Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Жаатташуу майыптарды үйдөн өксүттү


"Азиздер жана дүлөйлөр коому" маалымат жыйын курууда. 13-июнь, 2017-жыл
"Азиздер жана дүлөйлөр коому" маалымат жыйын курууда. 13-июнь, 2017-жыл

Кыргызстандын “Азиздер жана дүлөйлөр коому” жеке кызыкчылыкты көздөгөн бир ууч топ адам жалпы коомдун аброюна доо келтирип жатат деп билдирүүдө.

Коомдун ичиндеги келишпестик үч жыл мурун азиз-дүлөйлөргө деген батирлерди бөлүштүрүү маалында башталган. Анда коомдун айрым мүчөлөрү батирлер соо адамдарга жең ичинен берилип кеткенин айтып чыгышкан.

"Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна берилген батирлерди бөлүштүрүүдөн чыккан талашка ушу күнгө чейин чекит коюлбай жатат.

2016-жылы бул иш боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузуу болгон эмес деп бүтүм чыгарганы менен колдонууга берилген төрт үй дагы эле камакта турат. Коомдун жетекчилиги жана юристтери бир ууч адамдардын айынан ушундай түшүнүксүз жагдай жаралганын билдирүүдө.

- 225 батирдин ичинен сегиз гана батир биздин коомдо иштеген кызматкерлерге берилген. Алар майыптар менен күнү-түнү иштейт. Бул да оңой эмес. Мунун баары мыйзамда, уставда жазылган. Бирок арыздангандар бул үйлөрдү соо адамдар алды деп нааразы болуп жатышат. Батирлер былтыр менчиктештирилип баштаган. Азыр баары токтоп, биздин үйлөр камакка коюлган, - деди “Азиздер жана дүлөйлөр коомунун” мүчөсү Шахрезада Аскарова.

Ал коомдун жобосуна ылайык батирлердин 10 пайызын майып эместерге берүүгө болорун айтып, үй алган кызматкерлердин коомго жана майыптарга көрсөткөн эмгеги эбегейсиз экенин кошумчалады.

2008-жылы мамлекет тарабынан “Азиздер жана дүлөйлөр коомуна” Бишкектин чыгышында жайгашкан Көк-Жар кичи районунан 225 батир берилген. Дал ошондо батир албай калган бир топ адам батирлер жең учунан мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, айрымдары дени сак эле адамдарга берилип калганын айтып, шаардык прокуратурага арыз менен кайрылышкан.

Мындан тышкары алар быйыл каржы министри майыптардын муктаждыктарына деп бөлгөн каражат тийиштүү түрдө сарпталбай жатканын билдирип, нааразылык акцияларын уюштурган эле. Нааразы тараптын өкүлү Алтынбек Тобокел уулу ал каражаттын төркүнү тууралуу буларды билдирди:

- Каржы министрлиги бизди, майыптарды атайын жабдыктар менен камсыз кылуу максатында акча бөлгөн. Дүлөйлөргө угуучу аппараттар, шекерди өлчөөчү жана сүйлөй турган смартфондор алынышы керек болчу. 2017-жылы 39 миллион 601 миң сом бөлүнүптүр. Ошонун ичинен 11 миллион 601 миң сом жабдыктарды алуу үчүн бөлүнгөн. Анын дайыны белгисиз. Азыр эч ким андай смартфондорду алган жок. Ал акча кайда кетип жатканы, белгисиз.

Ал эми аталган коомдун төрагасы Марат Ташбаев мындай айыптоолорду четке какты:

- Бизди бюджеттин акчасын жеп жатат деп айыпташат. Тагыраак айтканда, Каржы министрлиги берген 39 миллион сом жөнүндө сөз болуп жатат. Мен бул тууралуу бир нерсе гана айта алам – Каржы министрлиги базардагы бир соодагер эмес. Алар акчаны оңго-солго чачпайт. Ал каражат кайда, кимге кеткени тууралуу толук документтер бар. Ошондуктан мен маалыматты коомчулукка алып чыккан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн суранат элем – бизге да кайрылып так маалымат берсеңиздер жакшы болор эле.

Буга чейин “Азиздер жана дүлөйлөр коому” административдик ишти Ленин райондук сотто, кийин шаардык сотто утуп алган. Бирок нааразы тарап Башкы прокуратурага арыз жазып, алар кылмыш ишин козгоп, натыйжада батирлер ушул күнгө чейин камакта турат.

Быйыл “Азиздер жана дүлөйлөр коому” түптөлгөнүнүн 80 жылдыгын белгилейт. Расмий маалымат боюнча коомдо 9507 киши мүчөлүк кылат. Анын беш жүзү жумуш менен камсыздалган. Коомдун өлкө бою 11 ишканасы иштейт, анын төртөө Бишкекте жайгашкан. Ишканалардын көбү күч кызматтарына атайын кийим тигүү менен алектенет. 2016-жылы алар жалпысынан 168 миллион сомго продукция чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG