Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Евробиримдиктеги талаштуу тандоо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үч күндүк талаш-тартыштан жана бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдөн кийин Европа Биримдиги беш жылдык мөөнөткө аткаруу органдарына жаңы адамдарды тандоого жетишти.

Шаркеттеги негизги кызмат орундары Германия менен Францияга тийди. Бирок уюмга акыркы болуп кошулган мамлекеттердин позициясы талапкерлерди тандоону создуктуруп жиберди. Уюмдагы акыркы өзгөрүүлөр май айындагы Европарламентке өткөн шайлоодон кийин болуп отурат.

Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод-Юнкердин ордун күздөн тартып Ангела Меркелдин мурдатан берки өнөктөшү, Германияда аялдардан биринчи коргоо министри болгон 60 жаштагы Урсула фон дер Ляйен ээлеши мүмкүн. Эгер анын талапкерлиги Европарламентте колдоо тапса, ал Еврошаркеттин аткаруучу органын жетектеген биринчи аял болуп калмакчы.

Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Урсула фон дер Ляйен башка талапкерлер Брюсселдеги бардык мүчөлөрдү канааттандырбаган соң, үч күндүк талаш-тартыштан кийин сунушталды.

«Эми Европарламент комиссиянын президентинин кызматына Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигин карайт. Эгер ал шайланып калса, Еврокомиссияны жетектеген биринчи аял болот», - деди Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

«Еврокомиссиянын башчылыгына шайланат» деп сөз болгон негизги талапкерлердин бири Нидерланддын тышкы иштер министри, социал-демократ Франс Тиммерманс болуп жаткан. Анын талапкерлигин 30-июнда Европа Комиссиясынын башчысы Дональд Туск, уюмдагы бир катар лидерлер, анын ичинде Германиянын канцлери Ангела Меркел да көрсөткөн.

Бирок Франс Тиммерманска Борбордук жана Чыгыш Европадагы мамлекеттер караманча-каршы чыкты. Ошондой эле Европарламенттеги ири фракция - Европалык элдик партия да анын талапкерлигин колдобой турганын билдирген. Тиммерманска өзгөчө Вышеград төрттүгүнө кирген Польша, Венгрия, Чехия жана Словакия каршы болушту. Тиммерсон аларды «Европа баалуулуктарын чанат, сөз эркиндигин коргобойт, сот системасынын эркиндигине коркунуч жаратат» деп айыптап, миграция саясаты боюнча да сындап келген.

Ал эми Европа борбордук банкынын кызматы блоктогу экинчи ири мамлекет - Францияга өттү. Италиялык Марио Драгинин ордуна Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) азыркы башчысы, 63 жаштагы Кристин Лагард келмекчи. Европа Кеңешинин төрагасы, польшалык Дональд Тусктун ордун болсо 43 жаштагы белгиялык премьер-министр Шарль Мишел ээлейт. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары, италиялык Федерика Могеринин кызмат ордун Испаниянын тышкы иштер министри, 72 жаштагы социалист Жозеп Боррел аткарат.

Дональд Туск.
Дональд Туск.

«Шарль Мишел Белгиянын премьер-министри катары тажрыйбасын эске алганда, мунаса табууда жана мүчө-мамлекеттердин биримдигин түзүүдө идеалдуу талапкер. Ал эми Жозеп Боррелл тышкы иштер министри жана Европарламенттин мудагы спикери катары күчтүү өкүл Еврошаркеттин дүйнөдөгү кызыкчылыгын баалуулуктарын коргоочу болот. Кристиан Лагард өзүнүн эл аралык тажрыйбасы жана ЭВФтин аткаруучу директору катары Европа банкынын мыкты президенти болот», - деди Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

Май айында Европарламентке жаңы шайлоо өткөн. Еврошаркеттеги акыркы өзгөрүүлөр ушул шайлоодон кийин болуп отурат.

Европа парламентине шайлоонун жыйынтыктары биримдикте акыркы жылдары болуп жаткан саясий тенденцияларды чагылдыргандай болгон. Атап айтканда, оңчул-борборчул жана борборчул-солчул партиялар мурдагыдай үстөмдүгүн жоготуп, ашынган оңчулдар менен «жашылдар», ири бизнестин таламын талашкан либералдар, тескерисинче, ийгиликке жетишкен.

Бул шайлоо ансыз да Брекзит окуясынын шартында оңой эмес кырдаалды баштан кечирип жаткан Европа Биримдигиндеги бир канча ажырымды көрсөтүп, уюмдун биримдиги жана анын ишмердиги боюнча суроолорду жараткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG