Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Бакиев байма-бай чагылдырылууда, үгүт иштери баштала элек


Соңку кездери учурдагы президентти тигил же бул иш-чараларга байланыштуу мамлекеттик маалымат каражаттарында байма-бай чагылдыруу көбөйдү. Медиа тармагындагы адистердин айтымында, бул - шайлоого байланыштуу болуп жатканы көрүнүп турат. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо азырынча шайлоо өнөктүгүн бузган маалымат каражаттары каттала электигин билдирүүдө.

Медиа өкүлчүлүк институту жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси биргеликте алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу маалымат каражаттарына байкоо салуу ишин башташты. Медиа өкүлчүлүк институту бул ишти бир жума мурда баштаган болсо, “Журналисттер” коомдук бирикмеси байкоо иштерине жаңы кошулду.

Медиа өкүлчүлүк институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, алгачкы бир жуманын жыйынтыктары көрсөткөндөй учурдагы президенттин катышуусунда “фонтан ачуу”, “мектеп ачуу” сыяктуу иш-чаралар маалымат каражаттарында мурдагыдан көбөйгөнү байкалууда:

- Чынында эле шайлоо алдындагы үгүт иштери 18-июнда башталат да. Биз 1-июндан тартып байкоо жүргүзө баштадык. Негизинен маалымат каражаттары шайлоо тууралуу маалыматтарды берип атышат. Азырынча түздөн-түз үгүт жүргүзгөндөр боло элек. Бирок биздин көңүлүбүздү бурган нерсе – ушул тапта өлкө президентинин катышуусунда өткөн ар кыл иш-чаралар көбөйүп кетти.

Өткөн жумада эле оппозиция өкүлдөрү президент ашыгып үгүт иштерин баштап алганын, анын колунда бардык бийликтер турган маалда шайлоо эч качан таза өтпөсүн айтып чыгышкан. Анын Ысык-Көл жана Нарын облусуна болгон иш-сапарлары да сындалып, азыр жолду катар аймактарда президент Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү жайнап кеткени да үгүт процессин бузгандык катары бааланган.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев билдиргендей, маалымат каражаттарына мониторинг жүргүзүү негизинен Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Анда төрт теле компаниянын ишине - “Улуттук биринчи канал”, “Бешинчи канал”, “ЭлТР”, “НТС” жана эки радионун ишине – “Кыргыз радиосу” менен “Азаттыкка” байкоо жүргүзүлмөкчү:

- Мониторинг негизинен маалымат каражаттарында чагылдырылган талапкерлер тууралуу маалыматтардын сандык жагын карайт. Кайсы талапкерге канча орун берилип атканы байкалат. Экинчиси, сапаттык жагына көңүл бурулат. Кайсы талапкер, кандай чагылдырылды? Терс чагылдырылдыбы же оңбу?

Шайлоо кодекси учурдагы президентке өтө чоң артыкчылык берет

2007-жылы жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү кодекске ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары менен президент кийинки шайлоого аттанган маалда өз кызматтарын бошотпоого укуктуу экендиктери жазылган.

Адистердин пикиринде, шайлоо кодексиндеги мындай жагдайлар талапкерлерге эч качан бирдей шарттарды түзүп бере албайт. Андыктан, Кыргызстандын биринчи президенти деле жасалма референдумдар аркылуу мыйзамдарды өзүнө жаккандай оңдоп келген болсо, экинчи президент андан ашып түшүп, шайлоо кодексиндеги беренелерди 2 жыл мурда эле оңдоп алган дешет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи Алмаз Насипбековдун айтымында, азыркы тапта шайлоо өнөктүгүн бузуп, кайсы бир талапкерди шайлагыла деп үгүттөгөн маалымат каражаттары байкала элек. Президенттин ишин мамлекеттик маалымат каражаттары көп чагылдырышканы менен аны шайлагыла деп үгүттөшкөн жок. Бул болсо шайлоо кодексине каршы келбейт:

- Президенттин азыркы жасап аткан иштерин үгүт иши деп айта албайбыз. Анткени биз 2005-жылы баарыбыз барып ушул кишини шайлап алганбыз. Демек президент азыр жөн гана өз иштерин жүргүзүп атат. Ал эми маалымат каражаттары аны чагылдырганга милдеттүү да. Бекер эфир убактысы тууралуу айта турган болсок, бардык талапкерлерге бирдей убакыт берилет. Ал чүчүкулак кармоо аркылуу аныкталат.

БШКнын календардык планына ылайык ырасмий түрдө үгүт иштери 18-июнда башталганы турат. Президенттикке талапкерлерге мамлекеттик сыналгылардан бекер бериле турган эфир убактысы чүчүкулак кармоо аркылуу аныкталмакчы.

Ошентсе да адистердин пикиринде, азырынча элди түздөн-түз шайлоого үгөттөшпөсө да мамлекеттик маалымат каражаттары президентти кайра-кайра чагылдырып, кыйыр үгүт жүргүзүп жаткандай абал калтырышууда. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев билдиргендей, ушул сыяктуу учурлар да документалдык түрдө катталып, маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турмакчы.

XS
SM
MD
LG