Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:22 2.2.2021

Пакистандын аскердик учагы коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алып келүү үчүн Кытайга учуп кетти.

Маалыматка караганда, учак Пакистанга "SinoPharm" вакцинасынын 500 миң дозасын жеткирет деп күтүлүүдө. Буга чейин Бээжин Исламабадга да ушул эле көлөмдө вакцина берүүнү убада кылган.

Пакистанда кытай вакцинасы менен биринчи кезекте медицина кызматкерлери эмделет. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 400 миң медик эмдөөгө жазылган.

30-январда Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө "COVAX" эл аралык программасынын алкагында британ-швед фармацевтикалык компаниясынын өндүрүшүндөгү "AstraZeneca" вакцинасынан да 17 миллион доза аларын билдирген.

16:04 2.2.2021

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина март айынын башында келет. Бул тууралуу 2-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

«Биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келерин тактап алдык. AstraZeneca деген вакцина марттын башында 504 миң доза келе турган болду".

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну октябрь-декабрь айларында болду. Азыр кыргыз өкмөтү бул вирустун жаңы штаммына каршы туруу аракетин көрүп жатат.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн Pfizer/BioNTech вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. 2-февралга карата бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

AstraZeneca plc — Британияда жайгашкан фармацевтикалык биргелешкен компания.

13:29 3.2.2021

Коронавирустан Улуу Британиянын Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан согуш ардагери, капитан Том Мур да дүйнө салды. Анын үй-бүлөсүнүн 2-февралдагы маалыматына караганда, Мур карыя бир нече аптадан бери өпкө кагыны менен жабыркап жаткан жана өткөн аптада ага COVID-19 илдети жукканы тастыкталган.

Ал былтыр 30-апрелде 100 жашка чыккан болчу.

Мур карыя коронавируска каршы жанын аябастан күрөшүп жаткан дарыгерлерге кайрымдуулук колдоо көрсөтүү өнөктүгүн баштап, дээрлик 41 миллион АКШ долларына тете каражатты топтоп берген.

Былтыр июль айында каныша Элизабет Экинчи капитан Мурга “рыцарь” наамын ыйгарган.

Канышанын басма сөз өкүлү маркум Мур мырза бүткүл британ улутун жана дүйнө жүзүн шыктандырганын эскерип, каныша Элизабет Экинчи даңазалуу согуш ардагеринин жакындарына жекече көңүл айтып жатканын маалымдады.

Премьер-министр Борис Жонсон маркум Мур жалаң гана улуттук шыктандыруунун символу болуп чектелбестен, бүткүл дүйнөгө үмүт шамы болуп бергендигин өзүнүн билдирүүсүндө баса белгиледи.

16:35 3.2.2021

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабында дарыгерлер жана мугалимдер камтылат. Бул тууралуу 3-февралда парламентте маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

“Биринчи этапта медиктер жана мугалимдер, андан кийин экинчи этапта кооптуу катмардагыларды вакцина алышат”.

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстан AstraZeneca деген вакцинаны тандап алды. Март айынын башында 504 миң доза келери пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы бекер эмдөө үч этап менен жүрөт. Дарыгерлер, мугалимдер жана тейлөө тармагында иштеген кызматкерлер алгандан кийин 60 жаштан улуу курактагылар, өнөкөт оорусу барлар жана социалдык жактан аз камсыз болгондор эмделип, үчүнчү этапта калган каалоочулар вакцинация болот.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. Бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

AstraZeneca plc - Британияда жайгашкан фармацевтикалык биргелешкен компания.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG