Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

«Баланын семириши - кооптуу белги»


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиялык профессор, балдар эндкоринологу Эргүн Четинкая февралдын аягында Бишкекке келди. Ал кыргызстандык балдардын эндокринологиялык оорулары Кыргызстанда жетиштүү дарыланбай жатканын белгиледи.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн жана балдардын эндокринологиялык саламаттыгын текшерген атайын адистер өтө аз.

Ушундан улам ата-энелердин көбү бою өспөй жаткан же тескерисинче эрте жетилген балдарынын саламаттыгына көңүл бура албай келет.

Мындан тышкары өлкөдө йоддун тартыштыгынан жабыркагандар да көп.

Түркиядан Бишкекке келип, балдарды текшерген анкаралык профессор Эргүн Четинкая балдар арасында кезигип жаткан илдеттер тууралуу мындай маалымат берди:

«Ар бир өлкөдөгү балдардын ар түрдүү эндокринологиялык оорулары болот. Менин байкашымча, балдар арасында бойдун өспөй калышы көп кездешет. Бул мүшкүл. Себеби, ошол бойдон же кеч өсүп же токтоп калышы мүмкүн. Албетте, муну дарыласа болот. Сөзсүз түрдө балдардын эндокринологуна көргөзүп, гормондордун абалына көз салыш керек».

«Кыздар бат жетилүүдө»

«Дагы бир орчундуу проблема - бул эрте жетилүү. Азыр айызы тогуз жашында эле келген кыздар көп болуп жатат.

Окумуштуулар буга климаттын өзгөрүшү, тамак-аштын гендик жактан модификация болушу, күнүмдүк тиричиликте желимди көп колдонуу, самын, шампунь, айна өңдүү жуунучу заттардагы ашыкча химиялык кошулмалар себеп болуп жатканын айтышат.

Бир топ анализдерди тапшырып, кыздардын айызынын эрте келишинин себебин такташ керек. Адатта кыздардын көкүрөгү 9-10 жашында эле түйүлүп, айызы 13-14 жашында келиши керек.

Андан эрте болсо ата-энеси сөзсүз дарыгерге барып, ички органдарын ультраүндүк жабдуу менен текшертип, гормондорун карашы зарыл. Жыныстык органдардын эрте жетилиши кыздарга караганда балдарда азыр сейрек кездешет.

«Балдардын семириши кооптуу жышаан»
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

Ошентсе да 7-8 жашында өспүрүм курагы башталган балдар деле болуп жатат. Алардын жумуртка бези 2 сантиметрден ашыкча болбошу керек. 12-13 жашынан кийин гана бул бездер чоңойот. Эгер ашыкча болуп баратса, бул гормоналдык өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар берет.

Балдар жана өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйдү. Аны туура эмес тамактануудан көргөндөр көп. Бирок ашыкча салмакка калкан бездеринин иштешинин бузулушу да себепкер болушу мүмкүн.

Бала диета кармап, көп кыймылдаганына карабай семире берсе дарыгерге кайрылган оң. Себеби, калкан бези начар иштеген балдар йод жетишсиздигинен жабыркап, чарчоо, маалыматты жакшы кабыл албоо деген сыяктуу кыйынчылыктарга да дуушар болот».

Кыргызстанда балдар эндокринологдору жетишсиз

Четинкая гормоналдык дарылоонун тескери таасирлери, Кыргызстанда буга байланышкан терс көз караштар тууралуу да оюн айтты.

Дарыгер Четинкая өлкөдө адис жетишпегени үчүн балдар эндокринологиясы аксап жатканын баса белгилеп, бул багытта чет элдик адистерден сабак алууну сунуш кылды:

Эргүн Четинкая.
Эргүн Четинкая.

«Ооба, гормоналдык жактан дарылоо Кыргызстанда жакшы өнүккөн эмес. Буга эмне себеп болуп жатканын да билдик. 6,5 миллион эли бар Кыргызстанда төрт гана балдар эндокринологу бар экен. Мындай шартта эндокриндик бейтаптарды жалпы терапиянын адистери, педиатрлар карап жатпайбы. Алар адис болбогондон кийин бейтаптарды кантип толук карай алат? Кайсы бир гормоналдык дарынын балага кандай берилерин кантип аныкташат? Ушундан улам дарыны туура эмес, дозасынан ашыкча, балким аз жазгандыктан, ар түрдүү гормоналдык проблемалар келип чыкканын байкадым. Тукумсуздук, бойдун ашыкча өсүп кетиши, денесин түк басуу же эрте бойго жетүү сыяктуу кыйынчылыктар гормон дарыларынын көп болуусуна байланыштуу. Мындан ондогон жылдар мурда Түркияда да абал бул жактагыдай эле. Себеби, бизде да балдар эндокринологдору жетишсиз болчу. Азыр гормон терапиясы тескери таасир эткен учурларды өтө аз кездештиресиз. Анткен менен эндокринология - өтө оор тармак. Дүйнөдө биздин адистик менен иштеген дарыгерлер аябай аз. Кыргызстан - өнүгүп келе жаткан өлкө, медицина окуу жайларында эндокринология тармагына олуттуу мамиле кылышы керек. Бирок бул билимди кыргыз жаштарына ким берет? Жаштарды окута турган адистер да жок эмеспи. Мындай шартта чет өлкөлөрдөн бул багытта адистерди чакырып келиш керек. Түркияда 1950-жылдары бир нече дарыгерди АКШга жиберген. Алар эндокринология боюнча төрт-беш жыл билим алып, алар түрк адистерин окутуп, азыркы деңгээлге жеттик. Маселен, Сауд Арабиясы 1970-жылдары дал азыркы Кыргызстандай медицинасы чабал өлкө эле. Алар Түркиянын дарыгерлерин чакырып, өз дарыгерлерин окутуп, медицинасы дүйнөлүк деңгээлге жетти. Ушул сыяктуу билим, тажрыйба алмашууну байма-бай уюштурган жакшы»​, - деген ойдо Эргүн Четинкая.

Эргүн Четинкая Анкарада балдардын эндокринологиялык «Эндомер» ооруканасын жетектейт. Мындан ары Кыргызстанга тез-тез келип, бейтаптарды текшерип туруу планы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG