Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

Эрдоган АКШнын кадамына капа болду


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык расмий өкүлдүн Сириянын күрт күчтөрүнүн колундагы шаарга барышын катуу сындады.

Ал тапта Түркиянын күрттөр үстөмдүк кылган чөлкөмдө жикчил согушкерлерге каршы коопсуздук операциясы уланып, дагы бир нече киши набыт кетти.

7-февралда жарыяланган билдирүүсүндө Режеп Тайип Эрдоган Вашингтон өнөктөш катары Түркияны же Күрттөрдүн демократиялык биримдик партиясын (PYD) тандоого тийиш деди.

- Биз силерге кантип ишенебиз? – деди президент,- "Өнөктөшүңөр менби же Кобанидеги террочуларбы?".

Өткөн аптада АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Бретт МакГерк Түркия террорчул деп эсептеген күрттөр тобунун мүчөлөрү менен кездешкен. Күрттөрдүн демократиялык биримдик партиясынын куралдуу канаты АКШ баштаган коалициянын жардамы менен “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлерин Кобаниден бир жыл мурун сүрүп чыгарышкан. Анкара партиянын Түркияда тыюу салынган жикчил Күрттөрдүн Жумушчу партиясы (PKK) менен байланышы бар деп эсептейт.

Түркия менен чектеш Кобани шаарын күрт күчтөрү ИМден бошоткон
Түркия менен чектеш Кобани шаарын күрт күчтөрү ИМден бошоткон

​Түркия Сириядагы күрттөрдүн өкүлдөрүнүн Женевадагы сүйлөшүүлөргө катышуусуна да каршы болгон.

Ал ортодо дүйшөмбүдө күрттөр байырлаган түштүк-чыгыш аймагындагы Жизре шаарчасында коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда бери дегенде тогуз карапайым киши жана 16 козголоңчу согушкер окко учканы кабарланды.

Ошону менен декабрда башталган аскердик операцияда 700дөн көп күрт козголоңчу тындым кылынды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен биргелешкен пресс-конференцияда түрк өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу PKK Түркиянын шаарларына козголоң салууга аракеттенүүдө деп айыптап, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган стратегиялык жактан маанилүү Жизредеги операция бир нече күндүн ичинде жыйынтыкталышы мүмкүн деп билдирди.

Премьер куралдуу күчтөр жай тургундарды бутага алып жатат жана жараат алган бир нече киши жардам берилбей, каза тапты деген айыптоолорду четке кагып, бийлик тез жардам машиналарын жөнөткөнүн, бирок коопсуздук кырдаалынан улам алар бир топ жерлерге жетпей калышканын айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркел да күрт маселесине кайрылып:

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

- Күрттөрдүн Жумушчу партиясы менен жарашуу процессине, албетте, көп үмүт артабыз. Бирок күрттөр үстөмдүк кылган аймакта террордук аракеттер жүргүзүлүп жаткан кезде ар бир өлкө терроризмге каршы күрөшүүгө акылуу. Бул маселени козгогондо, мен ар дайым ошол жерлерде жашаган карапайым тургундар, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек деп баса белгилеп келатам. Түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу чөлкөмгө жаңы эле барып кетти. Түрк расмий адамдары менен жолугушканда ачык эле суроолорубузду беребиз. Кандай болгон күндө да, мындан эки-үч жыл мурункуга караганда проблема өзгөрдү.

Анкара АКШ, Европа биримдиги жана Түркияда террорчул уюмдардын кара тизмесине киригизилген PKK менен тикелей сүйлөшүүлөрдү четке кагып келатат.

Жакында Давутоглу түштүк-чыгыштагы Мардин шаарында болгон кезинде куралдуу жаңжалдан жапа чеккен аймактарда кайра куруу иштери башталарын, коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн айтып, бирок күрт партиясынын согушкерлери куралдан баш тартмайын, бул процесс токтолбой жүрүп турарын эскертти.

Күрттөрдүн Жумушчу партиясы автономия үчүн күрөшүн 1984-жылы баштаган. Ошондон бери 40 миңдей кишинин өмүр кыйылды.

2012-жылдын соңунда Анкара партиянын абактагы лидери Абдулла Ожалан менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бирок өткөн июлда ок атышпоо келишими бузулгандан кийин Түркиянын түштүк-чыгышында жикчил күрттөрдүн Жумушчу партиясынын согушкерлери менен армиянын ортосундагы уруштар көбөйдү.

Укук коргоочулар коменданттык саат киргизилген аймактарда ондогон жай тургундар каза тапканын ырастап келишет.

XS
SM
MD
LG