Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Димаштын Чехиядагы күйөрмандары


Димаш Кудайбергендин Чехиядагы күйөрмандары Лондондо.
Димаш Кудайбергендин Чехиядагы күйөрмандары Лондондо.

29-январда казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген Москвада жана Астанада өтө турган жеке концерттерин утурлай маалымат жыйынын өткөрдү.

Буга чейин ырчы Лондондо Казакстандын Британиядагы маданий күндөрүнүн алкагында концерт койгон.

Ага ырчынын күйөрмандары дүйнөнүн чар тарабынан барышты. Алардын арасында чехиялык Нада Кребцова да бар. Ал казак ырчысынын күйөрманына айланганына бир нече жыл болгонун айтып берди:

- Мен Димаштын аткаруусун кокустан эле "Ютубдан" көрүп калдым. Анын добушун укканда эле денем дүркүрөй түштү. Башында вокалынын күчтүүлүгүнө, мукам үнүнө суктансам, кийинчерээк сүйлөгөнүнө, жүрүм-турумуна баа бердим. Ал эми келбетине сөз жок.

Нада Кребцова казакстандык Гүлжамал менен Лондондо.
Нада Кребцова казакстандык Гүлжамал менен Лондондо.

Димаш Кудайбергендин күйөрмандары өздөрүн “Dears” деп аташат.

Американын ар кайсы штаттарында, Францияда, Мальтада, Финляндияда жана бир топ башка мамлекеттерде казак ырчысынын фанаттары өз клубдарын негиздеп, социалдык тармактарда баракчаларын ачкан.

Нада Кребцованын айтымында, Чехиядагы фанаттардын клубунун негизделгенине төрт ай болду.

- Димаштын чех күйөрмандарынын клубун курбум экөөбүз былтыр сентябрь айында түздүк. Ага 200дөй адам мүчө. Азырынча чехтердин саны жыйырмадан бир аз ашуун. Калганы башка улуттагылар.

Ал эми 24 жаштагы Димаш Кудайбергенди Кытайда миллиондогон күйөрмандар жактырып угат. Анын жылдызы 2016-жылы Кытайда өткөн “Мен ырчымын” же "I am singer" музыкалык телесынагына катышканда жанган.

«Хунан ТВ» телеканалында көрсөтүлгөн бул сынакта ал финалга жетип, экинчи орунга татыган.

Шоунун алкагында ар бир жолу сахнага чыкканда Димаш “Казакстанга кош келиңиздер” деп өз күйөрмандарын тынбай чакырып турган.

Мындан улам анын чет жактардагы айрым күйөрмандары коңшу өлкөгө кызыгып, келип да кеткен. Алардын бири Лос-Анжелестин тургуну Патрис Груйон.

Патрис Казакстанда үч ай жүргөнүн, Алматы, Астана, Орал жана Актөбө шаарларына барганын «Тенгриньюс» порталына айтып берген. Ал эми гонконгдук Лиза Димаш үчүн Казакстанга үч жолу келип кеткенин ушул эле басылмага маалымдаган.

Нада Кребцова жана Димаштын дүйнөнүн чар тарабынан келген күйөрмандары. Лондон.
Нада Кребцова жана Димаштын дүйнөнүн чар тарабынан келген күйөрмандары. Лондон.

Димаштын ушул жылдын ноябрь айында Лондондо өткөн анын концертине Британиядагы жаштардын арасында белгилүү ырчы Талия Сторм да барган.

Ал Инстаграмдагы өз баракчасында концертти түз көрсөтүп жатты. Лондондун "Indigo at the O2" деп аталган концерттик залы жык-жыйма болгон концертке Димаштын күйөрмандары 45 мамлекеттен келгени маалым болду.

Алардын арасында Чехиядан барган Нада Кребцова Димаштын өзү менен сүрөткө түшүүгө мүмкүн болбой калганына өкүндү:

- Димаш мага мекенине жасаган мамилеси менен да жагат. Ал азыркы заманбап мырзанын прототибине туура келет десем болот. Ал ушунчалык жөнөкөй жана ички дүйнөсү таза адамдай сезилет. Мен анын аткаруусундагы "Чарчаган ак куулардын сүйүүсү", "Махабат бер мага тагдыр" деген чыгармаларды өзгөчө жакшы көрөм. Жалпысынын анын аткаруусундагы бардык ырларды эле жактырам. Лондондогу концертте аны менен сүрөткө түшө албай калдым. Эми мартта Москвада өтө турган концертине барып келейин деп камынып атам.

Димаш Кудайберген 29-январда Астанада өткөргөн маалымат жыйында "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысынын Кытайдагы саясий тарбиялоочу лагерлерде камалып жаткан этникалык казактардын маселеси боюнча пикири тууралуу суроосуна мындай деп жооп берди:

- Арийне, ааламдын кайсы гана бурчунда болбосун жаны казак, каны казак жарандар биздин бир туугандарыбыз жана ал адамдардын тагдыры биз үчүн кызыксыз болуп калбайт. Эгер мен колумдан келсе алар үчүн баарын кылат элем. Бирок мен эл аралык деңгээлдеги дипломат эмесмин. Менин колумдан ырдоо гана келет. Менин жүрөгүмө бул маселе оор тийди жана анын тезирээк чечилишин каалаймын.

Димаш Кудайбергендин ата-энеси экөө тең чыгармачыл адамдар. Канат Кудайбергенов жана Светлана Айтбаева экөө тең Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер.

Димаш буга чейин бир катар казакстандык жана Эл аралык музыкалык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Алардын арасында 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн “Мейкин Азия” фестивалы жана Беларустун Витебск шаарында 2015-жылы өткөн “Славян базары” конкурсу да бар. Ал эми “Мен ырчымын” музыкалык телесынагы апрель айында жыйынтыкталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG