Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Европарламентте улутчулдар арбыйт


Улуттук фронттун лидери Мартин Ле Пен алгачкы жыйынтыктарды уккандан кийин, толкунданып сүйлөдү.
Улуттук фронттун лидери Мартин Ле Пен алгачкы жыйынтыктарды уккандан кийин, толкунданып сүйлөдү.

Өткөн жумада Европарламентке болгон шайлоодо ашкере солчул жана оңчул партиялар жакшы көрсөткүчтөргө жетише алышты. Алдын-ала белгилүү болгондой Европадагы салтуу партиялар дагы эле басымдуу орундарды ээлешкени менен мурдагы шайлоого салыштырмалуу көрсөткүчтөрү начар.

Бул ирет шайлоого жалпы Евробиримдиктин калкынын 43% гана катышты. Байкоочулар мына ушул себептен ашкере оңчул жана солчул партиялар жакшы көрсөткүчтөргө ээ боло алышканын белгилешет. Анткени мындай партиялардын колдоочулары салттуу партиялардын тарапкерлерине караганда көбүрөөк добуш беришти.

Шаркеттин ар кайсы өлкөсүндө добуш бергендердин саны айырмаланып турду. Батыш жана түндүк Европанын элдери борбордук жана чыгыш өлкөлөрдүкүнө караганда добуш берүүгө жигердүү катышты.

Баарынан дагы Европарламентке шайлоо словактарды эч кызыктырган жок, болгону шайлоочулардын 13% гана добуш берди.

Брюсселде жана Страсбургда жайгашкан Европарламенттеги 751 орунга европалык партиялардын дээрлик бардыгы ат салышты.

Алардын эң ирилери - Европа элдик партиясы жана Социал-демократтардын прогрессивдүү альянсы. Алдын-ала белгилүү жыйынтыктар боюнча бул эки партия кайрадан сап башына чыкты.

Европа элдик партиясы 28% добуш алса, Социал-демократтарды 25 пайыздан бир аз азыраак европалыктар колдошту. Үчүнчү орунда либерал-демократтар, ал эми андан кийинки орундарды жашылдар жана радикал солчулдар ээлешти.
2009-жылкы шайлоого салыштырганда Европа элдик партиясы баарынан көп орун жоготту. Мурда бул партия 274 орунду ээлесе, эми 212 гана мандатка ээ болот. Социал-демократтар дагы он мандатын жоготту.

Ал эми Еврокомиссиянын жетекчилигине эки негизи талапкер бар. Алардын биринчиси - Европа элдик партиясынын өкүлү, тажрыйбалуу саясатчы, көп жылдар бою Люксембургдун премьер-министринин кызматын аркалаган, Еврогруппанын мурдагы жетекчиси Жан-Колд Юнкер. Анын атаандашы Европарламенттин азыркы жетекчиси, социал-демократ Мартин Шульц.

Жан-Колд Юнкер Элдик партия көп орун жоготконуна карабастан шайлоону жеңгенин белгиледи: “Мен Европа комиссиясын жекектөөгө толук укугум бар деп ойлойм. Европалыктардын шайлоого келиши эң негизги маселе болгон жок. Эң негизгиси мен шайлоонун жыйынтыгына ыраазымын”

Ошого карабастан шайлоонун жыйынтыктарын эске алганда, Еврокомиссиянын жетекчисинин шайланышы узак сүйлөшүүлөрдү талап кылаары шексиз.

Азыр эң башкы жаңылык - ашкере оңчулдардын Улуттук фронтунун жеңиши болууда. Болжолдуу жыйынтыктар боюнча, партия 25,4% добуш алды. 2009-жылы 6,3% гана добуш алган оңчулдар үчүн бул чоң секирик.

Улуттук фронттун лидери Мартин Ле Пен алгачкы жыйынтыктарды уккандан кийин, толкундана буларды айтты:

- Көз карандысыз эл өз оюн так жана туура билдирди. Бул деген эл сырттан келген буйруктарды аткарууну, өзүлөрү шайлабаган комиссарларга баш ийүүнү каалабагандыкты билдирет. Француздар эгемендикке карай алгачкы кадамын жасашты. Бул аракет аларды өзүн-өзү кысуудан сактайт. Француздар ошондуктан Улуттук фронтту тандашты.

Улуттук фронттун негиздөөчүсү жана президенти Мартин Ле Пендин атасы Жан-Мари Лепен жыйынтык белгилүү болоор замат француз парламентин таратып, өкмөтүн кетириш керек деген чакырык жасады.

Улуу Британияда күтүлгөндөй эле Бирдиктүү ханышалыктын көз карандысыз партиясы алдыга чыкты. Партиянын лидери Найджел Фарадж шайлоодон кийин Британияны Евробиримдиктен бөлүп чыгуу боюнча маселе бышып жетилгендигин, украин кризисинин каны менен Евробиримдиктин дагы колу булгангандыгын айтты.

- Евробиримдиктин тышкы саясатка кийлигишип жаткандыгы мени тынчсыздандырат. Украинадагы окуяларга баарыбыз күбө болдук. Мен бир гана Брюсселди күнөөлөй албайм, себеби британиялык саясатчылар дагы өз колдоосун көрсөтүшкөн. Бирок менимче, Европарламент жана НАТОнун Украинаны Евробиримдикке киргизүү боюнча биргелешип жасаган билдирүүсү –бул Украинага, өзгөчө католик динин карманган батыш Украина элине берген курулай үмүт деп ойлойм.

Фарадж ошондой эле Евробиримдик акыркы окуяларда Москвага жөн эле тийишкенин: “Мен Украинадагы төңкөрүшкө Евробиримдиктин дагы катышы бар деп ойлойм. Анан орус аюусун ойготом деп таяк менен сайгыласаң, ал кандай жооп кайтараары белгилүү да,” – деп сүрөттөдү.

Француз саясат тануучулары эми ар түрдүү партиялардан куралган парламентарийлер Брюсселде жана Страсбургда бирдикттүү блок кура алышаар бекен деп санааркашууда.

Европарламентте салттуу партиялар көпчүлүктү түзүшсө дагы, радикал оңчул жана солчул партиялар Брюсселдин борборунда Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо платформасын түзүүгө аракет жасаары белгилүү.

Эгер оңчулдар менен солчулдар биригип, саясий топ түзө алышса, алар Европарламенттен жыл сайын 1 млн. евродон ашык финансылык колдоо дагы ала алышат.

XS
SM
MD
LG