Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Акаевдердин үй-мүлкү дале талашта


Экс-президент А. Акаевдин китепканасы
Экс-президент А. Акаевдин китепканасы

15-сентябрда мамлекеттик органдын өкүлдөрү мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасы делген имаратка келип, андагы буюм-тайымдарды эсептеп, мөөр басып кетишти. Экс-президенттин тарапкерлери муну баскынчылык катары баалашууда.

2005-жылдын башында ошондогу оппозициялык маалымат каражаттарында мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-мүлкү, байлыктары делген узун тизме жарыяланган эле. Ошол тизмедеги майлуу-сүттүү ири ишканалар, там-таштардын катарында туңгуч президент Акаевдин китепканасы делген көркөмдүү имарат бар болчу.

2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп, анын эсепсиз байлыктары боюнча териштирүүлөр башталган. Ал кезде башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаров көп өтпөй мурдагы президенттин мүлктөрү таланып атканын айтып чыккан болчу. Бирок андан көп өтпөй ал да кызматынан алынган эле.

Дал ошол мурдагы президентке караштуу делген мүлктүн чыры бүгүн да уланууда. А.Акаевдин китепканасы делген имарат боюнча соттун бардык баскычтарында иш каралып, Жогорку Сот анын бир бөлүгүн мамлекеттин карамагына өтсүн деген чечим чыгарган.

Бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин кызматкерлери жана сот аткаруучулары келип, имараттагы мүлтү эсептеп, мөөр басышты. Ал имараттын мыйзамдуу ээси экенин айткан Санатгүл Жамакеева мындай дейт:

- Мүлктөрдү эсептеп, мөөр басып атышканда мени имараттын ичине киргизишкен жок. Бул дегеле соо адамдын мээсине келбеген иштерди жасап атышат деп ойлоп атам. Эмне максат менен жасалып атканы түшүнүктүү болуп атат. Кыязы бул иштин баардыгы чоңдордун буйруктары менен болуп атса керек. Бирок бул мурдагы президент Аскар Акаевдин үйү, ал бизге белек катары берилген. Мен түшүнбөй атам таптакыр булар эмне кылып атышканын. Бул баскынчылык.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Иманалиев мындай дейт:

- Соттун чечими чыккан. Жогорку Сот чекитти койду, мамлекетке өткөрүлүп берилсин деген. Ошол азыр мамлекетке өткөрүлүп атат.

Укук коргоочу жана мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасынын камкорчулар кеңешинин мүчөсү Токтайым Үмөталиеванын айтымында, имаратты алуу үчүн келген адамдар эч кандай документ көргөзүшкөн жок жана имараттын мыйзамдуу ээлерин да мүлктү эсептөө учурунда ичкериге киргизбей коюшту.

Мурдагы президенттин китепканасынын камкорчулар кеңеши он эки адамдан турат. Алардын сегизөө Орусиялыктар болсо, калган төртөө Кыргызстандан. Алар мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков, мурдагы транспорт министри Кубанычбек Жумалиев жана Токтайым Үмөталиева.

Т.Үмөталиева талаш-тартыштуу бул маселе тууралуу буларга токтолду:

- Ал китепканада академик Глазуновдун китептери, башка китептер, Гельмут Коль берген белек турат. Ар кайсы президенттер берген сүрөттөр, белектер, бардыгы турат. Сот чечим чыгарган эле, “имараттын жартысын алгыла” деп. Булар болсо бүт бардыгын, ичиндеги оокаттары, майда-чүйдөсү менен кошо алып атышат. Аскар Акаевдин жеке буюмдарын да алып атышат. Керебети турат, чыны-чайнектери турат. Алардын бардыгын алганга эч кимдин укугу жок. Экс-президенттин укугу жөнүндөгү мыйзамды эч ким токтоткон эмес. Мыйзам турат, демек ал иштеш керек.

Учурда мурдагы президенттин китепканасы делген имараттын ээси экенин айтып жаткан Санатгүл Жамакеева мурдагы биринчи айым Майрам Акаеванын жакын тууганы. Бирөөнүн жеке менчигин басып алууга эч кимдигин акысы жок экендигин айткан С.Жамакеева, бүгүнкү окуялар боюнча сотко кайрылууну көздөп жатышканын билдирди. Ушул тапта бир бөлүгү мамлекетке кайтарылып жаткан имараттын чатагы дагы канчага созулары белгисиз.

XS
SM
MD
LG