Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Чек арадагы жашоо азабы


Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу, 28-апрель, 2013
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу, 28-апрель, 2013

Акыркы 10 жылда Баткендин Өзбекстан менен чектешкен аймагында 21 ок атуу учуру катталган. Чектин эки жагынан бири-бирине таш атмай, машинелерди талкаламай, кала берсе, чек арадан бери өтүп, адамдарды барымтага алмайы да кездешпей койбойт. Жеңиш Айдаров бир нече айылды аралап, ал жактагы чыныгы турмушту элдин өзүнөн укканга аракет кылды.

Чек арада жашаган калктын күнүмдүк тирилигиндеги коопсуздук жөнүндө баянымды жазыш үчүн алгач Өзбекстан менен чектеш Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылына бардым. Айылдын түндүгү Өзбекстандын Фергана району менен чектешип турат, чек араны бөлгөн бир да белги жок, ачык. Проблемасы көп.

Ош-Исфана жолуна жакын жайгашкан бул чакан айылда чек арага байланышкан чырлуу окуялар көп эле жолу болгон. Мал эле эмес, баланы уурдоого да аракеттер болгонун айтышат.

Баатыр эне Үринса Кадырованын коргону - Кыргызстан менен Өзбекстандын чегинде турат. Дүпүйгөн бактын ары жагы - Өзбекстан. Эки өлкөнү бул жерде азыр ар жеринен бузулуп түшкөн пакса дубал эле тосуп турат. Бул тосмо эптеп эле белги экени болбосо, эч мал-жандык же жаш балага да тоскоол боло алчудай эмес.

Үринса эже мага мындан мурдараак ушул коргондун аркы четинен үч жаштагы небересин өзбекстандык жаран жетелеп бараткан жеринен чек арачылар кармап калышканын айтып берди.

Ушул эле чек арадагы үйдүн кире беришинде 20-июнга караган түнү өзбек чек арачыларынын огунан бир кыргыз жараны каза болду. Үйдүн кожейкеси Нурийла ал окуяны айткысы келбеди. Бирок "кооптонуп жашап калдык, ушунча мээнет, ушундай көнгөн жайды таштап башка жакка кетмек белем" дейт.

Жеңиш Айдаровдун радиобаянын толугу менен төмөнкү шилтемеден угуңуз:

Чек арадагы жашоо - аудио
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:32 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG