Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Мубаракчылар Тахрир аянтын камоого алды


Полициячы демонстрантты Тахрир аянтына өткөрбөй жатат. Каир. 3-февраль, 2011
Полициячы демонстрантты Тахрир аянтына өткөрбөй жатат. Каир. 3-февраль, 2011

Египетте саясый тирешүүлөр уланууда. Каирдин Тахрир аянтында Хосни Мубарактын тарапкерлери менен анти-бийликчилердин ортосунда өткөн түнү болгон кагылышууларда 5 киши өлгөнү, жалпы өлкө боюнча 10 киши набыт болгону ырасмий маалымдалды.

АКШ кагылышууларды айыптап, президент Мубаракты бийликти токтоосуз өткөрүп берүүгө чакырды. Оппозиция лидерлери өкмөттүн сүйлөшүү жөнүндөгү сунушун четке кагып, адегенде Мубарактын тактыдан кетишин талап кылышты.

Каирдеги түнкү сүр-сүрдү ким уюштурду?
Каирдин ортолугундагы Тахрир аянты.

Өкмөтчүлөр менен оппозициячылардын кагылышуулары 2-февралда Хосни Мубарак президенттиктен өз мөөнөтүндө же сентябрда жалпы элдик шайлоодон кийин кетерин жарыялагандан соң башталды. Тараптар бири-бирине таш, темир-тезектерди ыргытып, колго илингендерин жабыла тепкилеп жатышты.

Өткөн түнү Каирдин ортосунда бир сааттан ашык убакыт октун үнү да жаңырып турду. Демонстранттардын ырасташынча, окту Мубарактын жактоочулары менен жөнөкөй кийинген полиция кызматкерлери аткан. Мындай айыптоону Ички иштер министрлиги куру дооматка чыгарды.

Кошмо Штаттар кагылышууларды сындады жана Хосни Мубаракты бийликти өткөрүп берүүнү кечиктирбей баштоого үндөдү. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин билдиришинче, АКШ президенти 2-февралдын кечинде Мубарак менен телефондон сүйлөшкөндө бийлик алмашчу мезгил келгенин түз айткан:

- Мен бул жерге президент Обама президент Мубарак менен түз сүйлөшкөнүн айтканы чыктым. Ачык жана түз сүйлөшүү болду. Так эмне айтылганына токтолбойм. Менимче, президент өзгөрүүгө убакыт жеткени тууралуу ачык айтты.

Анти-өкмөтчүл демонстрант өкмөтчүлөр менен мушташуу учурунда башын эски дагара менен тосууда. Каирдин Тахрир аянты. 3-февраль, 2011-жыл
Мубарактын жактоочуларынын кечээ күнкү кол салууларынан кийин демонстранттар Тахир аянтында акыр аягына чейин турабыз деген чечкиндүүлүк пайда болгону айтылууда.

Премьер-министрдин сунушу четке кагылды

3-февралда премьер-министр Ахмед Шафик кечээ демонстранттарга болгон кол салуулар үчүн кечирим сурап, оппозиция жетекчилерин сүйлөшүүгө чакырды. Бирок оппозициянын көрүнүктүү өкүлү ал-Барадейи менен “Мусулман агайиндер” кыймылы чакырууну четке кагып, обол Мубарак бийликтен кетсин деген талап коюшту. Болбосо, алар жума күнү Каирдеги президент сарайынын алдында массалык демонстрация өткөрмөк болууда.

Египеттин саламаттыкты сактоо министринин билдиришинче, 2-февралдан берки сүр-сүрдө өлкө боюнча 10 киши курман болду. Алардын бешөө ордолуу Каирдин ортолугундагы Тахрир аянтындагы жана анын кире беришиндеги жаатма-жаат мушташта өлгөн. Жарадарлардын саны 840ка чукулдаган.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уоч" уюму Египет өкмөтүн 2-февралдын түнүндөгү кагылышууларды токтотподу деп күнөөлөдү.

Армия бүгүн бешимде өкмөтчүлөр менен демонстранттар ортосуна танктарды жана аскерлерди жайгаштырып, 80 метрлик бейтарап тилке түздү. Мубаракчылар Тахрир аянтына суу, азык-түлүк, дары-дармек ташыган адамдарды өткөрбөй жатат. Ошондуктан ал жердеги адамдарга кошулам дегендердин борбордук аянтка өтүүсү татаал болот.

Улуттар Уюмунун маалымдашынча, 25-январда башталган толкундоолордон бери Египетте 300дөй адамдын каны төгүлгөн. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун каршылашкан тараптарды токтоолукка чакырды.

XS
SM
MD
LG