Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

COVID-19: вакцинанын үчүнчү дозасына уруксат берилди


АКШнын Коннектикут штатындагы медициналык кызматкер, 8-март 2021-жыл.
АКШнын Коннектикут штатындагы медициналык кызматкер, 8-март 2021-жыл.

АКШ иммунитети начар адамдарга COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасын алууга уруксат берди. Израилде да жашы 60тан жогору жарандар вакцинанын үчүнчү дозасын сайдыра баштады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын эскертүүдө.

АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) вакцинанын кошумча дозасына байланыштуу чечимин 12-августта кабыл алды. Ага ылайык, иммундук системасы алсыз адамдарга, анын ичинде органын алмаштырган, рак сыяктуу олуттуу илдеттерге чалдыккан миллиондогон америкалыктарга COVID-19га каршы вакцинанын кошумча дозасы сайыла баштайт.

Кошмо Штаттарда тобокел тобуна кирген мындай жарандардын саны жалпы калктын 3 пайызына чукулдайт. Вакцинанын кошумча дозасы дал ушул топтогу адамдарга гана багытталган. Калган жарандарга вакцинанын үчүнчү дозасын алууга уруксат бериле элек.

АКШ президентинин медицина тармагындагы башкы кеңешчиси, Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучи кимдер кошумча эмдөөдөн өтөөрүн "ABC" телеканалындагы маегинде түшүндүрүп берди.

"Бул биринчи кезекте организми коронавируска каршы жетиштүү иммунитет жарата албаган адамдар үчүн. Анын себеби түшүнүктүү. Анткени алардын иммундук системасы алсыз. Андай адамдардын иммундук системасы дени сак жарандардыкындай реакция бере албайт. Мунун максаты алардын иммунитетин жетиштүү деңгээлге чейин көтөрүү", - деди доктор Фаучи.

Johnson & Johnson компаниясынын 1 дозалуу вакцинасын эске албаганда АКШда колдонулган жана дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө иштелип чыккан вакциналардын көбү эки дозадан турат. Андыктан Америкада иммундук системасы алсыз америкалыктар эки дозалуу вакцинаны сайдырган болсо, эми үчүнчү дозаны алышы керек болот.

Тель-Авивдеги эмдөө борбору, 23-январь 2021-жыл.
Тель-Авивдеги эмдөө борбору, 23-январь 2021-жыл.

Учурда Кошмо Штаттардан башка бир топ өлкөлөр да калктын бир бөлүгүн кошумча эмдөөдөн өткөрүү маселесин караштырып жатат. Калкынын жарымынан көбү коронавируска каршы толук эмделген Израилде 30-июлдан тарта жашы 60тан өткөн жарандарга вакцинанын үчүнчү дозасы бериле баштады.

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет мындай чечим изилдөөлөрдүн натыйжасында, коронавирустун "Дельта" вариантынын коркунучун эске алуу менен кабыл алынганын, Израилдин тажрыйбасы башка өлкөлөргө пайдалуу болоорун айтты.

"Биз муну өзүбүз үчүн эле кылган жокпуз. Биз биринчи болдук. Бирок чакан өлкөнүн вакцина колдонгону дүйнөлүк запаска чоң таасирин тийгизбейт. Ошол эле учурда биз маалымат чогултуп, аны бүтүндөй дүйнө менен дароо бөлүшөбүз", - деп билдирген премьер-министр Беннет.

Өткөн аптада Франция улгайган адамдарды жана аярлуу катмардагы жарандарды кошумча эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатканын билдирген. Чилиде Кытайдын Coronavac вакцинасынын эки дозасы менен эмделген улгайган адамдар кошумча AstraZeneca вакцинасынын бир дозасын ала баштаган.

Деген менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өтө зарыл учурларды эске албаганда кошумча эмдөөгө шашылбай турууга чакырып жатат. Өткөн аптада уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын, кошумча эмдөө жараяны теңсиздикти күчөтөөрүн эскерткен.

"Биз бай өлкөлөргө кетип жаткан вакцинаны кирешеси аз мамлекеттерге тезинен бурушубуз керек. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бери дегенде сентябрь айына чейин кошумча дозаларга мараторий жарыялоого чакырат. Ар бир өлкөдө калктын кеминде 10 пайызы эмделиши керек", - деп билдирген Тедрос Аданом Гебреисус.

Бишкектеги эмдөө борбору, 27-апрель 2021-жыл.
Бишкектеги эмдөө борбору, 27-апрель 2021-жыл.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, май айында дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө ар бир 100 адамга вакцинанын 50 дозасы бөлүнгөн болсо, андан бери бул сан эки эсе өстү. Ошол эле учурда кирешеси аз мамлекеттерде ар бир 100 адамга 1,5 доза гана туура келүүдө.

12-августтагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бир дозасын алгандардын саны 816 миңден ашты. Алардын 240 миңдейи гана эки дозаны тең сайдырышты. Натыйжада өлкөдө толук эмдөөдөн өткөндөрдүн саны жалпы калктын 4 пайызына жете элек.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн коронавирустун адеп Индияда табылган, тез жайыла турган "Дельта" варианты бушайманга салууда. Коронавируска каршы антиденечелердин канчага чейин сакталары жана вакциналардын вирустун жаңы варианттарына эффективдүүлүгү тууралуу дүйнө өлкөлөрүндө изилдөөлөр уланып жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG