Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Орусияда өткөн шайлоо жыйынтыкталды


«Коррупция менен күрөш фондунун» юристи Любовь Собольдун добуш берип чыккан учуру. Москва шаары. 8-сентябрь, 2019-жыл.
«Коррупция менен күрөш фондунун» юристи Любовь Собольдун добуш берип чыккан учуру. Москва шаары. 8-сентябрь, 2019-жыл.

Өлкө боюнча талапкерлер 47 миң ар кандай даражадагы мандатка ат салышты.

8-сентябрда Орусияда шайлоо болуп өттү. Орусиянын жарандары өлкө боюнча губернаторлорду, мэрлерди жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлады.

Бирдиктүү добуш берүү күнү деп аталган шайлоодо Орусиянын 27 аймагында өткөн шайлоодо 16 губернатор шайланды. Ал эми Москванын тургундары бул күнү шаардык кеңештин депутаттарын шайлашты.

Жалпысынан өлкө боюнча талапкерлер 47 миң ар кандай даражадагы мандатка ат салышты.

Москвада биринчи жолу электрондук түрдө добуш берүү системасы иштеп, ага 11 миң шайлоочу катталган. Бирок шайлоо күнү бул система эки жолу бузулуп, мүчүлүштүктөн улам эки саатка жакын иштебей туруп калды.

Орусиянын маданий борбор калаасы аталган Санкт-Петербургда да добуш берүү ызы-чуу менен коштолду.

Эртең менен шаардын участкалык шайлоо комиссиялардын биринде эки байкоочуга кол салуу болду. Бул тууралуу оппозициячыл Алексей Навальныйдын Петербургдагы штабы билдирди. Байкоочу Анна Шлейникованы үйүнөн чыга беришинде бирөөлөр күтүп туруп, ага зелёнка чачышкан.

Татарстанда болсо шайлоо бюллетендерин тобу менен таштап жаткан учур видеого түшүп, катуу талкууга алынууда. Анда эркек шайлоочу урнага келип бюллетендерди таштаганда алтургай топ кагаздын салмагынан катуу үн чыкканы угулган.

Бюллетендерди тобу менен таштоо фактылары Орусиянын башка шаарларында да катталган.

Санкт-Петербург шайлоо комиссиясынын төрагасы Виктор Миненко маалымат каражаттарында байкоочуларга кол салуу боюнча чыккан маалыматтарды “фейк” деп атады.

Орусияда өткөн бул шайлоого салыштырмалуу аз шайлоочу катышты. Мисалы добуш бергендердин саны боюнча дайым биринчиликти алып келген Башкырстанда шайлоого 65% шайлоочу катышканы маалым болду. Санкт-Петербургда добуш берген шайлоочулар 23,69%, ал эми Москвада 17,2 эле пайызды түздү.

Учурда Орусиянын борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды санап жатат. Экзитполдун жыйынтыгына ылайык Санкт-Петербургда “Бирдиктүү Орусиянын” талапкери Александр Беглов добуштардын 56% алып губернаторлукка ат салышууда алдыга озуп чыкты.

Ал эми Москванын шаардык кеңешине ат салышкан оппозициячыл же жалгыз чыккан талапкерлер бийликтин талапкерлеринен артта калбай, айрымдары ашып кеткенин байкоого болот. Айрыкча Григорий Явлинский башында турган “Яблоконун” талапкерлери көп добуш алганы белгилүү болду.

Хабаровскинин мыйзам чыгаруучу думасына бийликчил партиянын бир да талапкери өтпөй калганы көптөр үчүн күтүүсүз болду. ”Бирдиктүү Орусиянын” бул аймакта рейтинги абдан төмөн. Бул аймакта башкаруу бутактарынын дээрлик бардыгын ЛДПР партиясынын өкүлдөрү ээлеп жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG