Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

АКШ: соттордун "жолун" бууган жаңжалдар


Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретт Каванонун талапкерлигине нааразылык билдирген активисттер, Капитолий, 20-сентябрь 2018-жыл.
Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретт Каванонун талапкерлигине нааразылык билдирген активисттер, Капитолий, 20-сентябрь 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин дээрлик төрттөн бири Сенаттын колдоосуна ээ боло албай калган. Алдыда алардын айрымдарынын таржымалын айтып беребиз.

АКШнын Жогорку Сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн Бретт Каванонун талапкерлиги чуу менен коштолууда. Ал мектептин жогорку классында окуп жүргөн кезинде 15 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып жатат.

Бирок бул Америкада эң жогорку судьялык кызматка көрсөтүлгөн талапкерлерди бушайманга салган биринчи жаңжал эмес. Буга чейин Жогорку Соттун судьясы болгусу келген талапкерлердин 25 пайызга чукулу Сенаттын кароосунан өтпөй калган.

АКШнын Конституциясына ылайык, судьялар Жогорку Сотко өмүр бою дайындалат жана алардын талапкерлигин Конгресстин жогорку палатасы же Сенат жактырышы керек. Бирок тарыхта бул кызматка дайындоо процесси учурунда таржымалы талкуу жараткан жана түрдүү жаңжалдарга туш болгон талапкерлер аз эмес.

Жогорку Соттун 2017-жылдагы курамы.
Жогорку Соттун 2017-жылдагы курамы.

Роберт Борк жана идеологиялык себептер

1987-жылы Жогорку Соттун судьясы Льюис Пауэлл пенсияга чыккандан кийин ошол учурдагы президент Рональд Рейган анын ордуна Роберт Борктун талапкерлигин көрсөткөн.

Ал кесипкөйлүгү үчүн эмес, идеологиялык себептерден улам судьялык кызматтан кол жууган алгачкы талапкерлердин бири болуп калды.

Демократиялык партиянын сенатору Тед Кеннеди талапкер Роберт Боркту “аялдар туш келди жерде боюнан алдырууга мажбур болгон, ындыкаралар коомдук тамактануучу жайларда өзүнчө бөлүнүп отурган, шылуун полиция кызматкерлери түнкү рейддерде жарандардын эшигин сындырып кирген Американы эңсейт” деп ачык эле сынга алган.

Президент Рональд Рейган жана анын жубайы Нэнси Рейган, 6-январь 1987-жыл.
Президент Рональд Рейган жана анын жубайы Нэнси Рейган, 6-январь 1987-жыл.

Анын үстүнө Брок президент Ричард Никсондун учурунда Юстиция министрлигин жетектеген жана 1973-жылы “Уотергейт” жаңжалын иликтеп жаткан көз карандысыз прокурорду иштен алуу тууралуу Никсондун буйругун аткарган адам эле.

Сот тармагы боюнча комитети Борктун талапкерлигин демократтар басымдуулук кылган Сенатка добуш берүүгө жөнөткөн. Ал жакта 42 сенатор колдоп, 58и каршы болуп, Борктун талапкерлиги четке кагылган.

Дуглас Ховард Гинсберг жана кара куурай чуусу

Роберт Борк Сенатта колдоо таба албай калгандан кийин президент Рейган 1987-жылдын октябрь айында Жогорку Соттогу бош орунга Дуглас Ховард Гинсбергдин талапкерлигин сунуштаган.

Гинсберг 1983-жылдан 1986-жылга чейин Рейгандын администрациясында түрдүү кызматтарда, алардын ичинде Маалымат жана тескөө иштери боюнча кеңседе, Башкаруу жана бюджет бөлүмүндө жана Башкы прокуратурада иштеген.

Бирок анын 1960-жылдары студент кезинде жана 1970-жылдары Гарвард университетинде иштеп жүргөндө марихуана (кара куурай) чеккени маалымат каражаттарга жарыяланып кетип, судья болуу тилегин таш капкан.

Кара куурай чуусу талкуу жаратып жаткан учурда Гинсберг талапкер болуудан баш тартууга аргасыз болгон. Анын бул чечими акыры Жогорку Соттун судьялыгына Энтони Кеннединин дайындалышына жол ачкан.

Вашингтондогу Жогорку Соттун имараты.
Вашингтондогу Жогорку Соттун имараты.

Кларенс Томас жана сексуалдык ыдык тууралуу айыптоолор

Судья Кларенс Томастын талапкерлигин 1991-жылы ошол учурдагы президент Жорж Буш көрсөткөн. Ал Жогорку Соттун алгачкы ындыкара судьясы Тэргуд Маршаллдын ордуна келиши керек эле.

Томастын талапкерлиги Жогорку Сотко судьяларды дайындоо жараянынын тарыхындагы эң чоң талкуу жараткан окуялардын бири болуп калды. Буга АКШнын Федералдык иликтөө бюросунан чыгып кеткен маалыматтар түркү берген. Ал маалыматтарда Томастын мурдагы кызматташы Анита Хилл аны сексуалдык ыдык көрсөттү деп айыптаганы айтылган эле.

Кантсе да Сенаттагы талкуу маалында Кларенс Томас Роберт Боркко салыштырмалуу саясий өңүтү бар юридикалык маселелерге карата өзүнүн позициясын ачык билдирбей койгон.

Айтор, анын талапкерлигин 100 сенатордун 52си колдоп, 48и каршы чыккан. Натыйжада ал аз гана айырма менен бул кызматка дайындалган, Жогорку Соттогу экинчи ындыкара судьясы болуп калган.

Жорж Харольд Карсвэлл жана сегрегация тууралуу айыптоолор

Президент Ричард Никсон 1969-жылы Жогорку Соттун судьясы Абэ Фортас кызматтан чегингенден кийин анын ордуна Жорж Харольд Карсвэллди дайындоого аракет кылган.

АКШнын мурдагы президенти Ричард Никсон.
АКШнын мурдагы президенти Ричард Никсон.

Бирок жарандык активисттер Карсвеллдин талапкерлиги боюнча Сенаттагы угуулар маалында анын 1940-жылдары расалык сегрегацияны же жектөөчүлүктү жактаганын айтып чыгышкан.

Ошондой эле федералдык судья катары жарандык укуктарды коргоо тармагында Карсвеллдин көрсөткүчтөрү начар экенин белгилешкен.

Натыйжада бул судьянын талапкерлиги 51 сенатордун “каршы” (45 “макул”) деген добушу четке кагылган.

Харриет Эллан Мирс жана эки партиянын каршылыгы

2005-жылы президент Жорж Буш пенсия чыккан судья Сандра Дэй О’Коннордун ордуна өзүнүн юридикалык маселелер боюнча кеңешчиси Харриет Мирстин талапкерлигин көрсөткөн.

Мирс Буш 1994-жылы Техастын губернатору болуп шайлангандан бери аны менен кызматташып келген.

Бирок анын талапкерлигине Сенаттагы эки партия тең, тактап айтканда республикачыл да, демократ сенаторлор да каршы чыгышкан. Мирстин буга чейин судьялык кызматты аркалабаганы жана конституциялык маселелерди чечмелөөгө аралашып көрбөгөнү анын талапкерлигине каршы турган сенаторлордун катарын калыңдаткан.

Керек болсо “ал айрым сенаторлордун татаал конституциялык маселелер боюнча суроолорун түшүнбөй калды” деп сындагандар да болгон.

АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

Ал Конституцияга байланыштуу айрым суроолорго канааттандырарлык деңгээлде жооп бере албай койгондон кийин жана кайсы бир суроолорго дээрлик жооп берүүдөн баш тарткандан кийин Сенаттын республикачыл төрагасы жана Сот тармагы боюнча комитеттин жогорку даражалуу демократ өкүлү Мирстин жоопторун “адекваттуу эмес”, “жетишсиз” жана “мазактаганга тете” деп мүнөздөшкөн.

Судьялык кызматка көрсөтүлгөндөн сегиз гана күн өткөндөн кийин Мирс Буштан талапкерлигин артка чакыртууну өтүнгөнүн, буга президент “кыйылып жатып” макул болгонун Ак үй кабарлаган.

Мирс 1987-жылдагы Гинсбург жаңжалынан кийин талапкерлигин чакыртып алган экинчи, ал эми АКШнын тарыхындагы жетинчи адам болуп калган.

Автор: Рон Синовитц

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG