Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Казакстан: эки элди уруштурган имиш


Жаңжалдан улам жергиликтүү полиция айылга аскер техникаларын киргизип, толук көзөмөл орноткон.
Жаңжалдан улам жергиликтүү полиция айылга аскер техникаларын киргизип, толук көзөмөл орноткон.

Казакстандын түштүгүндөгү Эралиев айыл округундагы жаңжал тажик бала өспүрүм кызды зордуктады деген имиштен улам от алган.

1-2-августтагы жаңжалдын кесепетинен тажик улутундагыларга тиешелүү бир нече үй жана машине өрттөлгөн. Учурда тажик тектүүлөр бийликтен айыл тынчтыгын камсыз кылып берүүнү суранууда.

Секелек казак кызды өспүрүм тажик бала зордуктаптыр деген имиш Түштүк Казакстандагы Дыйкан айылында жашаган казак-тажик элдеринин ортосуна жик салды. Жаңжал 1-августта башталган. Экисине караган түнү союлдар менен куралданган казак улутундагылар тажиктер жашаган айылдагы үйлөрдү жана машинелерди өрттөп кетишти.

Жаңжал болгон айыл
Жаңжал болгон айыл

Дыйкан айылында тогуз баласы менен жашаган тажик Махмуджан Арзымуратов окуя түнкү эки жарымда болгонун айтат:

- Жүз чакты казак жаштар айгайлап келишкенде бала-чакабыз менен качып, жашынып калдык. Баш-аягы 10-15 мүнөттүн ичинде алар биздин үйдү өрттөп, машинебизди талкалап кетишти. Аларды полиция кууду. Бирок алар качып баратып да айыл четиндеги үйлөрдү өрттөгөнгө үлгүрүштү. Жол боюндагы кошуна айылдарга да кол салышты.

Учурда Дыйкан айылынын тургундары окуя кайра кайталанып кетеби деп кооптонуп турушат. Калабадан жабыркаган мүлктөрдү полиция текшерип жүрөт. Полиция кызматкерлеринин бири тажиктер жашаган бардык айылдар кайтарууга алынарын билдирди.

Ошол эле айылдын дагы бир тургуну атын атоодон баш тартып, учурда Дыйкан айылында полиция көрүнбөгөнүн айтат.

- Биз кандай коргонорду билбей калдык. Коргонуп каршы чыксак, чатак ырбап, улуттар аралык чоң жаңжал чыгып кетеринен чочудук. Алар өтө көп болчу. Токтотуу мүмкүн эмес. Биз Казакстандын жараныбыз. Баарыбыз казакча сүйлөйбүз. Анан эле бир заматта ушундай абалга түшүп калдык. Азыр айылды коруган полиция да көрүнбөйт.

Дыйкан айылындагы талкаланган үйлөрдүн бири
Дыйкан айылындагы талкаланган үйлөрдүн бири

Казакстанга тажиктер 1964-жылы Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусунан көчүп келишкен. Алар Казакстанда коон-дарбыз өстүрүп оокат кылышат. Кечээки калабадан кийин үйү өрттөнгөн айрым тажиктер айылдан көчүп кете баштаганын айтышат.

Дыйкан айылына кошуна турган Абай айылындагы тажиктер да кол салуунун кайталанышынан коркуп калышкан. Абай айылынын тургуну Уразбай Данияров 1-августка караган түнү токмоктолгонун айтат.

Уразбай Данияров, Абай айылынын жашоочусу.
Уразбай Данияров, Абай айылынын жашоочусу.

- Ызы-чуу болуп атканын угуп, эч нерседен бейкапар эле көчөгө чыккам. Алар мени көрөрү менен кепке-сөзгө келбей эле тепкилеп киришти. Эсимди жоготуп коюпмун. Өзүмө келсем колум сыныптыр. Ооруканага жаткырышты. Бирок мен ооруканага жатпай койдум. Чыгып, үй-бүлөмдү башка айылга көчүрдүм. Ошол түнү ал балдар 3-4 машинени жана жол боюндагы үйлөрдүн терезелерин да талкалап кетишкен.

Негизи казак жарандар секелек кызды зордуктоого Сейфуллин айылындагы тажиктерди айыпташкан. Бирок от тутанып ал айып жалпы тажик тектүүлөргө тиешелүү болуп калган. Мындан улам жергиликтүү полиция айылга аскер техникаларын киргизип, толук көзөмөл орноткон. Айылга чоочун кишинин киришине тыюу салынган.

Окуя чыккан күнү Түштүк Казакстан облусунун акими Уласбек Садибеков айылга келип, Ералиев айылынын тургундары менен жыйналыш өткөргөн. Жыйналышта Сейфуллин айылында жашаган секелек кызга эч кандай сексуалдык аракет болбогонун экспертиза далилдегени маалымдалган.

Буга чейин Түштүк Казакстан облустук Ички иштер башкармалыгы «облустагы Мактарал районунун Сейфуллин айылында өспүрүм кыз зордукталды деген имиштен улам, белгисиз адамдар бейбаштык аракеттерге барган. Натыйжада үч тургун денесинен жаракат алган. Бир дүкөндүн терезеси сынган" деген маалымат тараткан болчу.

Эралиев айылы
Эралиев айылы

Полициянын кабарына караганда, секелек кызды зордуктады делген тажик балага карата кылмыш иши козголгон эмес. Ал ата-энесинин көзөмөлүнө тапшырылган. Ал эми тажик улутундагылардын сабалышы жана үйлөрүнүн өрттөлүшү боюнча бир да адам кармала элек. Ал окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Мактарал районунда 300 миң адам жашайт. 176 калктуу пункту бар райондо алтымыштан ашык улуттун өкүлү жашайт. Бул район Түштүк Казакстан облусунун борбору Шымкент шаарынан 230 чакырым алыста жайгашкан. Облуста улуттар аралык майда-барат чыр чатактар маал-маал чыга калып жүрөт.

Чимкент облусу Казакстандагы калк эң жыш жайгашкан аймак деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG