Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

COVID-19: Азияда абал курчуду


Вакцина алуу учуру.
Вакцина алуу учуру.

Азия өлкөлөрү Индияда тараган коронавирустун "дельта" штаммы менен күрөшүп жатышат. Акыркы апталарда Кытай, Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө вирус жугузуп алгандардын саны кескин өсүп, Түштүк-Чыгыш Азияда "дельта" штаммы тез жайылууда.

Былтыр Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү эпидемиологиялык кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алганы менен, учурда ооруканаларда бейтаптар толуп, жасалма дем алдыруу аппараттарынын жетишсиздиги байкалууда. Айрым өлкөлөр пандемия чектөөлөрүн кайра киргизип, негизги өндүрүш борборлорундагы заводдорду жаап салышты.

Деген менен бул чектөөлөрдүн кесепетинен жумушсуз калган жарандар каршылык акцияларына чыгып, өзгөчө Малайзия менен Тайланд бийлигине нааразылыктар күчөдү. Ал эми Мьянмада февралдагы аскердик төңкөрүш жана саламаттык сактоо системасынын толук кыйрап калганынан эмдөө иштери таптакыр токтоп турганы айтылууда.

Вьетнамда эмделгендер аз

Былтыр Вьетнамдa аэропорттордо жүргүнчүлөр тыкыр текшерилип, катаал карантин чектөөлөрү менен дүйнөдө вирустун жайылышынын алдын алууда алдыңкы үлгү катары көрсөтүлгөн. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, акыркы бир жарым жылдын ичинде вьетнамдыктардын жашоосу салыштырмалуу жакшырып, 2020-жылы экономика үч пайызга өскөн.

Ханой шаарындагы ооруканалардын бири.
Ханой шаарындагы ооруканалардын бири.

Бирок Вьетнамдын Саламаттык сактоо министрлиги апрелден бери коронавируска чалдыккандар кескин көбөйгөнүн кабарлады.

"Шаршембиде Вьетнамда 7,623 жаңы учур катталган. Инфекция жуктургандар Хошимин шаарында эң көп. Жалпысынан өлкөдө коронавирус 178 миңге жакын кишиге жукканы аныкталган, алардын 85% ашыгы өткөн айда ооруган", - деп жазылган министрликтин сайтында.

Вьетнам бийлиги өлкөнүн эң ири шаарлары Ханойдо жана Хошиминде катаал чараларды киргизди. Вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн атайын борборлор ачылганы кабарланды. Ошол эле учурда өкмөткө вакцина менен камсыздоону көбөйтүү жана эмдөөлөрдү күчөтүү жөнүндө сындар айтылды. Жон Хопкинс университетинин 3-августка карата маалыматы боюнча, Вьетнамдын 96 миллион калкынын 0,6 пайызы гана толук эмдөөдөн өттү.

Индонезияда ооругандар көбөйдү

Калкынын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Индонезия Азия өлкөлөрүнүн арасында коронавирус эң көп жайылган мамлекеттердин катарында. Бул өлкөдө күнүнө 50 миңдей жаңы учур катталууда. Расмий Жакарта пандемия башталгандан бери 354 миллион киши вирус жуктурганын, анын 1,2 миллиону өткөн айда катталганын кабарлаган. Ал эми вирустан көз жумгандардын саны 100 миңден ашты.

Ооруканада кезек күткөн жакарталыктар.
Ооруканада кезек күткөн жакарталыктар.

Эксперттердин айтымында, эгерде эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынбаса, Индонезиянын саламаттык сактоо тутуму кризиске кептелиши мүмкүн. Айрым серепчилер вирус жуктуруп алгандардын саны алда канча көп деп кооптонушат. Индонезиядагы жергиликтүү изилдөө борбору Жакартанын 11 миллиондой тургундарынын дээрлик жарымы коронавирус менен ооруган болушу мүмкүн экенин эскертти.

Дүйшөмбүдө өкмөт айрым шаар жана райондордо, анын ичинде Ява жана Бали аралдарында чектөөлөр дагы бир жумага узартылганын жарыялады. Ошол эле учурда, Индонезиянын саламаттык сактоо министри Буди Гунади Садики "Рейтер" маалымат агенттигине берген маегинде, вирустун толкуну өлкөдө туу чокусуна жеткенин билдирди. Ал эми сентябрь айында акырындык менен экономиканы жандандыруу пландалып жатканын билдирди.

Мьянма кризиске кептелди

Мьянмалыктарга февралдын башындагы аскердик төңкөрүш, эми пандемия кризиси чоң сокку урду. Өлкөдө коронавирус менен ооруган бейтаптар кычкылтекке кезекке туруп, кезек жетпегендери өз алдынча дарыланып жатканы айтылууда.

Ал эми жергиликтүү дарыгерлер абал оор экенин белгилеп, коңгуроо кагышууда.

"Мьянмалыктар үйдө дарыланып, ооруканаларга жетпей каза болуп жатышат. Ооруканага жеткендерине кычкылтек аппараттары жана орундар жетишпейт. Эң маанилүүсү медиктер жетишпейт", - деди Бирмадагы дарыгерлердин бири.

Мьянмада медициналык кызматкер.
Мьянмада медициналык кызматкер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Мьянмада июндан бери вирус жугузуп алгандардын саны күнүнө 5 миңге чейин көтөрүлүп, оору 315 миң кишиге жукканы тастыкталды.

Коронавируска каршы эмдөө аскердик хунтанын башкаруусунда токтоп калган. Расмий маалыматтын жоктугу, коомчулуктун аскерлерге ишенбөөчүлүгү жана пандемиянын масштабы жөнүндө эч кимдин так түшүнүгү жоктугу кырдаалды курчутууда.

Өткөн аптада Улуу Британиянын БУУдагы элчиси Барбара Вудворд Мьянманын 54 миллион калкынын жарымына жакынкы эки жумада коронавирус жугушу мүмкүн экенин эскерткен.

Казакстанда вирус күчөдү

Ал ортодо коңшу Казакстанда 2-августтан тарта борбор калаа Нур-Султан жана Алматы баш болгон беш шаарда коронавирус чектөөлөрү күчөтүлдү. Буга өлкөдө вирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнү себеп болгон.

Алсак, Казакстанда коронавирус соңку бир суткада 158 кишинин өмүрүн алды. 7800дөй кишиден вирус аныкталды. Мындай жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экени айтылууда.

Казакстанда коронавирус жаш балдардын арасында жайылып жатканы кабарланды. Расмий маалымат боюнча, жыл башынан бери Казакстанда 34 миң бала коронавирус жуктуруп, эки бала көз жумган.

Өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой эгерде Pfizer/Biontech вакцинасы өлкөгө келсе, ал балдарга ыктыярдуу түрдө ата-энесинин макулдугу менен сайыларын айткан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG