Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кыргызстан спутникке муктаж


"Евтелсат" компаниясынын "КА-Сат" жасалма жандоочусу, 26-декабрь 2010-ж.
"Евтелсат" компаниясынын "КА-Сат" жасалма жандоочусу, 26-декабрь 2010-ж.

Адистердин эсеби боюнча, Кыргызстан спутник учурса, казынага жылына 200 млн. доллар түшүп турмак.

Бишкектеги фондулук биржасында ноябрь айында сооданын көлөмү 9% азайды. Дүйнөлүк базарларда алтын дагы арзандады. Кыргызстандагы эң ири эки уюлдук байланыш операторлоруна алгачкы тогуз ай ичинде 8 млрд. сомдон ашык акча түштү.

Кыргызстандагы эки ири "Билайн" жана "МегаКом" уюлдук байланыш операторлору жылдын тогуз айынын жыйынтыгын жарыялашты. Жалпысынан уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүдө 8 миллиард 632 миллион сом акча түшүп, кардарлардын саны 5 миллион 250 миңге жетти.

"Билайн" кабарлагандай, тогуз ай ичинде 2 миллиард 599 миллион сом түшүп, былтыркыга салыштырмалуу өсүш 25.2% түздү. Уюлдук оператордун абоненттеринин саны 5% өсүп, 2 миллион 531 миңге жетти. Ал эми "Билайн" кирген "Вымпелком" компаниясы жалпысынан 5.7 миллиард доллар тапкан.
Уюлдук смартфон.
Уюлдук смартфон.

"Мегаком" соода белгисине ээлик кылган "Альфа Телеком" ишканасына жылдын тогуз айында көрсөткөн кызматынын эсебинен 6 миллиард 33 миллион сом түшүп, 6% өскөн. "Мегакомдун" кардарларынын саны 24% өсүп, 2 миллион 719 миңге жетти. "Альфа Телеком" кабарлагандай, ишкана тогуз ай ичинде республикалык казынага 1 миллиард 365 миллион сом чегерген.

"Билайн" жана "Мегакомдон" тышкары, Кыргызстанда "КАТЕЛ", "О!" жана "Фонекс" уюлдук байланыш операторлору иштейт.

Байланыш демекчи, Кыргызстан телерадио берүүлөрдү жеткирүүгө, интернет жана уюлдук телефон байланышына, минералдык ресурстарды космостон изилдөөгө жана байланыштын башка түрлөрү менен өлкөнү камсыздоого жылына жарым миллион доллардай каражат сарптайт. Кыргызстан мурдагы совет республикалардын ичинен эң биринчи болуп Жердин геостационардык орбитасынан түбөлүк ээлик кыла турган жайга ээ болсо да, өз спутниги жок. Ошондуктан Кыргызстан башка өлкөлөрдүн жасалма жандоочторун колдонууга аргасыз жана ал үчүн чоң акча жумшалат.

Франциянын алгачкы "Астерикс" спутниги 1965-жылы 26-ноябрда учурулган.
Франциянын алгачкы "Астерикс" спутниги 1965-жылы 26-ноябрда учурулган.
Жергиликтүү адистеринин эсебинде Кыргызстан өзү спутник учурууга жетишсе, андан өлкө бюджетине эң аз дегенде жылына 200 миллион доллар түшүп, жасалма жандоочко кеткен чыгымдарды тез актамак. Андан сырткары, спутник байланышын ижарага алууга кеткен миллиондогон чыгымдар кыскармак. Белгилей кетчү нерсе, Бишкекте 1996-жылы "Силксат" кыргыз сателлитин жасоо долбоору башталып, аягына чыккан эмес. Кыргызстан планетанын геостационардык орбитасында өзүнүн позициясына ээ болгон Борбор Азиядагы жалгыз өлкө.

Ал ортодо Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефон Ката француз жасалма жандоочусун колдонууну транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановго сунуштады. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.

Учурда кыргыз байланыш ишканалары АКШ, Орусия, Европа жана Түркиянын сателлитин чоң каражат жумшап пайдаланат. Спутник байланышынан сырткары, элчи Ката Франция Кыргызстандагы авто жана темир жол тармактарына кызыкдар экенин белгиледи. Андан сырткары, француз жарандык авиация адистери кыргыз авиакомпанияларын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарууга кеңеш берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бишкек – Доха түз аба каттамынын учуу картасы (иллюстрация).
Бишкек – Доха түз аба каттамынын учуу картасы (иллюстрация).
Авиация демекчи, Перс булуңундагы Катар Кыргызстан менен жүргүнчү жана жүк ташууда түз аба каттамдарын ачууга дилгир. Бул тууралу Катардын элчиси Мохамед ал-Наими министр Султановго кезиккенде билдирди.

Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, элчи ал-Наими Бишкек – Доха авиарейсин ачуу Катардан инвестиция тартууга өбөлгө түзөрүн, расмий Доха Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аба майданын кеңейтүүгө да кызыкдар экенин айтты. Кыргызстан дүйнөнүн 27 өлкөсү менен түз аба каттамдар келишимине кол койгон. Катар ал тизмеге кирбейт. Кыргыз жарандары жылына авиабилеттерге 450 миллион доллар сарптайт.

Эми глобалдык базарларга учкай көз чаптырсак. "Центерра Голддун" акциялары акыркы жети күн ичинде 15 центке кымбаттап, бир баалуу кагаздын баасы 3 канада доллары 26 центти түздү. "Сары алтындын" баасы дагы 29 долларга арзандап, алтындын жүз унциясы 1222 доллардан сатылып жатат. Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи 2 долларга көтөрүлүп, бир баррель 94 долларга жетти.

Кумтөр кенинин алтыны, 14-март 2013-ж.
Кумтөр кенинин алтыны, 14-март 2013-ж.
Кыргызстандын баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү ноябрь айында 100.13 миллион сомго барабар болду. Бул октябрга салыштырмалуу 9.68% төмөн. Жалпысынан 9 миллион 394 миңден ашык баалуу кагаздар сатылды.

Сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Аю гарант" камсыздоо компаниясы 50 миллион сом менен биринчи орунга озуп чыкты, облигациялардын ичинен Кыргыз инвестиция-кредит банкы 20 миллион 281 миң сом менен алдыңкы сапка илинди.

Соодаланган баалуу кагаздардын 73.51% каржы секторунда, 15.49% тейлөө тармагында жана 11% өндүрүш секторунда иштеген компанияларга таандык. Ал эми соңку жума ичи сооданын көлөмү эки миллионго азайып, 10 миллион 997 миң сомго барабар болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG