Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Телефондон чыккан нур баланын көзүн оорутат


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда балдар арасында миопия оорусу (көздүн алысты көрбөй калышы) жайылып баратат. Дарыгерлер көздүн курчу кетип жатканына Интернетти күнөөлөшөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ушу тапта Жер шарында көзү азиздердин саны 5 миллионго, көзү начар көргөн адамдардын саны 124 миллионго чукул.

Ал эми британиялык окумуштуулар барган сайын жаштардын көрүүсү начарлап баратканын, буга телефон менен компьютер себепкер экенин айтышат.

Ал эми Кыргызстанда абал кандай? Бул суроо менен Бишкектеги Дене тарбия жана спорттук медицина борборунун дарыгери Айжан Чакиевага кайрылдык. Ал күн сайын беш жаштан жогору эки-үч баланы текшерүүдөн өткөрөт экен. Чакиева телефондун балдарга зыян экенин мындай мисалдар менен негиздеди:

- Чындыгында телефон менен планшет балдарга аябай эле зыян. Көпчүлүк энелер "балам алаксып, ыйлабай турсун" деп кармата коюшат. Бирок алар толук калыптана элек көздүн булчуңдарына күч келерин этибар алышпайт. Бара-бара көздүн көрүүсү начарлап, миопия же гиперметропия деген дарттар пайда болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, бала алысты көрүү жөндөмүн жоготот. Тилекке каршы бул ооруларды айыктыруу мүмкүн эмес. Тек гана көз айнек тагынып, көрүүсүн жакшыртса болот.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ал эми Түркияда дарыгерлер балдардын көзүн жылына текшертип турууга кеңеш беришет экен. “Dünya Göz” клиникасынын офтальмологу Элвах Ялчын балдарга телефон берип жатканда анын жаш курагын да эске алуу керектигин айтты:

- Бала жаңы төрөлгөндөн кийин алгачкы алты айда көзүнүн көрүүсүн текшертүү керек. Бир жылда жок дегенде эки жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турушу зарыл. Үч жарым жашка чыккыча планшет, смартфонду берүүгө болбойт. Беш жашка чейин бала смартфонду бир күндө жарым саат гана ойношу керек. Беш жаштан 10 жашка чейин бир саат, ал эми он жаштан кийин бир жарым, эки саат гана убакыт берилгени дурус. Болбосо баланын көзү кургап, аллергияга чалдыгат. Алысты көрө албай, көзүнүн курчу кетет.

Түштүк Кореяда жашаган мекендешибиз Азима Калый кызынын айтымында, бул өлкөдө педиаторлор ата-энелерге смартфондун, телевизордун зыяндуу экенин дайыма эскертип турат:

- Кореяда дарыгерлер балдардын саламаттыгын кылдаттык менен текшерип турушат. Ата-энелерге бала бир күндө эки сааттан ашык телевизор, компьютер, смартфон тиктебеши керектигин тынбай айтышат. Кызымды караган догдур эгер бала эки сааттан ашык экранды карап отурса, көзү эле эмес, акыл-эси да мокой баштарын эскерткен. Ушундан улам норманы сактаганга аракет кылабыз.

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Туура тамактанууга төңкөрүш жасайлы

Бизде Кыргызстанда “чың ден соолук” боюнча билим, түшүнүк өтө төмөн болгондугу аябай чоң трагедия деп ойлойм. Ден соолукту чыңдоо деген бул ооруганда кантип дарыланууну билүү эмес!

Бишкектеги президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы көз догдуру Кайрыниса Ибраимова акыркы мезгилде компьютер, смартфондордун айынан көзү начарлагандар көп дегенге кошулат. Дарыгер адам баласы эки айнегине дайыма кам көрүшү керектигин эскертти:

- Бардык нерсе чеги менен болгону жакшы. Гаджеттерди ашыкча колдонуу - албетте, зыян. Анан көздү сакташ үчүн туура азыктануу керек. А витаминине бай пияз, сабизди, С витамининин булагы болгон цитрус өсүмдүктөрүн жеп туруш керек. Эгерде компьютер менен иштесеңиз, анда 40 мүнөт сайын көнүгүүлөрдү жасап туруңуз. Оңго, солго карап, алысты, тоолорду, сууну тиктөө менен көздү эс алдырса болот.

Ал эми британиялык көз догдурлар балдарга балыктын майында кездешчү Омега-3, Е витамини да пайдалуу экенин белгилешет. Таза абада сейилдөө, дене көнүгүүлөрүн жасоо чарчаган каректи эс алдырууга жардам берет дешет.

Лондондогу Падышалык коллеждин окумуштуулары алысты көрө албаган миопия оорусунан Чыгыш Азиядагы 18 жашка чыга элек жаштардын 90 пайызы жабыркап жүргөнүн жарыялады. Европада бул көрсөткүч 40-50 пайызды түзгөн.

2007-жылы "Apple" компаниясы алгачкы "Айфонду" чыгарганда эксперттер жука экрандан чыккан нурлар өсүп келаткан балдардын көзүнүн булчуңдарына терс таасир этип, миопия оорусун пайда кыларын эскертишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG