Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Д. Үсөнов башкарган өкмөт өлкөнү өргө тартабы?


Данияр Үсөнов мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда четке сүрүлүп келген болсо, 2005-жылдан кийин жылдызы жанып, бир катар жогорку кызматтардын даамын татты.

Ошентсе да анын чоң кызматтардагы ишмердүүлүгү чырлуу окуялар менен коштолуп келди. Эми ал башкарган өкмөт өлкөнү өргө тарта алабы?

Данияр Үсөновдун саясий портретин калемге алгандар ага түрдүүчө баа берип келишет. Биринде ал “мыкты ишкер, экономика менен бизнести чемичкедей чаккан адис, энергиясы ашып-ташкан креативдүү жетекчи” катары сүрөттөлсө, башкасында ал “өз чөнтөгү менен мамлекеттик казынаны чаташтырып жиберчү өзүмчүл ишкер” катары сыпатталат.

Андыктан бул адамдын премьер-министрлик кызматка келиши да коомчулукта түрдүүчө пикирлерди жаратты. Дароо эле Д.Үсөновдун 2005-жылдан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин мүлкүн аныктоочу комиссияны башкарганын, А.Акаевдин мүлкүн издетип өз чөнтөгүнөн чет элдик Либерман аттуу адвокатка 500 миң доллар бергенин эстегендер четтен чыкты.

Мурдагы Коопсуздук Кеңешинин жетекчиси Мирослав Ниязовдун пикиринде, Данияр Үсөнов бүгүнкү бийликтин кадры жана ал президенттин командасындагы башка саясатчылардай эле бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоонун үстүндө иштей бермекчи:

- Данияр Үсөнов – бул бүгүнкү бийликтин кадры. Аны бүгүнкү бийликтин жүзү, акылы десек да болот. Мындай адам бекер коюлган жок да кызматка. Булар бир үй-бүлөлүк системанын кызыкчылыгын коргой турган адамдар. Жалаң гана Д.Үсөнов эмес, бийликтеги башка адамдар дагы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоп бере тургандар чогулушту.


Ошондой эле Мирослав Ниязовдун айтымында, эгемендик алгандан бери болуп келаткан ар бир реформа өлкөнү төмөндөтүп гана келатат. Ал эми соңку реформалар бийликтин бир колго топтолушун гана бекемдеди.

Мурдагы бийлик тушунда бир катар чоң кызматтарда иштеп турган белгилүү саясатчы Накен Касиевдин айтымында, Д.Үсөнов абдан эле кагылып-согулуп, бизнесте да, жетекчилик кызматтарда да бышып-жетилип калган инсан. Андыктан өткөөл мезгилде анын өлкө үчүн пайдалуу иштерди жасоосунан үмүт кылуу керек:

- Менин оюм мындай. Д. Үсөнов мурда вице-премьер болуп иштеди, бизнесте такшалды. Кандай болсо дагы бир топ жолду басты. Ошого байланыштуу азыркы кырдаалда премьер-министрликке дайындалышын мыйзам ченемдүү нерсе катары кабыл алып атам. Бул киши эми ачуу-таттуунун даамын таткан адам. Бир топ каккы жеген да жайы бар. Азыр эми бул орунга отуруп, арабаны тартып кетет го деп үмүттөнүп турам.


Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Кыргызстанда мурдатан эле премьер-министр алсыз болуп келген. Президенттин соңку реформаларында деле бардык бийлик президенттин колунда калганы көрүнүп турат. Андыктан кандай премьер келсе да акыркы сөз президентте:

- “Касапчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, азыр бизде президент башчыбыз да. Анан эл деле каалабады беле. “Бизге күчтүү президент, күчтүү бийлик, Сталиндей киши керек” дешип. Анан кудай элдин тилегин угат экен да. Ошол эл каалагандай болуп атат. Анан ушул реформа деле президентти күчтөндүрүү жагына багыт алды.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Кичи жана чакан ГЭСтер боюнча дирекциясынын жетекчиси Ф.Кулов жаңы премьер-министр абдан оор учурда кызматка келип турганын, андыктан аны колдоого алуу керектигин гана айтууда:

- Данияр Үсөнов өтө оор учурда кызматка келип отурат. Ушундай абалда кандайдыр бир жетекчиге ич күйдүлүк кылган туура болбой калат. Тескерисинче колдоо көрсөтүш керек.

Вице-премьер министрликтен кийин Данияр Үсөнов Бишкек шаарынын мэрлигине, андан соң өнүктүрүү фондунун жетекчилигине жылыштырылган болчу. Соңку кездери кайрадан анын ташы өйдө кулап, Медет Садыркулов сырдуу жагдайда көз жумган соң анын ордуна президенттин администрациясын башкарып калган.

XS
SM
MD
LG