Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

"Башы ооруп, кусуп жатат". Июлда СOVID-19 кайтып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда июль айы жаңыргандан бери 395 киши коронавирус жугузуп алды. Адистер абал кооптуу эмес экенин, өлкө жашыл зонада турганын айтып жатышат. Ооруканага вирус жуктуруп кайрылгандардын 90% ашыгы эмделбегендер болуп чыгууда. Ушул тушта вируска каршы эмделгендердин саны 1 млн. 340 миңден ашты.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Наргизанын иниси эки күндөн бери дене табы көтөрүлүп, кусуп, башы, тамагы ооруп жатат. Өспүрүмдүн жакындары алгач аны тамакка ууланып калдыбы деп ойлошкон. Бирок оорунун белгилери улам күчөгөн сайын коронавирус болушу мүмкүн деп чочулап отурушат.

"Дене табы көтөрүлүп баштаганда биз ууланып калды го деп ойлогонбуз. Эки күн бою түшпөй койду. Парацетамол, антигриппин, терафлю берсек да болгон жок. Анан ийне да сайдырып көрдүк, ага да болгон жок, 38 бойдон эле тура берди. Алы кете баштаганда кичине тамак берген элек. Эмне жесе баарын, дарыларды кошо кусуп салды. Кечинде температура кайрадан 39 градуска чыгып кеткенинен ооруканага барсак, тамчылатма ийне сайышып, суюк парацетамол беришти, кичине жакшы болуп калды. Түнкүсүн дене табы көтөрүлгөнүнө карабай аз-маз уктады. Башы катуу ооруп, тамагы да кыйнап жатат. Коронавирус жуктуруп алдыбы деп эле шекшип жатабыз".

Наргиза инисин ооруканага алып барганы менен андан коронавирус диагнозу аныкталган эмес. Догдурлар ага үйдөн дарыланууну сунушташкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-июлдагы маалыматына караганда, өлкө аймагында коронавирус жуктурган 88 адам катталган. Алардын 72синде оорунун белгилери болгондуктан дарыгерге кайрылса, экөө чет өлкөгө кетип бара жатып, ПЧР тест тапшырганда оору билинген.

Түштүк Корея, Литва жана Венгриядан келе жаткан сегиз адамдан вирус чыккан. Июль айы жаңыргандан бери ооруну 395 адам жуктурду.

"Реанимацияда вирус менен алышкандар жок"

Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасында азыркы тапта 45 адам дарыланууда. Алардын абалы туруктуу, реанимацияга түшүп калгандары жок. Клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, ооругандардын басымдуу бөлүгү эмделбегендер:

"Бизге күнүгө беш-алты киши кайрылып жатат, маселен 20-июлда сегиз киши кайрылды. Мурдагыдай күнүгө жүздөй киши келип, анын 50сүн ооруканага жаткырбай калдык. Ооругандардын көбү дене табы көтөрүлүп, башы, тамагы ооруп, кусуп, же ичи өтүп келүүдө. Алардын оорусун жайкы курч ичеги-карын инфекциясы же коронавирус экенин дарыгерлер тез эле аныктап жатышат. Атайын клиникалык протоколдун негизинде дарылайбыз. Мурда бизде кызыл зона үчүн эки бөлүмдү даярдап койгонбуз, азыр "кызыл зонасы" жок эле иштеп жатабыз. Ооругандардын дээрлик баарынын абалы туруктуу, эч кимиси кычкылтек концентраторуна туташтырылган жок, өз алдынча дем алып жатышат. Баарынын сатурациясы жакшы. Реанимацияга түшүп калгандар каттала элек. Ооругандардын 90% ашыгы эмделбегендер болуп чыгууда".


Балдар арасында вирус аз, жол кырсыгына кабылгандар көп

Дарыгерлердин айтымында, азыркы тапта балдар арасында ичеги-карындын курч инфекциясы, дем алуу органдарынын жугуштуу вирустук оорулары катталууда. Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасында жайкысын күчөгөн сокур ичеги, жол кырсыктарынан травма алгандарга операциялар көп жасалып жатат.

Бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков балдар арасындагы COVID-19 вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди:

"Дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп, арасында ичи өтүп келген балдар да бар. Азыр эми күн ысык, муздак ичип, ооруп калган балдар болууда. Бизде азыр шашылыш жасалган операциялык көп. Сокур ичеги жана жол кырсыгына кабылган балдарды шашылыш операцияга алып жатабыз. Быйыл жол кырсыгынан жараат алган наристелер арбын".

Вирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб 2022-жылдын жаз айларынан тарта оору жугузуп алгандардын бир күндүк статистикасын чыгарууну токтотуп, бир жумалык эсебин гана жарыялап калган. Июль айында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө COVID-19 көбөйгөнүнө байланыштуу эми кайрадан бир күндүк оорунун эсеби алына баштады.

Июлдун башынан бери Орусияда коронавирус жуктурган 4 698 киши катталган, Казакстан менен Өзбекстан вирустан коргонуу чараларын күчөткөн. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык боюнча бөлүмүнүн башчысы Анара Мамбетисаева чек аралардан өтүүдө көзөмөл күчөгөнүн айтты:

"Учурда Кыргызстан "жашыл зонада". Өлкөдөгү эң ири үч аэропортто коронавируска карата текшерүү күчөп, ПЧР анализ алчу лабораториялар иштеп жатат. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Орусия биздин жарандардан учакка түшөрдө ПЧР тесттин жыйынтыгын талап кылып жатат. Кетип жаткан жарандар аба майданынан анализ тапшырганда вирус чыгып калууда. Бирок, алар вирустун оор формасы менен эмес, эч кандай белгиси билинбеген түрүн жугузуп алганы аныкталып жатат. ПЧР тесттердин баасын да сүйлөшүп жатып арзандаттык. Азыр Бишкекте анын наркы 400 сомдун тегерегинде".

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 2021-жылы март айында башталган. Азыркы тапта бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордо Sinopharm вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Август айында Pfizer вакцинасынын жаңы партиясы келери күтүлүүдө.

Жалпы 1 миллион 340 миңден ашуун киши эки доза менен эмделди.

2020-жылы март айында Кыргызстанда алгач коронавирус катталгандан бери 201 704 кишиге оору жугуп, 3 миңдей адам көз жумду.

"Омикрон" штаммынан мутацияланган "Кентавр"

Дүйнөдө коронавирустун "Омикрон" штаммынын жаңы түрү "Кентавр" жайылууда. Вирустун SARS-CoV2 мутациясы окумуштуулар тарабынан BA.2.75 катары белгиленип, илимий коомчулукта "Кентавр" деп аталган. Алгач ирет вирустун бул түрү Индияда аныкталып, кийин Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канада жана Орусияга жайылган.

"Кентавр" штаммы тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму расмий билдирүү тарката элек, бирок Индияда жайылган, "Омикрон" штаммынан айырмаланган коронавирустун жаңы түрү опурталдуу экенин белгиледи.

"Кентавр" штаммынын белгилелери "омикрондон" бир аз айырмаланат. Дене табы көтөрүлүп, адам шалдырайт. Булчуң, баш, ашказан ооруйт, бирок жыт сезүү бузулбайт. Ооз жана мурун көңдөйү ооруп, тамак сезгенет, бирок пневмонияга чалдыгуу коркунучу азыраак. Азырынча бул штаммды канча киши жуктурганы билине элек. Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматында, 20-июлда дүйнөдө 1 млн. 581 миң 780 киши вирусту жуктурганы белгилүү болду. 1-июлда 936 миңден ашуун адамдан вирус аныкталган эле. Акыркы бир нече күндө аны жуктургандар тездик менен көбөйүп жатат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG