Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Гётенин мекенинде окуйм десең...


Мартин Лютер университети, Германия
Мартин Лютер университети, Германия

Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) кыргызстандык студенттер жана илим изилдөөчүлөр үчүн быйыл 400 миң евро каражат бөлдү. Бул программа менен 75 студент Кыргызстандан Германиянын ар кыл шаарларына барып бир нече айдан бир нече жылга чейин билим алып келишет.

2016-17-окуу жылдары жана жайкы тил курстары үчүн Кыргызстандан 75 студент Германияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул сан былтыр токсондон ашкан эле. Быйыл Германия мамлекеттик академиялык алмашуу кызматы кыргызстандык жаштар жана окумуштуулар үчүн 400 миң евро каражат бөлдү. Алардын эң эле алдыңкысы жана эң кымбат стипендия баш калаадагы №23 Гёте атындагы мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү Алым Жаратовго тийген:

- Быйыл 11-классты бүтүп жатам. Мектептеги бааларым жакшы болчу. Анан немис тилин билет деген сертификат менен стипендияга тапшыргам. Германия талап кылган экзамендердин баарынан өтүп, эң жогорку стипендияга ээ болдум. Эми барып бир жыл даярдоо курсунда, андан кийин төрт жыл университетте окуйм. Ата-энем аябай сүйүнүп жатышат. Логистика багытында билим алууну каалайм.

Германияда жогорку билим алуу менен бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттагы дипломго ээ болушат. Азыркы тапта Германиядагы жалпы студенттердин 12 пайызын чет элдиктер түзөт. Быйыл Кыргызстандан DAAD программасы менен 10 студент эки жылдык магистратурада билим алууга кетип жатышат. Алардын бири Кайрат экономика жаатында илим изилдемей болду:

- Эки жыл Германияда окуп келем, буюрса. Кайра мекениме кайтып келип иштейм. Университетти бүткөнүмө үч жыл болгон. Чыгынбай жүрүп былтыр тапшырып өтүп кеттим. Талаптардын башында тил билүү турат. Мен англис тилден эле сынактын жыйынтыгын бергем. TOEFL тестинин расмий формасын эмес, Борбор Азиядагы Америка университетиндеги көнүгүү сынагынын жыйынтыгы деле жарайт экен. Немис тилин билүү шарт эмес.

Немис тилин билип тапшыргандар www.ondaf.de веб сайтынан OnDaF деп аталган немис тилин билүү тестин онлайн тапшырып, деңгээлин аныктаса болот. Стипендияга тапшыруу жолдору тууралуу DAAD программасынын расмий веб-сайтында да жетиштүү маалыматтар камтылган. Аталган программанын стипендиялары Кыргызстанда 90-жылдардын башынан бери эле жарыяланып келет. Быйылкы жеңүүчүлөргө сетрификат тапшыруу учурунда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Питер Рудольф Шальтз эки тараптуу байланыштын өзөгүн билим берүү түзөрүн белгиледи:

- Биздин эки тараптуу байланышыбызга кеңири токтолсом, анда дипломатиялык карым-катыштын эң негизги бөлүгүн дал ушул билим берүү жаатындагы кызматташтыгыбыз түзүп турат. Дал ушундай программалар аркылуу маданий жана улуттар аралык ынтымакты бекемдей алабыз.

Стипендияга кимдер тапшыра алат?

Чет жакта окуп, бирок Кыргызстандын жараны болгондор жана бардык кыргызстандык атуулдар тапшыра алышат. Билим берүү англис жана немис тилдеринде болот. Бирок Германияда окуп жүргөндөр тапшыра албайт. Стипендияга ээ болгондордун жол киреси, медициналык камсыздоосу, билим алуусу менен жатакана акысы Германия тарабынан каржыланат. 11-классты бүтүп жаткан мектеп окуучулары да тапшырса болот. Стипендия тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Гүлнара Айтикеева буларга токтолду:

- Жогорку окуу жайлардын бардыгы жеке эле бул DAAD стипендиясы эмес, Германия тарабынан берилип жаткан көп акысыз программалар тууралуу кабардар болушкан. Андан тышкары Бишкекте атайын DAAD борбору бар. Ошол жакка телефон чалып же барып сураштырып, кайрылса болот. Немис тили боюнча курстар да көп. Курстарга катышып, немис тилин да үйрөнүп алса жакшы. Немис тилинен С1, С2 деген тесттерди тапшырышат. Андан тышкары англис тилин билсе да жакшы. Өмүр баянын да талап кылышат.

Узак мөөнөттүк окуудан тышкары Германиянын академиялык алмашуу кызматы үч-төрт айлык тил курстарын үйрөнгөн студенттерди да өз өлкөсүнө алып барууда. Быйыл Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинен 16 студент Берлиндеги жогорку техникалык мектепке бир нече айга кетип жатышат.

DAAD стипендиялары тууралуу кошумча маалыматты www.daad.kg сайтынан кеңири таба аласыздар. Ошондой эле Германияда билим алуу боюнча баардык маалыматты Анн-Катрин Браунмиллерден (жетекчи) жана Виктор Цойдон (кызматкер) алууга мүмкүн. Бул үчүн 0312 32 39 48 номуруна чалсаңыз болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG