Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:49 30.7.2020

Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооруп жаткандар көп болуп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 30-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

17:46 30.7.2020

30-июлга карата «Азаттыктын» «Пандемия: Кимди жоготтук?» эскерүү тизмесине маалыматы кирген маркумдардын саны 400 кишиге жетти. Алардын улуусу 91, кичүүсү 1,5 жашта болчу. Тизмедеги кайтыш болгон жарандардын 100гө жакыны 50 жашка чейинки, 300ү 50 жаштан ашкан курактагылар. Алардын ичинде медицина кызматкерлеринин саны 60ка жетти.

Пандемиянын кесепетинен мезгилсиз дүйнөдөн кайткандардын арасында дарыгерлерден тышкары илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналисттер, студенттер, акындар, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, ардагерлер, үй кожойкелери бар.

«Азаттык» пандемия курмандыктарынын 170 кишиден турган алгачкы эскерүү тизмесин 20-июлда жарыялаган.

Андан бери «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме күн сайын жаңыланууда. Ал орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарында жайгашып турат.

14:29 30.7.2020

Коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу жана респиратордук оорулардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, гриппке каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алуу боюнча келишим түздү.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелдик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдөө үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максат кылынып жатат.

Оторбаеванын маалыматына караганда, аба ырайынын суукташы менен респиратордук вирустук оорулар көбөйүшү мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.

14:26 30.7.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июлда коронавирустан каза болгон айрым коомдук жана саясий ишмерлердин үйлөрүнө барып, куран окутту.

“Азаттыкка” маалым болгондой, мамлекет башчысы эртең менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасына катышкандан кийин маркумдардын үйүнө барып, жакындарына көңүл айтты.

Айрымдарынын уул-кыздарына өз-өзүнчө жолугуп, көңүл айтканы маалымдалды. Алардын катарында "Азаттык" радиосунун журналисти, коомдук ишмер маркум Бүбүкан Досалиеванын кызы да бар.

Бүгүн Кыргызстанда жалпы улуттук Аза күтүү күнү жарыяланып, коронавирустун курмандыктары эскерилип жатат.

Эртең менен өлкө жетекчилиги “Ата-Бейитке” барып куран окутту. Кыргызстандын мамлекеттик туусу төмөндөтүлүп, оюн-зоок жана көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG