Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Египет: “жаңы диктатура, жаңы фараон”...


Египет, 23-ноябрь, 2012-жыл
Египет, 23-ноябрь, 2012-жыл

Египетте 20дан ашуун бейөкмөт уюм президент Мохамед Мурсини өзүнө кеңири бийлик укуктарын ыйгарган жардыкты жокко чыгарууга үндөдү.

20дан ашуун укук коргоо уюмунун жетекчиси кол койгон катта “президент Мохамед Мурсинин соңку жардыгы Египеттин сот системасын кыйратууга барабар документ” деп аталып, өлкөдө жаңы диктатура орной баштаганы жарыяланат. “Жардык Египетте мыйзам үстөмдүгүн алсыратып, президенттик бийликтин кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгына кызмат кылышын шарттайт”, - деп эскертилет бүгүн каирдик алдыңкы интернет сайттар тараткан кайрылуу катта.

22-ноябр күнү жарыяланган жардыкка ылайык, Египетте соттор же башка бир да бийлик бутагы президенттин чечимине каршы чыга албайт, же анын мыйзамдуулугунан күмөн саноого акысыз. Андан башка Египеттин баш мыйзамын даярдап жаткан Конституциялык жыйынды таратууга тыюу салынат. Ошондой эле 2011-жылкы элдик көтөрүлүш маалындагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн кайра бир сыйра соттоого жол ачылат. Бул жардык жарыяланаар замат, египеттик соттор кошуну документке каршылык билдирип, соттор жана прокуратура органдары ишин токтотоорун жар салган.

Мохаммед Морси
Мохаммед Морси
Египеттик оппозициянын таанымал лидери Мохамед эл-Барадейи жекшембиде чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Мен бүткүл өмүрүмдү диалог, сүйлөшүү жолун жактоого арнагам. Бирок диктатор барып турган куугунтукчул, акылга сыйбаган кадамдарга барып, анан келгиле мунаса табалы десе, андай жагдайда сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Ал жардыгын кайра чакыртып алганда гана, биз сүйлөшүүгө барышыбыз мүмкүн”, - деп басым жасады.

Оппозиция лидери эл-Барадейи өткөн жумада президент Мурси менен жолугушканын, президент анда ушундай жардык даярдалып жатканын бир да сөз кылбаганын кошумчалады. Египеттик оппозициячылар алгачкы күндөн тарта президенттин жеке бийлигин ашыра күчөткөн жардыгына каршы бүткүл элдик демонстрацияларга чыгууга үндөп жатышат. Алар ошондой эле Египеттин президенти АКШнын ишеничтүү өнөктөшү болсо да, адам укуктары, жеке адамдын өмүрүнүн коопсуздугу, социалдык калыстыкты жогору коюп, Вашингтон жана Европалык өкмөттөр Мохамед Мурсинин жардыгын айыптаган билдирүү менен чыгышын күтүп жатканын белгилеп жатышат.

Морсинин каршылаштары менен тарапкерлеринин кагылышуусу, 23-ноябрь, 2012-жыл
Морсинин каршылаштары менен тарапкерлеринин кагылышуусу, 23-ноябрь, 2012-жыл
Ошентип оппозиция лидерлери Египетте президенттин бейшембиде чыгарган жардыгы күчүндө турганда, сүйлөшүүгө барбай турганын, ага каршы көчө акцияларын уюштурууга чечкиндүүлүгүн билдирди. Президент Мохамед Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылы шейшембиде Каирде бийликти жактаган ири акцияга миллиондой адам алып чыгаарын жарыялады.

Интернеттеги социалдык тармактарда египеттик активисттер президентти “Египеттин жаңы фараону” деп атап алышты. Анын жардыгына каршы көчөгө чыккандарды соңку күндөрү полиция желим таяк, көздөн жаш агызчу газ колдонуп таратып, жараат алган жүздөгөн адам ооруканага кайрылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG