадан каза болуп калды. 30-майда анализинен коронавирус табылгандыктан ооруканага жаткырылган», - деди ал.

Экинчи бейтап - 33 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду.

Үсөнбаевдин айтымында, «ал ооруканада ак кан илдетинен дарыланып жаткан. Коронавируска чалдыккандар менен контакт болгонуна байланыштуу анализ алынып, анда да бул оору бар экени аныкталган. Интенсивдүү дарыланууга алынган, реанимацияда жаткан. Бирок көрүлгөн аракеттерге карабастан каза болуп калды».

Жалпысынан 18-марттан 5-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 адам сакайып кетти.

10:15 5.6.2020

5-июнда өлкө аймагында дагы 37 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 1936га жетти. Эки адам каза болду.

Каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап.

Экинчи бейтап - 34 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду.

Бир суткада коронавирус менен 37 адам жаңы катталды.

Алардын арасынан эң көбү Бишкекте - 14 адам. Чүй облусунда жети, Нарын облусунда алты, Ош облусунда беш, Ысык-Көл облусунда үч, Баткен облусунда жана Ош шаарында бирден адам. Кечээтен бери 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

  • Жалал-Абад облусунда – 163,
  • Ош облусунда – 231,
  • Ош шаарында - 212,
  • Чүй облусунда – 276,
  • Бишкек шаарында – 613,
  • Баткен облусунда – 31,
  • Нарын облусунда – 387,
  • Ысык-Көл облусунда – 18 киши.
  • Алардын 378и медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны 2132 адам. 1953 адам айыкты. 574 адам ооруканада, 12 адам оор абалда. 3 адам реанимацияда жатат. 22 адам каза болду.

10:05 5.6.2020

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилет.

Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мындан тышкары ар бир бала бакчанын жетекчилиги кызматкерлердин тизмесин акимиаттарга жиберүүгө тийиш. Ага ылайык, мобилдик топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш орундарынан анализ алышат.

Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды беткап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизотикага каршы комиссиясы төмөнкү долбоорлорду даярдады:

-Бала бакчалардын убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти;

-Балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;

-Бакчага барганда баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмеси;

Булар мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Бишкек шаарындагы бардык бала бакчалар тарабынан аткарылууга тийиш.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG