Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:58 22.7.2021

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы басаңдай элек. Бир апта ичинде вирус 80ден ашык кишинин өмүрүн алды. Өлкөдө вируска каршы эмдөө мажбурлоо жолу менен жүргүзүлүп жатат деген нааразылык чыкты.

16:01 22.7.2021

Кыргызстанда жарандар 22-июлдан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен да эмделе баштайт. Европа өндүрүшүндөгү препараттын 40 миң дозасын Азербайжан гуманитардык жардам катары берген. Июлдун соңунда эл аралык COVAX программасынын алкагында дагы 220 миң доза келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары менен эмделип жаткан.

Учурда Кыргызстанда жалпы вакцинанын 1 миллион 128 миңден көбүрөөк запасы бар. 29-марттан 21-июлга чейин 391 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 100 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең алышты.

16:03 22.7.2021

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 394 932ге жетти. Алардын 101 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 125 миңден көбүрөөк запасы бар. Бул 22-июль, таңкы саат сегизге карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

16:04 22.7.2021

Тажикстандын маалымат каражаттары президент Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан көз жумганын жазып чыгышты. Ал эми мамлекеттик агенттиктер 64 жаштагы Курбонби Рахмонованын өлүмүнө эмне себеп болгонун кабарлашкан жок. Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да абал жакшы эмес.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG