Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Египетте ондогон демонстрант өлдү, көчөлөрдө каршылык аракеттер уланууда


Каирдиктер аскерлерге айбат кылууда. 2011-жылдын 31-январы. AFP.
Каирдиктер аскерлерге айбат кылууда. 2011-жылдын 31-январы. AFP.

Египеттин өкмөтү президент Хосни Мубарактын жардыгын кабыл алып кызматтан кетти. 29-январга карай түн оогондо сыналгы аркылуу элге кайрылган Мубарак министрлерди өлкөдөгү жумушсуздук, саясий куугунтук, башкаруу мекемелерин чырмаган коррупцияга жооптуу деп кызматтан бошоткон.

Бирок министрлердин иштен айдалганы апта башынан бери көчөгө чыгып, Египеттин президентинин бийликтен кетишин талап кылган ачуулуу адамдарды ынандырган жок.

Аларды армия башчыларынын кечки 4төн кийин көчөгө чыккандарга “мыйзам чегинде” аракет көрүлөөрүн эскерткени да токтотчу түрү жок.

Египеттин борбору Каирде, андан тышкары Александрия жана башка шаар-калааларда ишембиде (29-январда) миңдеген адамдар башкы көчө, аянттарда чогулуп: “Эл Мубарактын кетишин талап кылат!” деп кыйкырып жатышты.

30 жылдан бери бийлик чылбырын бекем мыкчыган Хосни Мубарактын тушунда туулуп-чоңойгондор ушу тапта Египет калкынын үчтөн бирин түзөт экен.

Башка өлкө жетекчисин көрүп-билбеген жаштар азыр көчөгө чыккандардын алдыңкы катарын ээледи.

Албууттанган калкты жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү полиция менен кагылышуу маалында ондогон киши мерт болуп, дагы эки миңдей адам жарадар болгону ого бетер кыжырданткандай болду.

Чет элдик эксперттер жума күнү Египетте уюкфон байланышы өчүрүлүп, интернет иштебей калганы жаңы демонстранттар толкунун жаратты деп белгилешет.

Элдик толкундоону мысырдык жаштар "Лотос ыңкылабы" жана "FaceBook ыңкылабы" деп атап жатышат.

Ишембиде Египеттин саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү расмий маалымат таратып, жума күнкү көчө акцияларында 38 киши шейит кетип, 2000ден ашуун жарадар ооруканага кайрылганын кабарлады.

Расмий маалымат боюнча, ушул аптадагы митинг-демонстрацияларда өлгөн кишилер саны 45ке жетти.

Бейрасмий булактар мерт болгондор саны андан көп деп эскертишет.

Каир жана башка шаарларда толкуган элди аралап жүргөн кабарчылар ишембиде көчөгө чыккандар өкмөттүн кызматтан кетиши аларды канааттандырбай турганын, алардын бирден бир максаты Египеттеги саясий режимди өзгөртүп, президент Мубаракты бийликтен кетирүү экенин кайталап жатышканын айтышат.

Өлкөнү каптаган нааразылык чаралары башталган беш күндөн бери алгачкы ирет (ишембиге оогон саатта) эл алдына чыгып, сыналгыдан сүйлөгөн 82 жаштагы Хосни Мубарак кызматынан чегинүү ниети жок экенине басым жасады.

Ал бир катар чечкиндүү реформа баштоону убада кылып, куралдуу күчтөргө Каир жана дагы бир катар шаарларда аскерлер киргизип, коопсуздукту катуу күзөтүүнү буйруду.

Чет элдик кабарчылар ишембиге караган түнү Египетте бир топ дүкөн, банк жана башка мекемелер каракталып өрттөлүп, калк ушу тапта кырдаал дагы кандай болуп кетет деп чочулап турганын маалымдашат.

Көчөдөгү элдин андан да күчтүү кыжырдануусунан кооптонуп, ишембиде уюкфон байланышы калыбына келтирилди.

Интернет дале өчүк бойдон турду.

Эки жума мурдараак Тунисте бийлик алмашуусуна алып келген элдик толкундоолорго улай башталган ири көчө акциялары мындай деңгээлде Египеттин соңку тарыхында болуп көрбөгөн.

Демонстранттарды алдыга сүрөп, элдин баарын артынан ээрчиткен бирдиктүү лидер деле жок, кыймылды башында уюштуруп дем берген бир нече оппозициячыл уюмдар бар, алардын анабашында “Мусулман Агайындар” (ал-Ихван ал-муслимун) уюму да бар.

Ишембиде бир катар чет мамлекеттер өз жарандарын Египетке эс алууга барбай турууга үндөштү.

Саякатчылардын сүйүктүү жайына алдын-ала туристтик жолдомо саткан фирмалар кардарларын тейлей албай, Каирге барчу бир топ аба каттамдары жолго чыкпады.

АКШ президенти Барак Обама телефондон Мубарак менен баарлашып, аны мурунку түнү элге кайрылуусунда айткан демократиялык реформаны чукул арада турмушка ашыруу боюнча чечкиндүү кадам жасоого үндөгөнү кабарланды.

Каирде жума күнкү намаздан кийин көчөгө агылган эл арасында болгон Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурдагы жетекчиси, египеттик дипломат Мохаммед Эл-Барадейи “Хосни Мубарак кетиши керек. Андан башка жол жок” деп эскертти.

Жума күнү үй камагына отургузулган Эл-Барадейи баары бир көчөдөгү элге барып кошулам деп убада кылды.

Тасмада: Мысырда толкундоолор уланууда

25-январдан бери толкуган эл 30 жыл бийликте отурган 82 жаштагы Хосни Мубарактын президенттиктен кетүүсүн жана демократиялык реформаларды талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG