Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Чехия кыргыздарга колун ачып, койнун жабууда


Чехиянын башкалаасы Прага шаары
Чехиянын башкалаасы Прага шаары

Акыркы убакта Чехияда иштөөнү көздөгөн кыргызстандыктар көбөйдү. Буга бул өлкөгө ишке чакыруу, айлык акынын салыштырмалуу көптүгү ж.б. жагдайлар негиз болууда. Бирок алатоолук мигранттар документи туура болгону менен чехиялык визага жетпей бозорууда.

Адегенде Чехия эмне үчүн чет өлкөлүк жумушчуларга муктаж жана кандай шарттарды түзүп, канча айлык берет, ушуну билип алсак.

1 чех кронасы дээрлик 3 сомго барабар экенин эскерте кетели.

Таттуу убада жана реалдуулук

Адилет Көчкөнбайдын Чехияга келгенине бир жарым жыл болду. Азыр өлкөнүн түндүгүндөгү Врхлаби шаарында автотетиктер заводунда иштейт. Алгач жөнөп атканда Табор шаарында иштөөгө келишим түзгөн.

- Биринчи эт комбинатында иштедик. Беш-алты кыргыз балдар да келген. Кыргызстанда айлык 1000 евронун тегерегинде болот деп сөз беришкен. Бул жакка келгенде андай болгон жок. Жаңы келгенде 500-600 доллар, анан 700гө чыкты.

Чехияда демейде эмгек акы иштеген саатына карап эсептелет. Айдын аягында медициналык камсыздандыруу, социалдык фонд, салыкка деп акча кармайт. Ошондо айтылган миң евро толук колго тийбейт.

Мындай болорун Адилет башында билген эмес. Кыргызстанда кол коюп жаткан учурда келишим чех тилинде болгонун, котортуп албагандыктан маани-маңызын толук түшүнбөгөнүн мойнуна алууда.

Чехиядагы кыргызстандыктар. Адилет ортодо
Чехиядагы кыргызстандыктар. Адилет ортодо

Кыргызстанда Чехияга жумушка чакыргандар 1000-1300, кээде 3000 евро маянасы бар деп көрсөтүшөт. Миң евродон салык жана башкага кармаганда колго азыраак тиерин жогоруда эсептедик.

Ал эми үч миңдик айлык акы кара жумушта жок экенин так айтууга болот. Буга расмий эсеп далил: Чехияда 2019-жылдан тарта бир сааттык эмгек акы көтөрүлүп 80-160 кронго теңелди.

Бирок үчүнчү өлкөлөр деп коюшат, Евробиримдиктен тыш жактан келген, анан калса жаңы үйрөнчүк жана тилди билбегендер үчүн саатына эң төмөнкү өлчөм коюларын тажрыйба көрсөтүүдө.

Ошентип Адилет жарым жылдан соң маянасы, иш шарты дурус жер издей баштайт:

- Кыргыздарды таап, тааныш күтүп, анан жумуш сураштыра баштадык. Бул жакта украиналыктардын агенттиктери бар экен. Ошолор аркылуу башка жумушка өттүк.

Эмгек картасы

Чехияга жумушка чакырылгандарга эмгек картасы берилет. Мөөнөтү эки жылга чейин.

Ал мөөнөт бүтө электе эле башка ишке өткүсү келгендер, же иштен кетирип жиберген учурлар болот эмеспи. Андайда үч ай ичинде башка жумуш таап, орношуп, ал тууралуу полицияга кабарлоо керек. Болбосо эмгек картасы жокко чыгарылып, өзү мыйзамсыз жүргөн мигрантка айланат.

Адилет жаңы жумушту үч айга жетпей эле таап, мыйзамды бузбадым деп айтууда:

- Биз мурда иштеген жерден өз ыктыяры менен кетип жатат деген маалымкат берди. Аны алып, башка жумушка киргенде көрсөтөт экенсиң. Анан ошол жерде иштей баштаганыңды полицияга кабарлайсың. Майда-чүйдөсү көп.

Чехтер чет өлкөлүк жумушчуларга муктаж

Чехия экономикасы интенсивдүү өнүгүп жатат. 2019-жылдын январындагы статистикага ылайык, жумушсуздук 3,3% түзгөн. Экономиканын тили менен айтканда бул элде толук жумуш бар дегенди билдирет.

Ал эми өндүрүшү улам кеңейип бараткан ишканалар жаңы күчкө муктаж. Эмгек жана социалдык иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн айда ишканалар 330 миңден ашуун жумуш сунуш кылышкан. Анын 230 миңден ашыгына чет өлкөлүктөр иштесе болот.

Ишкерлер негизинен постсоветтик өлкөлөрдүн, анын ичинде кыргыз жарандарын чакырууга кызыкдар. Анткени бул мамлекеттен келгендер арзан жумушчу күчү катары саналат. ​

Түнкү Прага
Түнкү Прага

​"Ортомчуга 2600 евро бергем..."

Бирок кыргызстандыктардын узак мөөнөттүү виза алышы, тагыраагы жумушка же окууга келиши чоң кыйынчылыкка айланды.

Чехиянын Кыргызстанда расмий өкүлчүлүгү жок. Казакстандын борбору Астанадагы консулдугуна кайрылуу керек. Жумушка чакырган документти, паспортторду көрсөтүп, визага арыз берүү үчүн электрондук кезекке туруу шарт. Мындай система өткөн жылы киргизилген.

Мирлан Кошуев
Мирлан Кошуев

Ошол кезекке туруу азап болуп жатканын Чехияга баргысы келген Мирлан Кошуев "жон териси менен сезгенин" айтып берди:

- Таанышыбыз ошол жакта иштеп келген. Анан бир орус киши аркылуу келинчегим экөөбүзгө кайсы бир ишканага иштөө тууралуу келишим жиберди. Ал келишимди экөөбүз 1300дөн 2600 еврого сатып алдык. Анан Прагага кетели деп документти тапшырдык. Астанадагы консулдук өздөрү кабыл алуу датасын коет экен. Ар бир айдын бир эле күнүндө. Мисалы, 9-январда анан 11-февралда ошондой болду. Саат 15.00дө консулдуктун сайтына кирсең атайын код чыгат. Аны көчүрүп туруп электрондук почта аркылуу жибериш керек. Кимдики биринчи барса ошол үлгүрөт экен. Мисалы январга 82 орун берди. Ошол орун толгондо жаап салып, башкасын кабыл албайт экен. Алар кийинки айга кете берет..

Жаман жагы биз 2600 еврого алган келишим үч айдан кийин жокко чыгарылат. Үч айдагы үч жолку аракеттен өтпөй кала турган болсок, ошончо акчага жөн эле күйөт экенбиз...

Мирлан ортомчуга көп акча берип койгонун кийин билген. Кыргызстанда Чехияга ишке орноштурууга жардам берген атайын агенттиктер бар. Ошол эле маалда иш издөөчү ортомчу издеп отурбастан Чехиянын эмгек министрлигинин жумуш сунуштаган базасына кирип, ал жерден ишкана-завод жетекчилиги менен түз байланышса болот.

Кезек жетпей кезергендер

Бир эле Мирлан эмес, ондогон кыргызстандыктар колуна чех компанияларынын жумушка чакыруу кагаздарын кармап күтүп отурушат. Арасында Прагада жашаган кыргызстандык Бибисара Абаева чакырууга жардам берген 21 киши да бар:

- Мына, Трутнов шаарындагы Юта деген фирма "жумушка чакырдык, күтүп атабыз" деп кат жазып, ырастап атат. Бирок биз чакыргандар төртүнчү ай катары менен келе албай атышат. Ал арада мага келет элек деп дагы кайрылгандар бар. "Чакыруу бар, бирок визага жазылууда кыйналасыңар" деп аларды токтотуп атам.

Эмне үчүн мындай тоскоолдук жаралууда? Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаевге байланыштык.

- Маселе Тышкы иштер министрлиги же элчиликте эмес - деди ал. Жумушчу виза Ички иштер министрилигин компетенциясы. Астанадагы элчилик болгону катталган кишилерди кабыл алып, алардын кагаздарын Прагага ИИМге өткөрүп бериши керек. Электрондук кабыл алуу системасы ИИМдин эрежеси менен каттайт. Ал эми консулдук техникалык гана жумуш кылат.

Экинчиден, мага берилген маалымат боюнча, Чехия азыр эмгек миграциясы жагынан популярдуу болууда. Мисалы катталыш үчүн Кыргызстанга бир айда 150 орун бөлүнгөн болсо, каалоочулардын саны 2500-3000 кишиге жетип жатат. Ошондо үч секунданын ичинде жазылганы жазылып, калгандары тилекке каршы сыртта калууда.

Марат Жаанбаев
Марат Жаанбаев

Чехияга окууга келмей болгон он чакты студенттин ата-энелери мага кайрылып атышат. Ал эми ошол окуу жайлардын ректорлору, жанагы жумушчусун күткөн ишканалар Тышкы иштер министрлигине нааразылык каттарын жазып атышат. Тилекке каршы абал өзгөрүп деле кеткен жок. Бирок жаңы элчи ушу маселенин үстүндө иштеп, чечкенге аракет кылууда.

Маселенин чоо-жайын сурап, Ички иштер министрлигинен жооп ала элекпиз.

Аргасыздардан акча жасагандар

Ал тапта "визага арыз берүү үчүн кезекке коебуз" деп акча сурагандар да чыгууда. Жогорудагы маектешибиз Мирлан аларга да кайрылыптыр. Бирок натыйжа боло элек:

- Экинчи аракетти жасардын алдында "акча алып, кезекке жазып берет экен" деген сөз чыкты. Ошондойлорду таап, 300дөн 600 евро бердик. Февралда кезек тиет деди эле. Бирок 24 эле орун берип калыптыр деп, үлгүрбөдүк. Кечээ алар менен байланышсак мартта дешти. Мартта квота көбүрөөк берилсе кетесиңер деп жатат. Канчалаган адамдар кете албай, акчасы күйүп кеткен балдарды уктум, көрдүм. Кудай сактасын, биз да кетип калалы деп турабыз. Баргыча эле 300 миң сом кетти жанагы чыгымдарга.

Биз сураштырып, "кезекке койчулардын" жардамы менен арыз берип, виза алып, Чехияга жолу ачылгандарды таба албадык.

Шылуундуктун башка түрү

Чехияга кыска мөөнөт - 90 күнгө келүү татаал эмес. Ал үчүн визаны Бишкектеги Швейцариянын элчилигинен алууга болот. Мына ушул визаны жумуш катары сунуштап, "үч ай иштеп, андан ары калып калсаң болот" деп азгыргандар чыгууда. Ага ишенип келип алгандарды да учураттык.

Бирок кыска мөөнөттүү, туристтик гана виза болгондуктан аны менен иштөөгө Чехиянын мыйзамы жол бербейт. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүрүп кармалып калгандар 100 миң кронага (300 миң сом) чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле беш жылга депортация кылат.

Жогорудагыдай көйгөйлөрдү чечүүгө киришүүнү, Бишкекте Чехиянын расмий өкүлчүлүгүн ачууну ушул түрмөктө биз менен маектешкендер бир ооздон кыргыз бийлигинен өтүнүп жатышат.

Анткени виза алыш үчүн Астанага учак же поезд каттамы менен келүүгө, бери дегенде бир түн жатууга туура келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG