Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:49

УЕФА расисттик көрүнүштү иликтейт


Болгариялык футбол ышкыбоздору. София, 14-октябрь, 2019-жыл.

Болгариянын Футбол федерациясынын төрагасы Борис Михайлов Англиянын командасы менен беттешүү маалындагы окуядан кийин кызматтан кетти.

14-октябрда Европа чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы Англия менен Болгариянын беттешкен учурунда болгариялык ышкыбоздор атаандаштардын ынды кара оюнчуларына расисттик белгилерди көргөзүп, чуу чыккан. Англиянын футбол жетекчилери УЕФА окуяны териштирерин билдиришти.

Софияда өткөн 14-октябрдагы оюн маалында жергиликтүү ышкыбоздор ар-намыска шек келтирген, расисттик белгилерди көргөзгөндө судья эки ирет беттешүүнү токтотууга аргасыз болгон.

«Мен Борислав Михайловду Болгариянын Футбол биримдигинин башчылыгынан дароо кетүүгө чакырам», - деп жазды Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов эртеси «Фейсбуктагы» баракчасына.

Болгариялык футбол ышкыбоздору. София, 14-октябрь, 2019-жыл.
Болгариялык футбол ышкыбоздору. София, 14-октябрь, 2019-жыл.

Англия 2-0 эсебинде жеңип жатканда, 28-мүнөттө маймылдын кыйкырганын туураган добуштар жаңыра баштаган. Европа футболунун негизги органы - УЕФАнын расизмге каршы эрежелерине ылайык стадиондогу алып баруучу «матч үзгүлтүккө учурашы мүмкүн» деп эскерткен. Бирок 15 мүнөттөн кийин оюнду дагы бир жолу токтотууга туура келди.

Болгариялык фанаттар ошондой эле нацисттердин учурашуусун туурап колдорун көтөрүп, УЕФАнын расизмге каршы өнөктүгүндө пайдаланган ураанын башкача кылып бурмалап жазып, ошол сөздөр түшүрүлгөн футболкаларды кийип алышкан.

Өкмөт башчы Бойко​ Борисов: «Дүйнөдөгү эң сабырдуу өлкөлөрдүн бири, түрдүү улуттардын жана диндердин өкүлдөрү чогуу жашаган Болгария үчүн расизм, ксенофобияга байланыштырылып сөз болушу алгылыксыз көрүнүш», - деп жазды.

Британиянын премьери Борис Жонсон андай «пас» окуяны катуу айыптады.

Премьердин басма сөз катчысы 15-октябрда «расизм жана дискриминация футболдон түбөлүккө сүрүлүп чыгышы керек» деди.

Англиянын Футбол ассоциациясы тараткан билдирүүдө курама команданын футболчулары болжолу менен ынды кара оюнчуларга багытталган «расисттик ураандарга» туш болушканы, мындай жоруктар мурда да катталганы айтылып, андай жүрүм-турумга футболдо гана эмес, жалпы коомдо орун берилбеши керек» экендиги белгиленген.

- Мен оюндун учурунда УЕФА менен сүйлөшүп жаттым. Алар иликтөө жүргүзүшөт. Судья, башка расмий өкүлдөр көргөндөрдү гана эмес, оюн жазылган тасманы текшерип, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угушат. Мындай иренжиткен расизм менен күрөшүү үчүн фактыларды аныктап, андан ары чара көрүү зарыл, - деди Англиянын Футбол федерациясынын төрагасы Грег Кларк.

Орландо трагедиясы, футболдогу мушташ
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

Оюндун биринчи жарымы аяктагандан кийин Болгариянын капитаны Ивелин Попов ышкыбоздорго алардын кылгандары канчалык жагымсыз экенин түшүндүрүүгө аракеттенди.

Ал эми Болгариянын башкы машыктыруучусу Красимир Балаков эч нерсе укпаганын беттешүүдөн кийинки басма сөз жыйынында айтты:

- Көңүлүм бүт оюнда болчу. Эч нерсе уккан жокмун. Азыр эле Англия командасынын басма сөз катчысы менен сүйлөшүп, айтылгандар чын болуп чыкса, «ушундай расисттик инцидент Болгарияда болуп жаткандыгы үчүн кечирим сурашыбыз керек» дедим.

Түркиянын футбол боюнча командасы Албания менен беттешүүдөн кийин.
Түркиянын футбол боюнча командасы Албания менен беттешүүдөн кийин.

УЕФА ошондой эле Түркиянын футболчуларынын оюн талаасындагы жүрүм-турумун иликтеши ыктымал. 14-октябрда дүйнө чемпиону Францияга гол киргизгенден кийин алар Сириянын түндүгүндө согушуп жаткан жоокерлерди аскердик ишарат менен кубатташты. Буга чейин уюм түрктөр Албания менен матчта да ошондой ишарат кылышкан деген маалыматтарды текшерерин билдирген.

Түркиялык машыктыруучу Шенол Гүнеш команда муну менен куралдуу күчтөргө карата урматын билдиргенин, андан башка эч кандай саясат болбогонун айтып оюнчуларын коргоду.

Франция-Түркия матчы 1-1 эсебинде аяктаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG