Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Сахаров сыйлыгы езид аялдарга ыйгарылды


Надие Мурад жана Ламие Ажи Башар
Надие Мурад жана Ламие Ажи Башар

Европа Биримдигинин Андрей Сахаров атындагы “Ой эркиндиги үчүн” быйылкы сыйлыгы Ирактагы езид активисттери Надие Мурад жана Ламие Ажи Башарга ыйгарылды. Экөө тең “Ислам мамлекети” террордук уюмунун колуна түшүп, кулчулукка кабылышкан. Туткундан качып чыгып, укук коргоочулук ишин улантышууда.

Активисттер Надие Мурад жана Ламие Ажи Башар быйыл Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты жеңип алганы бүгүн Страсбургда жарыяланды.

Эки активист 2014-жылы Ирактын түндүгүн “Ислам мамлекети” басып алганда туткунга түшүп калган. Экөө тең туткундан качып чыгып, учурда аялдардын жана азчылыктардын укуктарын коргоо менен алектенишет.

Ушул айдын башында Надие Мурад адам укуктары боюнча Вацлав Гавел атындагы Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын сыйлыгына татыган эле. Ал Нобель сыйлыгына да көрсөтүлгөн.

Андрей Сахаров атындагы сыйлыктын езид активисттерине ыйгарылышы талаш-тартыш жаратышы ыктымалдыгы айтылууда. Анткени ушул айдын башында Европа парламентинин Тышкы иштер жана Өнүктүрүү комитеттери тарабынан өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүдө көпчүлүк колдогон эмес. Адатта мына ушул добуш берүүдө көпчүлүк добушту алган талапкер жеңүүчү болуп чыгат.

“Азаттыктын” маалыматы боюнча, 11-октябрдагы жашыруун добуш берүүдө Орусияда тыюу салынган Крым татарлар межлисинин лидери Мустафа Жемилев Надие Мурад жана Ламие Башарга караганда 10 добуш көп алган.

Европарламенттеги немис депутаты, Жашылдар тобунун мүчөсү Ребекка Хармс тандоо жеңил болбогонун билдирди:

- Ар дайым бир нече талапкер болгондо кыйын болгондой эле, бул өтө татаал чечим болду. Биздин топ езид аялдардын жеңишин каалап, соңунда аларга добуш берди.

Ребекка Хармс езид активисттерине добуш берүү Мустафа Жемилев жана Жан Дүндарды колдобой коюу дегенди билдирбесин белгилеген. Түрк оппозициялык журналисти Жан Дүндар Сахаров сыйлыгына үчүнчү талапкер болгон.

Ал эми Румыниядан Европа парламентине шайланган, оңчул депутат Кристиан Ден Преда сыйлыктын езид аялдарга ыйгарылышын Москванын басымы менен байланыштырды:

- Социалисттердин добуш берүү жыйынтыгын өзгөрткөн фактысы акылга сыйбаган нерсе, анын бир гана түшүндүрмөсү бар - Москвадан басым болгон.

Румыниялык депутат буга чейин комитеттеги добуш берүүнүн жыйынтыгы менен акыркы чечим эч качан эки башка болбогонун белгилеген.

Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц эки активист аялга сыйлыкты ыйгаруунун символикалык жагын белгиледи:

- Аман калып, Европага качкын катары келген жана Европа Биримдигинде баш паанек тапкан эки аялга сыйлык ыйгаруу өтө символикалуу жана маанилүү чечим. Биз Европа парламенти аларды ар-намысы, абийири үчүн күрөшү, зордук-зомбулуктарга каршы турушунун күбөсү катары колдоо менен башкаларды да колдогонубузду билдирип жатабыз. Ошондуктан бул эки каарман аялды Европа парламентинде куттуктап жатканыма өтө кубанычтамын.

Езид активисттерине сыйлык 14-декабрда Страсбургда Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц тарабынан тапшырылат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG