Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Түркияда үч илимпоз камакка алынды


Күрттөр көп жашаган Дияарбакыр шаарындагы коопсуздук тилкеси.
Күрттөр көп жашаган Дияарбакыр шаарындагы коопсуздук тилкеси.

Түркияда “террористтик пропаганданы” жайылткан деген айып менен үч илимпоз камакка алынды. Мунун алдында президент Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө террорчу деп кимдерди эсептөө боюнча аныктаманы кеңейтүүнү сунуш кылган эле. Өткөн жекшембиде Анкарада болгон жардыруулардан кийин түрк коопсуздук күчтөрү азыр жаңы рейддерди өткөрүп жатат.

“Террористтик пропаганданы” тараткан деген айып коюлуп жаткан илимпоздорду камакка алуу чечимин Стамбулдун соту 15-мартта чыгарды.

Буга илимпоздордун Түркиянын негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгышындагы аскерий операциясын токтотууга үндөгөн билдирүүнү эл алдында окуп бериши себеп болду.

Дияарбакыр шаары. 15-март, 2016-жыл.
Дияарбакыр шаары. 15-март, 2016-жыл.

Босфор университетинде иштеген Исра Мунган, Нишанташи университетинде окутуучулук кылган Музаффер Кайа жана Мимар Синан университетинин илимпозу Киванч Эрсой 10-мартта билим-илим кызматкерлеринин профсоюз кеңсесинде пресс-конференция өткөрүшүп, “Биз бул кылмыштын катышуучусу боло албайбыз” деген билдирүүсүн окушкан жана илимпоздордун быйыл январь айындагы ачык катына кол койгондорду кысмактоо, университеттердеги жумуштарынан бошотуу көрүнүштөрүн айыпташкан.

Стамбулдун соту илимпоздордун билдирүүсүн Күрт жумушу партиясы - ПККны колдоо деп тапты. ПКК Түркиянын өзү менен катар АКШ, Евробиримдикте террордук уюм катары таанылган.

Буга чейин быйыл январда 90го жакын университеттен, 1100дөн ашуун окумуштуу түрк бийлигине багытталган ачык кат менен чыгып, анда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы шаарлардын эл жашаган аймактарында баррикадаланып алган Күрт жумушчу партиясы – ПКК согушкерлерди жок кылууну максат кылган аскерий аракеттерди, анын ичинде күнү-түнү коменданттык саат киргизилүүсүн сынга алышкан.

Анда окумуштууларга ачууланган президент Режеп Тайып Эрдоган алардын ачык катында айтылгандарды “жүзү каралык” деп атап, бул үчүн жооп беришерин эскерткен.

Террорчу аныктамасын кеңейтүү

Эми 14-мартта Эрдоган террорчу деген аныктаманы кеңейтүү сунушу менен чыкты:

- Колунда курал көтөрүп жүргөн террорчу менен өзүнүн наамын жана кызмат абалын кыянат пайдаланып, алардын турумун бөлүшкөндөр, максатына жетиш үчүн кол кабыш кылгандардын ортосунда эч айырма жок. Ал окумуштуу, депутат, жазуучу, журналист же бейөкмөт уюмдун башкаруучусу болушу мүмкүн. Бул ал адам террорчу экендиги тууралуу фактыны өзгөртпөйт. Ок атып, бомбаны жардыргандар менен катар буга мүмкүндүк берген жактоочулары менен колдоочулары да террорчу. Андыктан биз Кылмыш кодексин мүмкүн болушунча тезирээк өзгөртүп, терроризм боюнча аныктаманы кеңейтүүбүз керек. Коопсуздук кызматтары террордук ишмердикти колдогон деген шек менен кармаган адамдар сотко эшиктен кирип, бирок кара тешиктен чыгып кетүүдө. Биз муну менен мындан ары келише албайбыз.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын бул сөздөрү жана террорго каршы рейддердин алкагында үч илимпоз да камалганы тууралуу маалыматтар борбор Анкарада 13-марттагы жардыруудан 37 адамдын өмүрү кыйылгандан кийинки учурга туш келди.

Жарым расмий “Анадолу” агенттигинин шаршембидеги маалыматына караганда, Стамбулдагы жаңы рейддер учурунда шектүү саналган 20 адам кармалды, арасында адвокаттар да бар.

Анкара жардыруусунун артынан Түркиянын түштүк-чыгышында коопсуздук күчтөрү менен ПКК согушкерлери ортосундагы күрөш жаңы аймактарга жайылып, өкмөт танктарды, брондуу унааларды, тик учактарды жайгаштырды.

Ачуулануу жана ажырым

Коопсуздук күчтөрүнүн Дияарбакыр шаарындагы операциясы учурунда уюлгуган кара түтүн. 16-март, 2016-жыл.
Коопсуздук күчтөрүнүн Дияарбакыр шаарындагы операциясы учурунда уюлгуган кара түтүн. 16-март, 2016-жыл.

Түркия борборундагы акыркы беш ай ичиндеги үчүнчү жардыруу үчүн али эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок тергөөчүлөр жардырууну ПККга байланышы бар аял-эркек жасаган деген бүтүмгө келип жатат.

Андан бери Анкарада жардырууну айыптаган демонстрация өтсө, Стамбулда теракт үчүн АК партия башкарган өкмөттү жана президент Эрдоганды күнөөлөп, ачуулангандар көчөгө чыгып, бирок алардын нааразылыгын полиция суу бүркүгүчтөрдү, желим окторду колдонуп таратты.

Анкарадагы демонстрация. 15-март, 2016-жыл.
Анкарадагы демонстрация. 15-март, 2016-жыл.

Анкара жардырууну Түркиядагы саясий спектрдин баары - улутчулдардан тартып, күрттөрдү колдогон оппозиция да айыптаган. Бирок жооп чара кандай болушу керек деген маселеде АК партия менен башка саясий күчтөр ортосунда ажырым сакталууда.

Бир катар талдоочулардын пикиринде, эгер Түркия азыркы багытын уланта берсе, өлкөдө кыянатчылыктардын күчөө тобокелчилиги бар. Ага катар бийликтин азыркы багыты Түркияны эркиндик жана адам укуктары жаатында Европанын стандарттарына жетүү боюнча узактан берген умтулуусун артка таштайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG