Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Францияда «Бульдозер» саясатчы көз жумду


Франциянын экс-президенти, маркум Жак Ширак. 10-май, 2006-жыл. Париж.
Франциянын экс-президенти, маркум Жак Ширак. 10-май, 2006-жыл. Париж.

Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак бейшембиде 86 жашында дүйнөдөн кайтты.

Жак Ширактын дүйнө салганын медиага анын күйөө баласы угузду. Ал мурдагы президент жакындарынын курчоосунда көз жумганын билдирип, себебин айткан жок. Ширактын саламаттыгы бийликтен кеткен 2007-жылдан бери дурус эмес экендиги айтылып келген. Өлкө башында 12 жыл турган Жак Ширактын өлүмү көп карапайым француздарды кайгыга салды. Алардын бири, 62 жаштагы Париждин тургуну Дидиер Крамуа Ширак улуу президент болгон деп эсептейт.

- Биз анын Елисей сарайында өткөргөн 12 жылдык башкаруусун баалайбыз, - деди ал. - Экс-президентибиз каза тапканын уккандан кийин Ширак мадам тууралуу ойлоп жатам. Биз анын жубайын да сыйлап, өзгөчө мамиле кылабыз. Ширактын үй-бүлөсү менен биргебиз.

Жак Ширак 1932-жылы банк кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Саясий карьерасын баштап жатканда чечкиндүүлүгү жана амбициялары үчүн «Бульдозер» деген атка конгон. Ал президенттикке чейин эки ирет өкмөт башчы, андан мурда жыйырма жылдай Парижди башкарып турган. Баш калаанын азыркы мэри Анн Идальго «ал түбөлүк биздин мэрибиз бойдон калат» деп билдирип, Ширакты «шайыр мүнөз болгон» деп сүрөттөдү.

Париждин мэри Анн Идальго. 16-январь, 2015-жыл.
Париждин мэри Анн Идальго. 16-январь, 2015-жыл.

1995-жылдан 2007-жылга өлкөнү башкарган Жак Ширактан узагыраак Елисей сарайында Франсуа Миттеран гана турган (14 жыл). Экс-президентти көптөр дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты дипломат болгон деп айтышат. Бирок ал ички маселелерге көп көңүл бурбай койгону элдин нааразылыгын пайда кылган. Мындан улам 2005-жылы Францияда калайман башаламандык тутанып, жаштар менен полициянын кагылышуусуна алып келген. 70 жаштагы Париж тургуну Жин Жак Ширакты абдан начар президент болгон деп эсептейт. Себебин ал мындайча түшүндүрдү:

- Анткени ал негизинен тышкы саясат менен алектенчү, ошону менен таанылды. Бирок Франция үчүн ал зарыл реформаларды жасаган жок.

Жак Ширак француздардын Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жөөттөрдү куугунтуктоого катышканын биринчилерден болуп расмий тааныган. 2002-жылы ал климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө чечкиндүү чакырык таштаганы менен белгилүү.

- Биздин үйүбүз күйүп жатат, биз аны көрбөй турабыз. Ашыкча колдонулган, тарпы чыккан табият кайра калыбына келбейт, биз ушуну мойнубузга алуудан баш тартып жатабыз, - деген Ширак Йоханнесбургда өткөн эл аралык саммитте.

Ал ошондой эле 2003-жылы Кошмо Штаттардын Иракка согуш ачышына ачык каршы чыккан. Мындан кийин АКШ менен Франциянын алакасы бир топко чейин чыңалган бойдон турган. Анткен менен ал Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен байланыштарды калыбына келтирүүгө үлгүрдү. Жак Ширак 11-сентябрдагы терракттардан кийин АКШнын ошондогу президенти Жорж Буш менен жолуккан биринчи лидер болгон. Бийликтен кеткенден кийин, 2011-жылы коррупциялык чууга байланыштуу айыпталып, эки жылга эркинен шарттуу ажыратылган. Ал мэр болуп турган кезинде мамлекеттик каражатты максатсыз сарптаган деп айыпталган. Жак Ширактын артында байбичеси Бернадетт Ширак жана кызы Клод калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG