Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Ээн журттагы таттуу өрүк, жалгыз аял


Өрүк, Баткен.
Өрүк, Баткен.

Унутта калтырылган ата конуштун аялуу арманын ал жерде киндик каны тамган, балалыгы, жаштыгы калган адам гана билет. Пенде баласы менен табияттын чиелешкен байланышы тууган жерге катылган. Тынымбай Нурмагамбетовдун “Ата конуш” аңгемесинин сюжеттик негизин мына ушул уңгулуу ой түзөт.

Жоголгон уй

Муканын сүттүү ую Аймүйүз бошонуп кетиптир. Кошуна-колоңдор жабылып издешип, жака белден таба алышпады. Желин байлап калгандан тарта уйду аркандап жакшы эле карап жатышкан. Аркандалган малды жем-суу бергенден тажаган чалдын жаш аялы агытып жиберген болчу. Аны укканда Мука эч нерсе айта албай тим болгон.

Аймүйүз мындан төрт жыл мурун да туутка жакын жоголуп кеткен. Көптөп издешип таба албай койгондо кошунасы атын минип чыгып, музоологон уйду Чырагдандын аркы бетиндеги эски журттан таап келген. Мука ую эски журтка кеткенин билип, тору жоргосун токунуп алыс жолго камынды. Талтоганды көргүсү келди окшойт, башкаларды жөнөтпөй жолго өзү чыкты.

Эски журттан көчүп кетмек деле эмес, жаш кезинен бирге түтүн булатып келаткан Данакер кемпирине оор дарт жармашып төшөккө жыгылды да ошо бойдон турбады, эки аптага жетпей жерге берилди. Кемпиринин жылдыгын өткөргөндөн кийин балдары атасына жашыраак аял алып бермекчи болуп ушул Торгунду табышкан. Анысы “совхоздун сентирине” гана жашоого макул болуптур, тоо-ташты аралап жүрүүнү жактырбайт имиш. Ошентип алтымышка ээк каккан Мука жаш аялынын сөзүнөн чыга албаган бир жанга айланып калган.

Көнгөн жерин таштап кетип атканда келип турам деп ойлогон. Мынабу туурга жакын көнгөн жерине кетип калчу ую болбосо Талтоганга бармак деле эмес экен. Басыгы элпек жоргонун үстүндө келатып чалдын ою эски журтуна, бет алдындагы тааныш жерлерге бурула берди. Аймүйүздү эртерээк таап алса, эски журтуна бурулбай деле артка кайтмак. Бирок издеген малы табылбады. Чакан өзөндү кечип өткөндөн кийин эски журттун чалдыбарын аралап кирди. Жетпесбай өтүкчүнүн эски үйүнүн ордун көрдү. Ал киши ултарган өтүктөрдү кийбеген киши бул айылда жок болчу. Арыда Буудайгүл кемпирдин үйүнүн орду турат. Унчукпас кемпир бир айылга жетерлик отун жыйнаганы менен элдин эсинде калды окшойт. Анысы көзү өткөндөн кийин ишке жарады, жылдап жыйган отунун айылдыктар жазга чейин жагышты.

Мына, өзүнүн эски үйүнүн ордуна келди. Багы куурабаптыр, жамгырга эзилген үйдүн дубалдары көчүп кейпинен кете түшүптүр. Көздүн курчу кете түшкөн экен, өрүгү бышып калган окшойт. Бир бутагынан кармап силксе кыйла өрүк түшкөндөй болду, эки уучтай чогултуп алды. Ээрди жазданып көрпөчөнүн үстүнө чапанын жамынып жатып алды эле уйкусу келбеди. Ал түнү кенен уктай албай эртең менен атын алып келип токуп уюн издөөгө чыкты. Түшкө чейин табалбай, бул жакка келгенине бушайман болуп атканда өзөн боюндагы бадалдын арасынан музоосу чыгып атпайбы. Ысыкка жүдөп ачуусу келип турган Мука маңырайып карап турган жоош уюн жыланбоор камчысы менен басып-басып алды.

“Камчынын издери уйдун кыр аркасында жыландын изиндей болуп кала берди. Уй мөңкүп жөнөдү.

Мука ошону менен койбоду, артынан кууп жүрүп сабады. Майпаңдай аяк шилтей жаңы туулган музоо ээрчип алган буларды.

Түтөгөн ачуусу басылган кезде барып Мука бурулуп артына карады. Жаш музоо кыйла артта калып кетиптир. Араңжан денесин кыйшаңдатып жорткон болот. Аны менен жүрүшү ыкчамдагыдай эмес. Ага карыянын көз токтотуп, көңүл коё караганы да ошол болду. Музоо али тыңый элек экен. Дене-боюн эми эле токтото баштагандай. Туулганына бүгүн экинчи күндүр? Көп болсо үчүнчүдүр? Бул музоонун мындай жүрүшү менен айылга бир күн эмес, үч күндө зорго жетишер. Муканын дагы да айласы алты кетти. Эмне кыларын билбей, ар кандай ойлор менен бир азга дейре музоонун соңунан “ош-ош” деп айдаган болот. Мындай кибиреп жүрүүдөн кутулуунун бир гана жолу бар эле – музоону атына өңөрүп алуу. Ошондо Аймүйүз өзү эле буларды ээрчип отурбаганын көр.

Өзөн боюнан узай чыккан Мука атынан түшүп музоону кармамак, аны атына артмак болду. Киши көрбөгөн жаныбар Мукадан кетенчиктей качат. Такыр карматар эмес. Кайта атына минген карыя чапанынын этеги менен тосо далбактата кууп келе жатып, колундагы камчысы менен бир салганда музоо чалкасынан кетти, Аймүйүз арадан мөөрөп келип, ийрелеңдеп кайра туруп келе жаткан музоону калкалай калды. Жалап жиберди. Музоо дир-дир этип энесинин бооруна тартылды”.

Арбыбаган жол

Муканын айласы кетти. Кибиреген музоо менен уюн айдап, төбөдөн кактаган ысыкка жүдөп келатып ээр кашына артылган кара сумкесин сыйпаласа жана өзөн боюнда уйду сабап жүрчүдө түшүп калыптыр. Артына кайтайын десе кыйла жол жүрүп коюшуптур. Уй менен атка теңелип баса албай ара жолдо диртилдеп токтой калган кичинекей музоо бир кезде жыгылып түштү. Байкуш жаныбар деле баласына келгенде жанын берчүдөй, Аймүйүз музоосун жалап-жуктап айланчыктап турат. Кыйла жаткандан кийин музоо ордунан туруп темтеңдей барып энесинин эмчегине жабышты. Ошондон пайдаланып Мука атынын кыл аркан чылбырын чечип алып темтеңдеген музоонун мойнунан бекем байлады.

“Мука үчүн эң кыйыны – музоонун өзү басууга жарабагандыгы. Музоо бир аз жүрүп дагы да буттары майышып, ийрелеңдеп баштады. Карыя аны эми аягысы келбеди. Такыр жүрө албай калганда сүйрөп көрдү. Суусагандык менен ачкалык анын жинин келтирип, ал ошол жинин ушул баспаган музоодон чыгарып атты. Ал “мына бул музоо өлүп калбас бекен ээ?” деп ойлогон да жок. Ойлогусу да келбеди. Чөп басып кеткен жалгыз аяк эски жолдун нугунда жаш музоонун денеси сыйрылып, көкала болуп сүйрөлүп келе жатты.

Бул көрүнүшкө карыя чыдаса да Аймүйүз чыдабады. Өкүрө мөңкүп келип, баласынын асты-үстүнө түштү. Мука дагы не кыларын билбей дел болду. Жолдогу башын көтөрө албай жаткан жаш музоонун абалынан гана эмес, өзүнүн да абалына кейип турду. Суусагандан оозу кургап бараткан кары алакандары менен бешенесин калкалап, жан-жанына абай сала жардам күткөндөй карай баштады. Анткен сайын көзүнө же бир караан же бир мал урунсачы. Канткен менен Мука туулуп өскөн жеринин ар бир өңүрүн жакшы билет. Тигил бир кырдын астында өткөн жылга чейин эле сүт фермасы болгон. Азыр эми ал жоктур. Баары көчүп кеткен чыгар. Не болсо да ошол жерде булак боло турган. Ушул турушунда ошол мупмуздак булак суусунан бир жутуунун өзү бакыт эле.

Музоону камчысы менен түрткүлөй айдап, карыя кырга карай жол алды”.

Жаңылбаптыр, жонго чыкканда эски сүт фермасынын бузулган үйлөрү көрүндү. Эл көчүп кеткен экен деп маанайы түшкөн карыны ал жактан үрүп чыккан иттин үнү сүйүнтүп жиберди, бирөө-жарым бар окшойт. Арсылдаган итин чакырып үйдөн бир кемпир чыкты. Мукага ошондо кайсы жерге келгени жетти, Чынаргүл. Кемпир чүңүрөйгөн көздөрүн ымдап, ыргалган атчан абышка ким экенин кыйлага тааный албай, анан жакындаганда “ой-бай, ау, Мукасыңбы?” деп бүшүркөй карап калды. Кемпир издеп келер кишиси минтип ойдо жок жерден пайда болгонуна ишенип-ишенбей турду. Бул байкуш төрт жыл илгери жалгыз уулунан айрылып, күйүткө биротоло басылып, кулагы да укпай, өзүнчө сүйлөнө берчү болуп калыптыр.

Кулагы оорлошкон кемпир

Мукага ал Кайыпбегинен ажырагандан кийин кулагынан айрылганына капаланыштын ордуна сүйүнүп отургандай сезилди. Бул дүйнөнүн уу-чуусун угуштун эми кажаты жок эле. Кан майдандан кайтпай калган эринен эстелик жалгыз таянычынын трактору кулап каза болгондон бери бул дүйнөнүн кызыгы токтогон. Жалгызынан туяк калбаганын, келини да кетип калганын, бир гана эшиктен үрүп чыкчу ити аны таштабаганын ый аралаш айтты. Сыртка чыкканда Аймүйүздү ээмп турган музоосун көрүп Данакерди эстеди. Аёо билбес Мука байкуш музоону өлтүрүп коё жаздаганын көрүп кейип алды, тууган жеринен бул жаныбар нокто тагынып кетсин деп күймөнүп калды.

Кечинде тамакка отурганда кемпир ичинде чогулган арманын алдыга жайды. Жаш кезден чогуу жүргөн дос-курбусун “айлап-жылдап” күткөнүн, бир күн да күдөрүн үзбөгөнүн, жакшылык, жамандыкты чогуу көргөн жакын адамы “мен өлгөнчө жок дегенде бир келер дегенин” айтты. Акыры келгенине ыраазы экенин билдирди. Аягында Муканын совхоздогу директир уулу бул жерге келип кеткенин кобурады.

“-Өткөн жылы көктөмдө, несин айтасың, Мука, бирөөлөр деректир келе турган болуптур деди. Ушул совхозго Белжигиттин деректир экенин билемин да. Кудай акы, чынымды айтсам, жүрөгүм жарылып кете тургандай сүйүндүм. Кайыпбек менен экөө эгиз козудай ээрчишип жүрчү эмес беле. “Айланайын, Кайыпбекке көңүл айтып кетүүгө келейин деген экен. Кантсин, кошоктошуп өскөн бир жылдын төлдөрү эле го” деп ойлодум. Ошого мал алдырдым. Бала кезинде биздин Кайыпбек экөө корго көмгөн күлчө нанды талашып жешер эле. Ошону эсине салайын деп Белжигитке арнап күлчө да бышырып койдум. Бир кезде бир топ адам “деректир келди, келип калды” деп эле үйдүн тушунан ызылдашып калды. Мен да сыртка чыгып, мойнумду созуп карасам, уйкананын жанынан машинасынан түшүп атыптыр. Тааныдым дароо эле. Балдарың да өзүңдү тартып албеттүү, узун бойлуу чыкты го, Мука. Жазбай билдим деректир ушул экенин. Машинадан түшүп эле туура биздин үйдү карай салгандай болду. Мен шашып калдым да, үйгө кирип кеттим. Данакер Белжигитин Белжан дейт эмес беле. Белжанды өз үйүмүн босогосунан тосоюн, тең жүрүп, тебишип өстү эле, көкүрөгүнө Кайыпбек жанымдын жыты сиңди бекен, жыттайын, көөдөнүмө армансыз басайын дедим. Күттүм. Ары күттүм, бери күттүм. Жок. Келбеген соң кайра сыртка чыктым. Чыксам, баягы топурагандар кайтып баратыптыр. Кыйкырып “Белжан кайда?” дедим эле, бири “Белжаны ким? Директорбу, ал кетип калды” деп атпайбы. Көкүрөгүмө бирөө муз койгондой болдум. Үйгө илкий басып араң кирдим. Мындан өткөн азап, мындан өткөн кордук болбойт экен, Мука. Анан ыйлаганды айт... Мука, мен бейбак кантип ыйлабайын анан, өзүң айтчы?.. Көрсө, ал мага көңүл айтууга эмес, ферманы көчүргөнгө, мени минтип журтта жалгыз темселетип калтырып кетүүгө келген тура”.

Мука Чынаргүлдүн сөзүнө эмне деп айтарын билбей уят каны жүзүнө тээп оңтойсуз абалда жатты. Батага Мука деле келген эмес. Эмнеге унутуп калды экен деп канча убактан бери бечара кемпир жол карап үмүт үзбөй күтүптүр. Данакер болсо келер беле деп ойлоптур. Ушунча жыл жаштык курагы бир өткөн жакын адамдарын күтүп, кантип эле келбей койсун деп алардын эсинен чыгып калганын ойлобой жашаптыр. Арыз-арман, күйүт, ый чүкөдөй кемпирде толуп калган экен, баарын жашырбай Муканын алдына төктү. Анысы ичтеги бугун азайтты окшойт. Эртеси ноктолонгон музоону жетелеп жонго чейин Муканы узатып чыкты. Туулган жердин коңур желине ак жоолугу желбиреп күйүттүү кемпир алыстап кала берди.

Мука ошол күнү кечинде үйүнө жетти. Жаш аялы күйөөсүнүн ушунчалык жүдөп, бир күндө абышка болуп калганына таң калып, экинчи жагынан жийиркенип карап турду. Үстүндөгү кийими баткак, кир, ылай. Жаш аялынын алдында койкоюп жүрчү Муканын бели бүкчүйүп, көзү чүңүрөйүп чуңкуруна кирип кетиптир. Анын белбоосунан төгүлүп түшкөн өрүктөрдү Торгун былчырата тебелеп эшикти катуу жаап сыртка чыгып кетти. Мука мурдагыдай ага жалооруй карабады, жерге түшкөн өрүктөрдү аарчыбай эле жей баштады. Акыркысын эмнегедир жегиси келген жок, андан Ата конуштун жыты келип турган эле.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG