Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Анкаранын антитеррор саясатынын "акыбети"


Дияарбакыр шаарынын Сур районунда күрттөрдүн полиция менен кагылышуусу. 2-март, 2016-жыл.
Дияарбакыр шаарынын Сур районунда күрттөрдүн полиция менен кагылышуусу. 2-март, 2016-жыл.

Анкарада күрт согушкерлери жоопкерчилик алган акыркы жардыруудан кийин президент Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө террорчу деген түшүнүктү кеңейтүү демилгеси менен чыкты.

Ал эми өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында Күрт жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы деген негизде аскерий операциялар күчөтүлдү. Бирок Түркия бийлигинин узактан берки күрт проблемасын жалаң күч менен чечүүгө ыктаган саясатынын терс жыйынтык алып келиши бир катар суроолорду жаратууда.

Түркиянын негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгыш провинцияларында Күрт жумушчу партиясы - ПККга каршы Анкарадагы акыркы жардырууларды коштогон соңку операциялары, кеминде эки: Хаккари жана Мардин провинцияларында оң миңденген кишини үйүнөн качууга мажбурлады.

Буга кошумча 13-марттын кечиндеги жардырууларды коштогон антитеррордук операциянын алкагында, жарым расмий Анадолу агенттиги чогулткан маалыматтар боюнча шектүү делген 300дөн ашуун киши, анын ичинде адвокаттар, саясатчылар, студенттер кармалып, алардын кеминде 40 чактысы соттун чечими менен камакка алынды.

Уруштун айылдан шаарларга көчүшү

Ошентип, азыр Түркияда өкмөт менен террористтик уюм деп саналган Күрт жумушчу партиясы жана ага байланышы бар топтор ортосунда уруштун жаңы баскычы жүрүп жатат.

Күрт согушкерлеринин козголоңу Түркия үчүн жаңы эмес, отуз жыл мурда эле башталганын эске алганда учурдагы окуялардын тарыхый параллели барбы же азыркылар мурдагыдан олуттуу айырмаланабы?

Сирнак провинциясынын Чизре шаарчасындагы талкалануулар. 2-март, 2016-жыл.
Сирнак провинциясынын Чизре шаарчасындагы талкалануулар. 2-март, 2016-жыл.

Биз бул суроону кеңселери Вашингтондо жана Стокгольмдо жайгашкан уюм - Борбор Азия жана Кавказ институтунун Түркия боюнча талдоочусу Халил Каравелиге жолдодук:

- Күрт жумушу партиясынын куралдуу козголоңу 1984-жылы башталган. Ошондон берки жараяндын басымдуу көп бөлүгүндө козголоңдун таасири айылдык аймактарга эле тийген. Күрт согушкерлери менен түрк армиясы ортосундагы уруштар Түркиянын түштүк-чыгышындагы, чыгышындагы тоолордо, айрым айылдарда жүрчү. 1999-жылга барып, түрк армиясы күрт согушкерлерин элдик колдоодон ажыратуу үчүн бир нече кыштакты күрттөрдөн тазалап да салган. Мындан улам армия операциясынын кесепеттерин кандайдыр бир деңгээлде жайкын тургундар да тарткан. Бирок уруштар, аскерий операциялар көбүнесе алыскы, тоолуу аймактарда жүргөндүктөн иш жүзүндө тынч тургундарга анчалык чоң таасири болгон эмес. Бирок уруш былтыр жайда кайра башталгандан берки жаңылык жана өзгөрүү - ал шаарларда жүрүп жатканы. Түркия армиясы танктарды, оор артиллерияны колдонгон операцияларын шаарлардын ичинде өткөрүүдө. Мындан миңдеген жөн-жай күрттөр да жабыр тартып жатса, күрт согушкерлери Анкара, Стамбул сыяктуу шаарларда теракттар менен жооп берип жатпайбы. Мурда эгер сиз Анкарада же Стабулда жашасаңыз, өлкөнүн түштүк-чыгышында болуп жаткандарды жөн эле жерип койчуңуз. Азыр мына ушул нерсе да өзгөрдү. Менимче, уруштун азыркы баскычында өлүмгө учурап жаткандардын көбү да жөн-жай тургундар. Мен Түркиянын армиясы жана башка коопсуздук күчтөрү түштүк-чыгышында былтыр жайдан бери өлкөнүн өз жарандарына каршы согуш жүргүзүп жатат деп эле айта алам. Ал согуштун натыйжасында, Түркиянын ичинде оң миңдеген киши качкын болду, жайкын тургундар арасындагы жоготуунун так эсеби белгисиз. Адам укугун коргоочу уюмдардын болжолунда алар бир нече жүзгө жетет. Эгер ал аймактардан келген сүрөттөрдү карасаңыз, сиз Сирия деп ойлойсуз. Бирок Сирия эмес, ал - Түркия. Кошумчалай кетүүчү дагы бир жаңы жагдай - уруш былтыр жайда кайра башталгандан бери ага каршы чыккан окумуштуулар тобун эске албаганда, бийликтин күрттөргө каршы көрүп жаткан чаралары боюнча элден бир олуттуу чоң реакция, каршылык чыккан жок. Менимче, мунун психологиялык таасири күрттөрдүн болуп жаткан окуяларга карата ой-жорумун өзгөрттү. Түрк мамлекети менен ПКК ортосундагы уруштар мурда алыскы, тоолуу аймактар менен чектелгендиктен карапайым түрктөр менен күрттөрдүн карым-катнашы анчалык бузулган эмес. Азыр ушул нерсе өзгөрдү. Айтор жаңжал кайра башталгандан бери Түркияны ал мурда баспаган жолго тартып кетти.

Түрк бийликтери азыркы операциялар шаарларда жүрүп жатышын күрт согушкерлери да тактикасын өзгөртүп, эл көп жашаган аймактарга топтолуп, жашынып алганы менен түшүндүрүшөт.

Диярбакырдын Баглар району. 17-март, 2016-жыл.
Диярбакырдын Баглар району. 17-март, 2016-жыл.

Президент Эрдогандын коопсуздук жана дипломатиялык иштер боюнча башкы кеңешчиси Ибрагим Калин өкмөтчүл “Сабах” гезитиндеги макаласында жазгандай, ПКК согушкерлеринин Диярбакыр, Хаккари, Сирнак, Мардин шаарларында топтолуп, Анкара жана башка шаарларга кирип алып, теракттарды жасап жаткандагы эсеби элди коркутуу жана өкмөт антитеррордук операцияларды токтотууга мажбур болот дегендик. “Бирок мындай эсептер жаңылыштык, Түркия “ПККнын да, “Ислам мамлекети” тобунун да террордук коркутууларына багынбайт”,- деп жазат Эрдогандын кеңешчиси “Сабах” гезитинде.

Түркия армиясы танктарды, оор артиллерияны колдонгон операцияларын шаарлардын ичинде өткөрүүдө. Мындан миңдеген жөн-жай күрттөр да жабыр тартып жатса, күрт согушкерлери Анкара, Стамбул сыяктуу шаарларда теракттар менен жооп берип жатпайбы.
Халил Каравели

Эске салсак, 2002-жылы бийликке келген АК партия 2009-жылы күрттөрдүн маданий билим алуу укуктарын кеңейтүүнү караган саясат жүргүзө баштаган эле. Ал эми 2012-жылы Күрт жумушчу партиясы - ПКК менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кирген жана узакка созулган талашты жөнгө салууга жакындап калгандай таасир калтырган. Былтыр июлда уруштун кайра тутанып кетиши - Сириядагы кырдаалга эле байланыштуубу же башка себептери да болгонбу? Борбор Азия жана Кавказ институтунун Түркия боюнча талдоочусу Халил Каравели мындай дейт:

- Ооба ,Түркия мамлекети “күрттөрдү ачуу” саясатын жүргүзүүгө чындап эле аракеттенди. Мында алар үмүттөнгөн маселе - Күрт жумушчу партиясын куралсыздануусуна жетишүү эле. Бирок расмий Анкара эч убакта күрттөрдүн көздөгөнүн - жергиликтүү автономия, өзүн-өзү башкаруу укугун берүүгө такыр даяр болгон эмес, мындай маселе күн тартибинде жок болчу. Алар буга карабай тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып келишти жана кырдаалды Сириядагы окуялар түп-тамырынан бери өзгөртүп жиберди. Ошол эле 2012-жылдан тартып, Сириянын Ражала аймагында күрттөрдүн чыңдалуусу чынында эле Түркияда дүрбөлөң жаратты. Согуштун кайра башталып кетүүсүнүн негизги себеби мына ушул. Түркия эгер күрттөр Сирияда кубаттанып, жергиликтүү автономияга ээ болсо, бул Түркиянын ичиндеги күрттөрдүн бир бөлүгүнүн өжөрлүгү күчөшүнө алып барат, бирдиктүү Күрдүстан идеясы Сириядан Түркияны көздөй көчөт деп чочуйт. Сириядагы окуялардан улам геосаясий кырдаалдын да өзгөрүп кетиши согуштун кайра тутанышына түрткү берди. Сириядагы күрттөрдүн кубаттануусу Анкарадагы бийликти чочутту. Бир нече апта мурда эле премьер-министр Ахмед Давутоглу өзү да "Сириядагы окуялар, күрттөр кыймылынын алдыга жылышы Түркия мамлекетинин жашап кетүүсүнө коркунуч жаратат" деп айтпадыбы. Ушундан улам Түркия бийликтери азыр Сириянын күрттөр жашаган аймактарын, Түркиянын өзүнүн күрттөрүнөн ажыраткан “санитардык тосмо” орнотууну көздөп жаткандай.

Түркия коопсуздук күчтөрү менен күрт согушкерлери ортосунда кайра жанданышына түрткү берген окуя катары расмий былтыр июлдагы жардыруу аталган.

Былтыр 20-июлда Суруч деген жерде "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар уюм жоопкерчилик алган жардыруудан кийин Түркия армиясы “Ислам мамлекети” тобуна жана ПКК каршы сокку урууларды кайра баштаганы 24-июлда жарыяланган болчу. Суручтагы жарылууда 33 адам өлүп, 104 киши жаракат алган. Андан бери коопсуздук күчтөрүн, полицияны, жайкын тургундарды бутага алган мындай жардыруулар бир нече ирет болду. Акыркы беш айда үч ириси борбор Анкарада жасалды.

Күрттөрдүн Брюсселдеги нааразылыгы. 17-март, 2016-жыл.
Күрттөрдүн Брюсселдеги нааразылыгы. 17-март, 2016-жыл.

Лондондо жашаган түркиялык саясий талдоочу, Түркия боюнча саясат жана иликтөө борборунун редактору Севинч Бермек “Азаттык” менен маегинде былтыркы июлдан берки окуялар Түркия коомунда ажырымды кеңейткенине көңүл бурат:

- Коомдо ажырым бул окуяларга чейин эле болгон. Биз муну билчүбүз. Бирок анда ири шаарларда бомба жарылган эмес эле. Былтыр, 7-июлда бийликтеги АК партия парламенттен басымдуу көпчүлүктү ала албай койгон алгачкы шайлоодон кийин Суруч, Диярбакырдан башталып, жардыруулар көбөйбөдүбү. Мен эки жыл мурдагы, атүгүл былтыркы жылга салыштырмалуу коомдогу ажырым кеңейди деп айта алам. Түркчүл, күртчүл, АК партиячыл, оппозициячыл топтор өз-өзүнчө болуп турушат. Коомдогу ажырым мурдагыдан тереңдеди.

Талдоочу Севинч Бермектин пикиринде, коомдогу ажырымга президент Эрдогандын риторикасы да салым кошуп жатат:

- Эрдоган антитеррор маселесине байланыштуу сүйлөгөн учурунда "биз террорго каршы баарын жасайбыз, эгер мени сындасаңар силер да террорчусуңар, өлкөнүн, мекениңердин душманысыңар" дегендей ойду каңкуулады. Ортодо калууга болбойт: же мамлекет менен, же террорчулар менен кете турган жолду тандагыла деди. Менимче, ал коомду "мени мененсиңер, же террорчулар мененсиңер" деп өзү бөлүп жатат. Ушундай ойлорду, сөздөрдү уккандан кийин сиз тынчтыкты каалап турсаңыз да башкаруучу партияны, Эрдоганды сындай аласызбы, мен билбейм. Ооба, Түркияда оппозициячыл медиа бар, бирок алар да басым-кысым астында калды. Көптөгөн журналисттер өз көз карашын билдире албай турушат. Андыктан, кырдаалды оор деп айта алабыз.

Түркияда удаа-удаа кайталанган жардырууларды саясий спектрдегилердин баары, анын ичинде күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия да кескин айыпташкан. Бирок парламенттеги төрт негизги саясий күчтүн бири болгон бул партия парламенттин биргелешкен антитеррордук декларациясына кол койбой койду. Партиянын лидерлери өз чечимин террордук чабуулдарды алдын алалбай койгон парламенттин жоопкерчиликтен качуусу деп түшүндүрдү.

“Парламент проблемаларды чече турган жер, кол салуулардын артынан антитеррордук декларацияны чыгарып коюу проблемага жооп эмес" деп көргөзүлөт партиянын билдирүүсүндө.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00
Түз линк

Террорчу түшүнүгүн кеңейтүү

Анкарадагы акыркы жардыруулардан кийин түрк өкмөтү жана лидерлери бир катар жаңы сунуштар менен чыгышты. Маселен, президент Режеп Тайип Эрдоган парламентти тез арада Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, кимдер террорчу деп эсептелери боюнча аныктаманы кеңейтүүгө чакырды:

- Колунда курал көтөрүп жүргөн террорчу менен өзүнүн наамын жана кызмат абалын кыянат пайдаланып, алардын турумун бөлүшкөндөр, максатына жетүү үчүн кол кабыш кылгандардын ортосунда эч айырма жок. Ал окумуштуу, депутат, жазуучу, журналист же бейөкмөт уюмдун башкаруучусу болушу мүмкүн. Бул ал адам террорчу экендиги тууралуу фактыны өзгөртпөйт. Ок атып, бомба жардыргандар менен катар буга мүмкүндүк берген жактоочулары менен колдоочулары да террорчу. Андыктан биз Кылмыш кодексин мүмкүн болушунча тезирээк өзгөртүп, терроризм боюнча аныктаманы кеңейтүүбүз керек. Коопсуздук кызматтары террордук ишмердикти колдогон деген шек менен кармаган адамдар сотко эшиктен кирип, бирок кара тешиктен чыгып кетүүдө. Биз муну менен мындан ары келише албайбыз.

Эрдогандын бул сөздөрү артынан “террористтик пропаганданы” жайылткан деген айып менен үч илимпоз камакка алынды.

Буга илимпоздордун Түркиянын негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгышындагы аскерий операциясын токтотууга үндөгөн билдирүүнү эл алдында окуп бериши себеп болду.

Босфор университетинде иштеген Исра Мунган, Нишанташи университетинде окутуучулук кылган Музаффер Кайа жана Мимар Синан университетинин илимпозу Киванч Эрсой Анкарадагы жардырууларга чейин 10-мартта билим-илим кызматкерлеринин профсоюз кеңсесинде пресс-конференция өткөрүшүп, “Биз бул кылмыштын катышуучусу боло албайбыз” деген билдирүүсүн окушкан жана илимпоздордун быйыл январь айындагы ачык катына кол койгондорду кысымга алуу, университеттердеги жумуштарынан бошотуу көрүнүштөрүн айыпташкан.

Стамбул соту 15-мартта илимпоздордун билдирүүсүн Күрт жумушу партиясы - ПККны колдоо деп тапты.

Түркия менен катар АКШ, Евробиримдик да ПККны террорчу уюм деп санайт.

Чизре шаарчасындагы талкалануулар. 2-март, 2016-жыл.
Чизре шаарчасындагы талкалануулар. 2-март, 2016-жыл.

Буга чейин быйыл январда 90го жакын университеттен, 1100дөн ашуун окумуштуу түрк бийлигине багытталган ачык кат менен чыгып, анда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы шаарлардын эл жашаган аймактарында баррикадаланып алган Күрт жумушчу партиясы – ПКК согушкерлерди жок кылууну максат кылган аскерий аракеттерди, күнү-түнү коменданттык саат киргизилүүсүн сынга алышкан.

Анда окумуштууларга ачууланган президент Режеп Тайып Эрдоган алардын ачык катында айтылгандарды “жүзү каралык” деп атап, бул үчүн жооп беришерин эскерткен.

Депутаттардын кол тийбестигин алуу

Ал эми премьер-министр Ахмед Давутоглу Анкара жардыруулары артынан парламентти депутаттарды партиясына карабай кылмыш жоопкерчилигинен сактаган иммунитеттен ажыратууга чакырды:

- Келгиле, иммунитетти чогуу жоёлу. Биздин чакырык - партиялардын ортосунда эч айырма болбосун. Мына, парламентте эң мыкты 506 досье (Түркиянын парламенти 550 депутаттан турат - авт.) бар. Келгиле, алардын баарын ачалы, АК партия бир дагы досьеден коркпойт. Биздин коопсуздук күчтөрүбүз коомдук тартипти сактоо үчүн азыр өлкө боюнча күн да, түн да иштеп, бул иште эч кандай чегинүүгө барган жок.

Давутоглы иммунитетти депутаттардын баарынан алууга чакырган менен, байкоочулар биринчи кезекте күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия кылтакка илинерин боолгоп жатышат.

Парламент бул партиянын Түркиянын түштүк-чыгышында жүрүп жаткан аскерий операциялары тууралуу айткан сөздөрү үчүн бир нече депутатты, анын ичинде лидери Салахиддин Демирташты иммунитеттен ажыратуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Түркиялык саясий талдоочу Севинч Бермек “Азаттык” менен маегинде мындай учурлар жакынкы тарыхта болгонун эске салды:

- 1990-жылдары да ушундай эле учурлар болгон. Анда парламентте күрттөрдүн таламын талашкан Элдик жумушчу партия деген саясий күч бар эле. Анда ошол партиянын депутаттарынын иммунитети алынып, камалышы террор өнөктүгүнүн чырагына май тамызгандай эле. Азыр деле күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиянын депутаттарын иммунитеттен ажыратып коюушу мүмкүн. Бул, менимче, көчөдөгү кырдаалдын гана курчушуна салым кошот, проблеманы чечпейт да.

Талдоочу Севинч Бермектин пикиринде, Түркия жетекчилигинин соңку билдирүүлөрүн эске алганда күрт проблемасын жалаң күчкө ыктаган жол менен жөнгө салуу саясаты эч өзгөрбөйт:

- Биз былтыр ноябрдагы шайлоодо күбө болгондой, террордук кол салуулардын көбөйүшү, кыянатчылыктардын күчөшү шайлоочулар АК партиянын айланасына консолидацияланышына салым кошту. Мен 1-ноябрдагы мөөнөтсүз шайлоону айтып жатам. Анда АК партия турумун кайра чыңдабадыбы. Анткени, түркиялык шайлоочулар абдан прагматик, саясий, экономикалык стабилдүүлүктү каалашат. Өткөн кылымдын 80-90-жылдардагы окуялардан улам коалициялык өкмөттөн коркушат. Эл стабилдүүлүктү көздөгөнү менен, бирок борбордогу бомба жардыруулар муну жокко чыгарып жатпайбы. Менимче, алдыда авторитардык багыт уланат. Эми өкмөттү сындасаң эле террорчу болуп калышың толук мүмкүн. Сөз эркиндиги, башка нерселер чектелип, баары катаалданышы мүмкүн. Бирок бул стабилдүүлүктү бекемдейби айтуу кыйын.

Шри-Ланка ыкмасы

Анкарадагы жардыруулардын артынан Түркиянын өкмөтү парламентке коопсуздукту чыңдоо үчүн өлкөдө полицейлердин санын дагы он беш миңге көбөйтүү сунушун да киргизди.

Диярбакыр шаарынын көчөлөрү. 17-март, 2016-жыл.
Диярбакыр шаарынын көчөлөрү. 17-март, 2016-жыл.

Айрым талдоочулар террор көрүнүштөрү жана ага каршы саясат, жооп чаралар Түркия бийлигинин жарандык жана аскерий канаттары ортосундагы тең салмактуулукка таасир берерин, милитаризм кайра чыңдаларын да белгилеп жатышат:

- Эрдоган эки жакшы нерсе жасаган. Биринчиден, армия саясаттан тышта турушун камсыздоого жетишкен, экинчиден, күрттөр менен тынчтык жараянын баштаган эле. Эрдогандын ушул эки жетишкендиги тең азыр талкаланды. Күрттөр менен тынчтык жараян “террорго каршы” деген согушка айланды, армия да кайра толугу менен саясатка кайтып келди десек болот. АК партия жана Эрдоган 2002-жылы бийликке келгенде жарандык коомдун мамлекеттик аппаратка каршы өсүп чыккан саясий күчү болгон. Башында ал мамлекеттик аппаратка, армияга чакырык таштаган. Азыр болсо АК партиянын өкмөтү да аскер күчтөрүнө таянууга аргасыз. Башкача айтканда он беш жылдан кийин Түркиянын салттуу мамлекеттик аппаратынын толук кандуу өкүлү болуп калды десек жарашат. Биз байкагандай, Эрдоган жана генералдар азыр күрттөргө каршы саясатты бири-бирине жөлөк болуп жүргүзүшүүдө. Азыркыдай эле саясатты армия да салттуу түрдө такай карманып келген. Башкача айтканда, Эрдоган кемалисттик Түркиянын жана анын армиясынын салттары менен саясатын кабыл алды,- деди “Азаттык” менен маегинде кеңселер Вашингтондо жана Стокгольмдо жайгашкан уюм - Борбор Азия жана Кавказ институтунун Түркия боюнча талдоочусу Халил Каравели.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:14 0:00
Түз линк

Диярбакырдын Сур районундагы кагылыш. 2-март, 2016 -жыл.
Диярбакырдын Сур районундагы кагылыш. 2-март, 2016 -жыл.

Талдоочу ошондой эле түрк өкмөтү менен күрт козголоңчуларынын кыянатчылыктар менен коштолгон кастыгы уланарын боолголойт:

- Бардык белгилер бул уланарын каңкуулоодо. Биринчиден, түрк өкмөтү терроризмге каршы деп аталган согушту чечкиндүү улантабыз деп жатышат. Күрт козголоңчулары, топтору да өз билдирүүлөрү аркылуу алар да Түркия боюнча террордук чабуулдар менен жооп беришерин эскертүүдө. Андыктан, Түркия азыр тагдыр чечер учурда турат деп айтып жатышкандарга мен да кошулам. Маселе бул жерде кыянатчылыктар токторунда же күчөрүндө эмес, күчөрү турган иш. Бирок ал кандай жыйынтыкка алып барат, буга азыр ачык жооп табуу кыйын. Эгер биз бүгүн күбө болгондорду талдасак, Түркия мамлекети Шри-Ланка ыкмасын колдонууну көздөп жаткандай. Шри-Ланканын сингалдар үстөмдүк кылган өкмөтү тамил азчылыгынын козголоңчуларын изоляциялап, талкалоого жетишкен. 1983-жылдан 2009-жылга чейин маал-маалы менен уланган согушта оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылып, ал акырында тамил козголоңчуларынын талкаланышы менен аяктады, Шри-Ланкада тынчтык орноду. Түрк өкмөтү Шри-Ланкада иштеген нерсе, Түркияда да иштейт деп, ПКК талкаланып, жеңилсе күрттөр муну менен кабыл алат деп чечкендей. Бирок, менимче, Шри-Ланкада болгон нерсе Түркия да ишке аша бербейт го, -деп айтты “Азаттык” менен маегинде Түркия боюнча талдоочу Халил Каравели.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG