Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Дүйнөдө казакка кыргыздай күйгөн эл жок


 Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туусу.
Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туусу.

Профессор, филология илимдеринин доктору, кыргыз тилинин тарыхы боюнча дасык адистердин бири, ракматы Карбоз Дыйканов агай: "Казак менен кыргыз түбү бир эле эл, бир атанын балдары, душмандар алсыратыш үчүн бул бир элди экиге бөлүп салган", – деп айткан эле.

Тарыхчы болбогондон кийин кыргыз менен казак качан жана кандай тарыхый жагдайда жана кимдер тарабынан эки элге (же улутка) бөлүнүп калгандыгын так айта албайм. Бирок казак-кыргыз бир атадан тарагандыгына эч күмөнүм жок.

Муну кечээ күнкү каргаша дагы бир жолу далилдеди. Бүт дүйнөдө казакка кыргыздай күйгөн, чын дилден боору ооруп, азап-кайгысын тең бөлүшүүгө даяр турган эч бир калк болбоду. Казактардын трагедиясын өзүбүздүн башыбызга түшкөн апааттай эле кабыл албадыкпы.

Тилекке каршы, бир өнөрпөз жараныбызды казактын атайын кызматтары "террорчу" катары кармап, ур-токмокко алып, казак бийлигинин тополоңду кыргыздар уюштургандай түр көрсөтүп жатканы көпчүлүктүн шаабайын кескин суутту.

Ой туугандар, силер өз бийлигин сактап калуу үчүн баарын курмандыкка чалууга даяр турган (керек болсо мекенин да!) учурдагы казак режими менен карапайым казак калкын айырмалай албай калдыңарбы?! Бир эмес, 10 кыргыз жаранын ушундай кыйнап, жалган көрсөтмө берүүгө мажбур кылса да биздин жалпы казак калкына таарынычыбыз жок. Тактап айтканда, адилеттик орнойт, жөнөкөй калктын үнү угулат деген миллиондогон казактын тилеги таш каап, ичинен как өтүп жатканда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылгандай болбойлу.

"Жыйырма миң террорчунун" кайдан чыкканын жана кимдер экенин дүйнөлүк коомчулукка далилдөө үчүн, башкача айтканда, карандай калпын кантип болсо да жымсалдоо үчүн казак бийлиги ушундай жүзүкаралыкка барып жатканы жаш балага да маалым.

Бул чагымчылык үчүнчү күчтөр тарабынан тамырлаш эки элди атайын кайраштыруу, алыстатуу үчүн жасалган болушу да мүмкүн. Анткени дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүнү көздөп жаткан айрым державалар, Жер шарынын тагдырын колунда каалагандай калчагысы келген үлкөн саясий оюнчулар ушундай ыплас ишке барбайт деп ким кепилдик бере алат? Атүгүл Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалынын чыгышына да алар "салым кошкон" болушу ыктымал. Алардын Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөрдү бири-бирине тукуруп араздаштырып, кийин өздөрү арачы болумуш болуп, саясий-моралдык жактан биротоло чүлүктөп алгысы келген максаты бүгүн ачык болуп калды.

Мындан аркы биздин кадамыбыз кандай болушу керек? Мен ар дайым айтып, жазып жүргөндөй, жакын кошуналар менен ымалага келип, бир туугандай ынтымакта жашашыбыз абзел. Бүгүнкү зарылчылыктан тышкары, биздин кеми он кылымдан ашык тарыхыбыз, тагдырыбыз бир. Динибизди, тилибизди айтпаганда да, биз көп жагынан бири-бирибизге жакын, окшош элбиз. Ал эми тили бөлөк болгону менен, тажиктер дагы биздин Кудай кошкон кошунабыз, андыктан алар менен да жакшы мамиледе болууга тийишпиз. Бул жааттан алганда Казакстан биздин башкы шериктешибиз, негизги өнөктөшүбүз болушу абзел. Анткени дүйнөдө бизге казактардан жакын тууган, алардан жакын калк жок.

Эгер биз жакынкы жылдарда кошуналар менен бир үй-бүлөдөй болуп бирикпесек (мисалы, Европа шериктештиги сыяктуу), дагы да бөлүнүп-жарыла берсек, күчтүү мамлекеттерге жем болобуз, эгемендигибизди жоготуп, күнкор элге айланабыз. Бул жарыкчылыкта көз каранды болуп жашагандан өткөн азап барбы?!

Мен бул блогумду казак боордоштордун башына оор күн түшкөн күндөрү жазылган ырым менен аяктоону туура таптым:

Кыйын күнгө туш болдуң го, казагым,

Көп экен го, көргүлүгүң, азабың.

Канкор чыкты, камкор болчу падышаң,

Кудай берсин андайлардын жазасын!

Кан төгүлдү, күнөөсүз кан төгүлдү,

Эл башынын анык жүзү көрүндү,

Каргыш тийсин, ок атканга элине

Казак калкым, бүлүндү да, сөгүлдү.

Казагым ай, турганың чын алсырап,

Туш тараптан чөөлөр талап, кансырап.

Жат бирөөгө чөгөлөттү падышаң

Андайларды арбактардын наркы урат.

Акыйкаттык келер күндөн түңүлбө,

Өлсөң дагы башың ийбе, жүгүнбө.

Эгемендик колдон чыкса табылбайт,

Чардабасын жат бирөөлөр төрүңдө!

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG