Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Париж Римдеги элчисин чакыртып алды


Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Франция менен Италиянын ортосунда элчини чакыртып алган мындай окуя Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу болуп отурат.

Париж менен Римдин ортосунда талаш-тартыш былтыр Италияда улутчул партиялар бийликке келгенден кийин башталган.

Луижи Ди Майо
Луижи Ди Майо

Дипломатиялык жаңжал Италиянын премьер-министринин орун басары Луижи Ди Майо 5-февралда Франциянын өкмөтүнө каршы чыгып келе жаткан “Сары кемселчендердин” өкүлдөрү менен жолуккандан кийин күчөдү.

Кездешүүдөн кийин Ди Майо “Твиттерге” “Өзгөрүү желаргысы Альпыдан өттү” деп жазды. Муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп санаган Париж Римдеги элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды.

“Франция бир канча айдан бери негизсиз айыптоолорго, чабуулдарга кабылып, сандырак билдирүүлөрдүн курмандыгы болуп келе жатат. Франциянын ички ишине акыркы жолку кийлигишүү кезектеги ыксыз чагым. Бул дос жана өнөктөш өлкөнүн элдин демократиялык тандоосун сыйлабастыгын көрсөтөт”, - деп айтылат Франциянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

- Француздарда “Көп сөз - сандырак сөз” деген кеп бар. Бул билдирүүлөр саны жана мааниси жагынан ашыкча болуп кетти, демек алар маанисиз. Биз акылсыз адамдар менен ойноп отурбайбыз. Бизде маанилүү кошунабыз - Италия мамлекети менен кыла турган көп ишибиз бар, - деди Франциянын Европа иштери боюнча министри Натали Луазо.

Париж менен Римдин алакасы 2018-жылы мартта Италияда улутчул жана популисттик саналган “Лига” кыймылы жана “Беш жылдыз” партиясы парламенттик шайлоодо утуп, коалициялык өкмөт түзгөндөн кийин сууй баштаган.

Эки өлкө ортосундагы араздашууга ириде Европадагы миграция саясаты негиз болуп келе жатат. Франция Римди Жер Ортолук деңизи аркылуу келип жаткан африкалык мигранттарды кабыл алуудан баш тартканы үчүн катуу сындаса, Италия алар аркылуу өтүп жаткан качкындарды чек арадан киргизбей, артка жөнөтүп жатат деп Францияны айыптайт.

Италиянын премьер-министринин дагы бир орун басары, ички иштер министри Маттео Сальвини январдагы сөзүндө Франция эли үчүн жакында “жаман президенттен” кутулуу мүмкүнчүлүгү пайда болот деп, Эммануэл Макрондун жеке өзүн ачуу сындаган.

Ал 7-февралда Италия издеп жаткан 14 “террористти” берген эмес деп, Парижге да күнөө койду:

Маттео Сальвини
Маттео Сальвини

- Меймандостук жана жоомарттык тууралуу сабак өтүп келе жаткан француз өкмөтү акыркы эки жылда Италия-Франция чек арасынан 60 миң мигрантты, анын ичинде балдар менен аялдарды киргизбей, алардын айрымдарын түндө токойдо калтырган. Мындан тышкары, Италиядан бара жаткан поезд каттамын көзөмөлдөгөн полициянын айынан биздин мекендештерди текшерип жатышат. Эгер мени мажбурлай турган болсо, Италия полициясы да Франциядан келе жаткан поезддерди ушундай кылып текшерүүгө барышы мүмкүн.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда экономикалык долбоорлорго, коопсуздукка байланышкан башка да талаш-тартыштар пайда болду.

Маттео Сальвини Францияда оппозициячыл саясатчы, оңчул "Улуттук Фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пенди, ал эми анын кесиптеши Луижи Ди Майо “Сары кемселчендерди” колдогонун көргөзүүдө.

Франция. 3-декабрь, 2018-жыл
Франция. 3-декабрь, 2018-жыл

Луижи Ди Майо 6-февралда жолуккан Кристоф Шаленсон жана Ингрид Левавасёр Европарламентке шайлоого талапкер болууну көздөп жатат.

Кристоф Шаленсон - декабрда бийликке өлкөдө жарандык согуш болуп кетерин эскертип, Куралдуу күчтөрдү Францияда убактылуу өкмөт түзүүгө чакырган саясатчы.

Май айында Европарламентке шайлоо болот. Франция италиялык өкмөт мүчөлөрдүн акыркы билдирүүлөрүн ошол шайлоого даярдык катары баалады.

Францияда “Сары кемселчендердин” акциялары былтыр ноябрь айында башталган. Алгач түмөндөгөн адамдар президент Эммануэл Макрон баштаган бийликтен күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүү чечиминен баш тартууну талап кылган. Бийлик алардын бир катар талаптарын аткарды. Учурда алар айлык-маянаны көтөрүү жана башка салыктарды азайтуу талабын коюшууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG