Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Кремлдин Крым татарларын "бөлүп-имерүү" саясаты


Орусия муфтийлеринин төрагасы Равил Гайнуддин (солдо), Татарстандын президенти Рустам Минниханов (ортодо) менен крым татарларынын курултайында. Крым, Бахчысарай. 29-март, 2014
Орусия муфтийлеринин төрагасы Равил Гайнуддин (солдо), Татарстандын президенти Рустам Минниханов (ортодо) менен крым татарларынын курултайында. Крым, Бахчысарай. 29-март, 2014

Москва 18-мартта Крым жарым аралын Украинадан аннексиялап алганы менен жергиликтүү татарларды бооруна тарта албай убара.

Экинчи Дүйнөлүк согуш кезде фашисттик Германия менен кызматташкан деп, киндик каны тамган жеринен айдалган бул элдин тилин табуу үчүн казан татарлары арачы катары пайдаланылууда.

Крым татарларын Орусиянын ыгына көндүрүү аракетин Кремл Украинанын курамындагы Крым автономиясын аннексиялап алгандан бир аз мурда баштаган. Татарстандын президенти Рустем Минниханов 5-мартта Симферополго барып, крым татарларынын аксакалдары жана расмий эмес Межилисинин мүчөлөрү менен кездешкен. Бул казак жана крым татар коомдорунун акыркы 20 жылдагы алгачкы жолугушуусу болду.

Москва крым татарларын ыкка келтирүү үчүн "Тилиңерге расмий макам, өкүлдөрүңөргө өкмөттө квота берилет, Межилисти мыйзамдуу тааныйбыз" деп убада кылган. Бирок 16-мартта Крымдын болочок макамы боюнча өткөрүлгөн референдумга татарлар активдүү катышкан эмес. Межилис атүгүл элди добуш бербөөгө чакырган.

Кремлдин ыкласы менен жасалган бул иштерди крымдык татарлардын лидери, украин парламентинин мүчөсү Мустафа Жемилев 5-майда Киевде кабарчыларга берген маегинде элди бөлүп-жаруу аракети деп сыпаттаган :

- Азыр Крым татарларын жалдоо боюнча иш аябай жигердүү жүрүүдө. Андан натыйжа жок. Ошон үчүн Казан татарларын Казандан алып келишүүдө. Крымдагы эң мартабуу татар - премьер-министрдин орун басары Рустам Темиргалиев. Анын атасы да кайсы бир кызматта отурат. Канткенде да Крым татарларынын ичинен жактоочуларды жетерлик санда жалдоо мүмкүн болбой жатат. Ошентсе да бөлүп-жаруу аракети уланууда.

Аймак Орусиянын курамына киргизилгенден кийин Крымдын бийлиги менен жергиликтүү татарлардын мамилеси солгундап да кетти. Крымдын прокурору майдын башында Межилисти экстремисттик уюм катары тыйылат деп коркутканга чейин барды. Жемилевге Орусияга, анын ичинде ата журтуна кирүүгө беш жылга тыюу салынды.

18-майда татарларды Крымдан көчүрмө кылуунун 70-жылдыгын белгилөөдө ар кандай саясий кадамдарды жасоодон этият болуу эскертилгени маалымдалды.

Айтылып жаткан саясий өнөктүктүн алкагында Татарстанга крым татарларынын эзелки байтакты Бахчысарай аймагын өнүктүрүүнү жетектөө милдети жүктөлдү. “Татнефть” мунай компаниясы Скалистое кыштагына жерди бургулап суу чыгаруу менен алек. Бул жөнүндө Татарстандын Крымдагы өкүлү Илмир Тимергалиев “Азаттыкка” берген интервьюда билдирди. Аксакалдын уулу Рустам Тимергалиев Крым Республикасынын вице-премьер-министри.

Бирок Кремлдин берегидей тактикасы дүйнө татарларын кыжаалатка салууда. Польшалык татарлардын Гданскидеги Маданий борборунун башчысы Йиржи Шахуневич Татарстандын өкмөтү жана Дүйнө татарларынын конгресси “Орусиянын көзөмөлү астында” деп, Европарламентте төбөлсүз татарлардын өкүлчүлүгүн ачууну Брюсселден өтүндү:

- Татарлар менен Европа ортосунда альянс түзүү сунуш этилди. Румыния татарлары, Крым татарлары, башка ар жактагы татарлар ошол бир структурага кирет. Анда алардын баарынан бир же эки адамдан өкүлү болот.

Ошентсе да, Мустафа Жемилев Татарстандын жетекчилигин татар элинен бөлүп караш керек дейт.

Татарлар XV кылымда кыпчак тилдүү Алтын Ордо кыйрагандан кийин мамлекеттүүлүгүн жоготот жана отурукташкан жерин байырлап кала беришет. XX кылымдын башындагы жамааттар ортосундагы алаканы чыңдоо аракетин 1917-жылы большевиктик бийлик таш каптырат.

1944-жылы крым татарлары согуш кезде саткынчылык кылды деген айып менен Совет өкмөтү тарабынан ата журтунан көчүрүлөт. Ага карабай, крым татарлары “дилди эч качан сатууга болбосун” көрсөтүп, башка жактардагы кандаштарына үлгү болууда, - дейт казандык саясий талдоочу Рашит Ахметов:

- Албетте, эки элдин ички тууганчылыгы сакталууда. Ар нерсеге карабай, көпчүлүк Казан татарлары Крым татарларын колдошууда. Алтурсун Крым татарлары принципти сатууга болбосун көрсөткөн моралдык өрнөк болууда.

Серепчи эмне болбосун Казан татарларынын көпчүлүк бөлүгү крымдык кандаштарын колдорун да кошумчалады.

Серепчи айткандай, өрнөк болчу адамдардын бири Мустафа Жемилев. Ал Өзбекстанда туулган. Совет заманында адам укугу, өз элинин таламы үчүн күрөшкөнү үчүн алты жолу кесилип, 15 жыл абакта отурган. Кажыбас инсанды апрелде бир нече бейөкмөттүк уюм Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөттү.
Ридван Бекиров 70 жыл мурунку апаатты эскерет
"Биз журтубуз менен коштошуп кеткенбиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

XS
SM
MD
LG