Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Орусия Крым татарларын имерүү аракетинде


Украина -- Крым татарларынын акциясы. Симферополь, 26-февраль, 2014.
Украина -- Крым татарларынын акциясы. Симферополь, 26-февраль, 2014.

Жекшемби күнкү талаштуу референдум алдында Орусия Крымдагы татар жамаатын ийгерүү аракетин күчөттү. Өзүлөрүн жарым аралдын түпкү калкы деп эсептеген татарлар Крымдын азыркы бийликтеринин Орусияга кошулуу планына жана референдумга каршы чыгышкан эле.

Москва Крымга соңку күндөрү байма-бай жөнөткөн делегацияларга ал жердеги татар жамаатын ийгерүү вазыйпасы да жүктөлсө, эки күн мурда Көз карандысыздык декларациясын кабыл алып жиберген бул автоном республиканын азыркы бийлиги татарлардын укуктарын кеңейтүүнү убада кылууда.

Жекшембидеги талаштуу референдумду утурлай Крым татарларынын ардагер лидери, мурдагы советтик диссидент Мустафа Жемилев президент Путин тарабынан Москвага чакыртылган.

Ал кризис боюнча Москвадагы кечээги сүйлөшүүлөргө чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде татар делегациясы Украинанын аймактык бүтүндүгү сакталышын талап кыларын айткан эле:

- Биздин башкы шартыбыз – орус күчтөрүнүн Крымдан чыгарылып кетиши. Калган нерсенин баарын биз ушундан кийин гана сүйлөшө алабыз. Крым татарларынын көз карашында, парламент кабыл алган декларациялар менен чечимдердин баары кандайдыр бир укуктук күчкө ээ эмес. Анткени Крым парламенти да легитимсиз. Ал өзүн сепаратист структура катары көргөзүүдө.

Татарларды боорго тарткыдай аракеттерди Крым бийлиги да көрүп жатат. Маселен, автоном республиканын парламенти ушул шейшембиде кабыл алган резолюцияда “татарлардын улут катары укуктары, алардын крым коомуна интеграциялануусу кепилденери" айтылган.

Мындан сырткары Крымда татар тилине расмий макам берип, орус жана украин тилдерине теңдештирүү убада кылынууда.

Татарларга болочок өкмөттөн кызматтардын кеминде 20% жана алардын коомдук бирикмеси - Межлисти өзүн-өзү башкаруунун мыйзамдуу органы катары таануу жагы сунушталууда.

Дин эркиндигин кепилдөө, татарларды колдоочу программаларды, анын ичинде Сталин доорунда депортациялангандардын кайра көчүп келишин каржылоо да берилген убадалардын арасында бар.

Крымдагы татар жамаатынын ардагер лидери Мустафа Жемилев “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде булардын баарын “пара” катары сыпаттады.

Симферополдо Орусия баскынчылыгына жана референдумга каршы флешмоб өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00


Татарлар Крымдын Орусияга кошулуусунан эмнеге чочулоодо? Жакынкы Чыгышты иликтөө боюнча Киевдеги борбордун талдоочусу Игорь Семиволос мындай дейт:

- Крым татарлары буга чейин баштан кечирген геноцидден азыр да чыга элек. Алар үчүн бул көп жагынан али бүтө элек. Андыктан орустар коргонуу деп санаган аракеттерди, кадамдарды крым татарлары кол салуу катары баалашат.

Акыркы эки аптадан бери Татарстандын азыркы президенти Рустам Минниханов Крымга эки жолу барды.

Ал өз сөзүндө Орусиядагы жана Крымдагы татарлардын тарыхый-маданий байланыштарына басып жасап, Крымдын баш муфтийи, татар межлисинин азыркы лидери Рифат Чубаров менен сүйлөшүү өткөргөн.

Бирок Чубаров крымдыктарды алдыдагы референдумду бойкоттоого чакырууда.

Референдумду бойкоттоорун шаршембиде президент Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Мустафа Жемилев да ырастады:

- Референдум боюнча бизде эч шек жок. Биз аны жигердүү түрдө бойкоттойбуз. Бардык жерде, деңгээлде анын мыйзамсыздыгын талашабыз.

Расмий Москва менен Крымдын орусиячыл бийликтеринин татарларды ийитүү аракети алар абдан камтамага түшүп турган учурга туш келүүдө. Татар жамаатынын өкүлдөрү куугунтуктун түрдүү формаларына кабылганын да билдирип жатат.

Айрым үй-бүлөлөрдүн ырастоосунда, алардын паспорттору шайлоо комиссиясынын мүчөсү деген жүйөө менен келген орус тилдүү адамдар тарабынан конфискацияланган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG