Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Меркел Түркиядагы качкындардан кабар алды


Ангела Меркел жана Ахмет Давутоглу Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырууда. 23-апрель, 2016-жыл
Ангела Меркел жана Ахмет Давутоглу Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырууда. 23-апрель, 2016-жыл

Немис канцлери Ангела Меркел жана Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск Түркиядагы сириялык качкындар менен жолугушту.

Немис канцлери Ангела Меркел, Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырып, мигранттардын балдары үчүн курулган атайын борбордун иши менен таанышты.

Газиантеп шаарындагы жолугушууда Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу эгер Брюссел түрк жарандары үчүн визадан баш тартпаса, Евробиримдик менен келишим толук кандуу иштебейт деп эскертти. Анын айтуусунда, Анкара өзүнө коюлган шарттардын баарын аткарды, эми Евробиримдик виза режимин жокко чыгаруу үчүн тиешелүү кадамдарды жасайт деп күтүп жаткан учуру.

Ошондой эле Ахмет Давутоглу “Түркия Сириялык качкындарды депортациялап жатат” деген Amnesty International уюмунун билдирүүсүн жокко чыгарды. Ал Евробиримдик менен Түркиянын ортосунда качкындар боюнча түзүлгөн келишим жемишин берип жатканын белгилеп, өткөн жылдын аягында Түркиядан Европага Эгей деңизи аркылуу күн сайын кеминде алты миң качкын кетип турган болсо, азыркы убакта бул көрсөткүч 150дөн ашпасын маалымдады.

Евробиримдиктин төрагасы Европага Түркиядан качкындар агымы азайганын тастыктады. Анын сөзү боюнча, “качкындарга мамиле жасоо жагынан Түркия башкаларга үлгү болууда”.

Былтыр аймагына бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант кирген Евробиримдик Анкара менен атайын макулдашууга ички басымдан жана мыйзамсыз миграция агымын токтотуу аргасында барган.

Эки тарап былтыр жыл соңунан бери өткөргөн үч саммиттеги соодалашуунун натыйжасы - ал Түркияга мигранттардын турмуш-тиричилигин жеринде уюштуруу үчүн миллиарддаган доллар каражат бөлүп, виза жеңилдиктерин берип, Түркиянын болсо Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр алга жылдырылышы керек болгон.

Деген менен куралдуу жаңжалдар болуп жаткан Сирия, Ирак, Ооганстан жана башка жактардан жөнөгөн качкындардын Европаны көздөй агымы али да токтой элек.

Жыл башынан бери Евробиримдикке деңиз аркылуу, 200 миңге жакын качкын жана мигрант кирди. Быйылкы жыл ичи кеминде 700дөй мигрант деңизге чөгүп кетти.

XS
SM
MD
LG