Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Египет өкмөтү фундаменталисттик уюм менен сүйлөштү


Египтеттин желегиндеги түстөрдү бетине түшүргөн митингчи Каирдин Тахрир аянтында, 4-февраль.
Египтеттин желегиндеги түстөрдү бетине түшүргөн митингчи Каирдин Тахрир аянтында, 4-февраль.

Египетте тыю салынган "Мусулман агаиндер" уюму саясий кризис боюнча өкмөт менен сүйлөшүүгө катышууда.

Жарым айдан берки толкундоолорду токтотуу жаатындагы диалогго фундаменталисттик исламдык бул топ менен катар бир нече фракция да тартылган.

Египеттин вице-президенти Омар Сулейман улам тереңдеп бараткан саясий кризисти жөнгө салуу максатында 6-февралда өлкөдөгү ири оппозициячыл топтор, анын ичинде "Мусулман агаиндер" менен жолукту. Талкууда бир нече майдараак партиялар, көз карандысыз эксперттер жана оппозицинын өкүлү, Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Мохаммед Эл Барадейи да болду.

Кабарларга караганда, Сулейман жана оппозиция лидерлери конституциялык реформалар боюнча сунуштарды карай турган комитет түзүүгө келишти. Мындай реформа президенттик шайлоого көбүрөөк талапкерлердин катышуусуна жана президенттин кызмат мөөнөтүн чектөөгө мүмкүндүнк берет.

Сулейман ошондой эле президент Мубарактын кетишин талап кылып жаткан демонстранттарга ыдык көрсөтүлбөйт деп сөз берди.

Президент Хосни Мубарак өкмөттүн курамын жаңылап, реформа жүргүзүүгө убада кылып, бийлик партиясынын жетекчилигин өткөрүп берди. Ишемби күнү бийлик партиясынан президенттин баласы Гамал Мубарак да чыкты. Бирок өлкөнү 30 жылдан бери үзгүлтүксүз башкарып келген 82 жаштагы президент өз мөөнөтү ушул күздө, сентябр айында аяктаганга чейин кызматымда кала берип, бийликтин тынч алмашышына өзүм көз салам деп айтууда.

Талкуу Египет өкмөтү менен фундаменталисттик "Мусулман агаиндер" уюмунун ортосундагы биринчи сүйлөшүү болуп калды. Бул уюмдун мүчөлөрү мындан эки жума мурда башталган толкундоолордо бир канча жолу камакка алынды.

Саясий изилдөөчүлөр бул уюм чындыгында көпчүлүк ойлогондой радикал топ эмес экендигин белгилешүүдө. Элизабет Эррот "Америка добушу" радиосунун Каирдеги бюросунун жетекчиси:

- Менимче, көп адамдар "Мусулман агаиндер" дегенде (палестиналык) Хамасты, ал тургай (террористтик) Ал-Каиданы ойлошот. Бул уюмдар чынында да кезегинде Египеттеги "Мусулман агаиндер" уюмунан бөлүнүп чыгышкан. Андан кийин да уюмдун мүчөлөрү бир топ тополоң салышкан. Бирок жалпы жонунан алганда бул уюм бара-бара социалдык кыймылга айланган.

"Мусулман агаиндер" Египетте исламдык мамлекет орнотууну максат кылаары чын, ошол эле мезгилде аялдарды көчөдө паранжы жамынып жүрүүгө мажбурлабайбыз деп айтышат жана жакында демократиялык, жарандык мамлекет курууга чакырышты.

"Мусулман агаиндер" 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо мандаттардын 20 пайызын жеңип алышкан. Бирок өткөн жылдагы шайлоодо бир да орун ала алышкан жок. Соңку шайлоо бийликтеги Улуттук Демократиячыл партиянын кызыкчылыгында мыйзам бузуулар менен өттү деп бааланган.

Эррот Агаиндер Египетте көпчүлүк сыйлаган уюм бойдон кала берип жаткандыгын белгилейт. Буга караганда, Мубарактын "Мусулман агаиндери" менен сүйлөшүү баштоо чечими анын өлкөдө ири саясий күчкө айланышына жол ачууда.

XS
SM
MD
LG