Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

УТРКнын айрым кызматкерлери ачкачылыкка чыкты


УТРКнын жетекчиси М.Эшимканов менен президенттик администрация башчысы М.Садыркуловдун кызматтан кетишин талап кылган ачкачылык акциясы башталды.

Акциянын уюштуруучулары Бишкек шаарындагы М.Горький аянтына чыгышып, акциянын башталышы катары Эшимканов менен Садыркуловдун жасалма сөлөкөтүн өрттөштү. М.Эшимкановдун айтымында, нааразы болгондордун бардыгы финансылык жана эмгек кодексин бузгандыктары үчүн кызматтарынан алынышкан жана алар майлуу-сүттүү кызматтарынан айрылгандарына ичтери күйүп жатат.

УТРКнын жетекчилигине мурда оппозицияда жүргөн Мелис Эшимканов былтыр күз айларында келген. Президенттин жарлыгына ылайык 2008-жылдын 18-июнунда анын генералдык директорлугуна дайындалган. М.Эшимканов келип эле УТРКны оңдой турганын, кол алдындагыларга реформаларга даяр болуулары керектигин айткан.

2008-жылдын январь айында мурда УТРКнын жетекчи орун басары болуп турган Бейшенбек Бекешов баш болгон адамдар жаңы жетекчинин саясатына нааразы болушуп, ачкачылык акциясына чыгышкан. Анда ал чырлашууну чечүү үчүн Маданият министри Султан Раев башында турган комиссия түзүлүп, араздашкандар кайрадан УТРКда иштей башташкан эле.

Өткөн айдын соңунда УТРКда бир катар жаштар берүүсүнүн продюсери болуп турган Ассоль Молдокматова башында турган топ М.Эшимкановду айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылган акцияларды башташканы, мурунку нааразы болгондор да бул топко кошулган.

Кечээ ал акциянын уюштуруучулары Бишкектеги Горький аянтына чогулушуп, нааразы болгондордун бешөө аянтта ачкачылык акциясын башташканын жарыялашты. Акциянын катышуучулары Мелис Эшимканов менен президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов кызматтан кетмейин, суукка карабай ачык асман алдында ачка жата беришерин айтышууда.

Ассоль Молдокматованын айтымында, М.Эшимканов биринчи каналды каалаганындай урунуп, өзүнүн чөнтөгүн толтуруу аракетин көрүп жатат. Ошондой эле ал, кызмат ордунда калтыруу шарты менен М.Эшимканов аны Европага эс алып келүүгө чакырганын айтты:

- Ал мага татыксыз, уят сунуш жасады. Европага чогуу барып келүү боюнча... Мен өзүмдүн карьерамды курууда бир дагы жолу Эшимканов сыяктуу төмөн иштерди жасаган эмесмин. Менин адамдарым анын авантюристтик, өзүмбилемдик кадамдарынан жапа чекпеши керек.

М.Эшимканов болсо, А.Молдокматованын “Европага чогуу барып келүү” тууралуу тууралуу айыптоолорун четке кагып, аны карандай жалаа катары баалай турганын “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле ал УТРКнын каражатын өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандыгы тууралуу айыптоолорго төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

- Алар айтып атышат. "Эшимканов келгени улуттук канал банкрот абалына келди. Былтыр ал келгенге чейин 67 миллион таптык эле, быйыл болсо 40 миллион эле болуп калды” деп. Бирок алар жакшы билишет, мен келгенге чейин “РТР планетанын” рекламасы бар болчу. Эгер анын рекламасы болгондо азыркыдай 40 миллион эмес, 100 миллиондон ашык тапмакмын. Аны Эшимкановго жеткирбей эле Атамбаевдин токтому менен менчик колго өткөзүп ийишсе, бюджеттен кенен-кесири акча бөлүнбөй атса мен Ассоль Молдокматовага бир жеримди кесип берейинби. Булар ошо жеп, сүлүк курттай жабышып, байып кеткен уйдун эмчегин соргондой соруп, сүт чыкпай калса канына чейин соруп, улуттук каналдын түбүнө жетип бараткан азаматтар болчу.

Ачкачылык жарыялаган 5 адамдын бири Бейшенбек Бекешовдун айтымында, алар атайылап ачкачылык акциясына аялдарды жана ден-соолугу начарларды кошушкан жок. Андыктан, ачкачылык жарыялашкан беш адамдан башкасы күндүзгүсү Горький аянтына чыгышып, алар менен бирге талаптарын уланта беришмекчи.

УТРКда иштебесе дагы ачкачылык жарыялагандардын катарына кошулган Кыргызстан патриоттор кыймылынын жетекчиси Назарбек Нышанов, нааразы болгондорго тилектеш экенин, ошол себептүү баарына кайыл болуп акцияга кошулганын билдирди:

- Бешөөбүз ачкачылык кармап баштадык. Мына азыр кар жаап атат, суук. Ага карабай биз ачык асман алдында ачка тура беребиз.

УТРК-“Азаттык” келишими тууралуу дагы бир тактоо

Эл аралык берүүлөр бюросунун (ЭББ) жана Эркин Европа – Азаттык үналгысынын өкүлдөрү Кыргыз бийлиги менен 15-декабрда жолуккан соң, Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен “Азаттыктын” шериктик кызматташтыгындагы соңку жагдайлар боюнча маалымат жыйынын өткөргөнү, анда УТРК менен талаш-тартышта саясий өңүт жок деп айтылганы чындык.

Бирок ошол эле күнү кечинде УТРКнын директору Мелис Эшимканов бир нече саат мурда өзү жана Ак Үй өкүлдөрү (Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев) Вашингтон менен Прагадан келген өкүлдөргө айткан “келишимдеги техникалык талаптар аткарылса болду, “Азаттыктын” берүүлөрү кайрадан УТРК тарабынан обого чыгарыла баштайт” деген билдирүүгө карама-каршы мамилесин көрсөтүп, “Азаттыктын” УТРК аркылуу обого чыкчу материалдарына редакциялык көзөмөл киргизүү керек деп Прага менен Вашингтондон келген өкүлдөрдөн талап кылган.

Бул талапты Эл аралык берүүлөр бюросу да, “Эркин Европа – Азаттык үналгысынын” жетекчилиги да эч кабыл албай турганын билдирген. “Эркин Европа – Азаттык үналгысынын” президенти Жефф Гедминдин соңку билдирүүсү деле дал ошол орток мамилени чагылдырат.

Эшимканов мырза ошондой эле орток делегациянын өкүлдөрүнө “Азаттыктын” берүүлөрүн калыбына келтирүү үчүн Кыргызстандын расмий жетекчилигинин көрсөтмөсү да зарыл экенин билдирген. Азырынча Бишкектеги “Ак үй” бул маселени шериктердин гана ички иши катары сыпаттап келет.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар жана кыргыз атуулдук коомчулугу болсо УТРК-Азаттык шериктиги маселеси эми нагыз саясий маселеге айланганын билдирүүдө. Бул тууралуу депутат, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева айым да бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда белгиледи.

XS
SM
MD
LG