Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

ЖЭБге көмүр ташуучулар өкмөткө кайрылды


Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк ташуучу автоунаалар.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк ташуучу автоунаалар.

Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташыган «Кыргыз HOWO транспорт» коомдук бирикмеси жүк ташуудагы тоскоолдуктарга байланышкан маселени чечүүнү өтүнүп өкмөткө кайрылды.

Эгер андай чечим кабыл алынбаса, компания жүк ташуунун баасын көтөрүүгө мажбур болоорун, анын артынан жылуулук менен ысык суу да кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Транспорт жана жолдор министрлиги жүк ташуунун баасын компания өзү жөнгө саларын айтып жатат.

«Кыргыз HOWO транспорт» коомдук бирикмеси Кыргызстандын аймагынан Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 500 миң тоннадан ашык көмүр жеткирет. Коомдук бирикменин төрагасы Абасбек Доромбаев 27-февралда Бишкектеги басма сөз жыйынында бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, 2014-жылы күчүнө кирген өкмөт токтомун жокко чыгарууга чакырды. Анын айтымында, киргизилген чектөө оор жүк ташуучуларга пайда бербегендиктен, жүк ташуунун баасын көтөрүү маселеси каралууда:

Абасбек Доромбаев.
Абасбек Доромбаев.

- Биздеги оор жүк ташуучу машинелерге 25 тонна жүк батат. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, 10 тоннадан ашык жүк салбашыбыз керек. Ушинтип 25 тоннанын ордуна он тоннадан ташый берсек, жүктүн баасы эки жарым эсе жогорулайт. Жылуулукка азыр бир бөлмө батирдин ээлери орто эсеп менен 2 миң сом төлөсө, жүк ташуунун баасы жогоруласа 4-5 миң сом төлөп калышы мүмкүн. 2014-жылдан тартып салмак-габариттик көзөмөлдөн оор жүк ташыган айдоочуларга чара көрүлө баштады. "Ашыкча жүк" деп 10 миң сом айыппул салып атышат. Биз деле туура иштеп атабыз. Машинелердин техникалык паспортунда "25 тоннага чейин жүк көтөрөт" деп жазылып турат. Ошол 25 тоннадан ашык салбайбыз.

Буга чейин өкмөт "жолдор талкаланат" деген жүйө менен оор жүк ташуучу автоунаалардын салмагына чектөө киргизген. Анткен менен айдоочулар оор салмактагы машинелер "жолду бузуп жатат" деген дооматтарга макул эмес. Алардын бири Азамат Түркмөнов:

Азамат Түркмөнов.
Азамат Түркмөнов.

- Жолду өздөрү сапаттуу сала албай жатышат. Мисалга Бишкекти эле алалы. Былтыр жазында оңдолгон Щербаков көчөсү мына чөгүп, жарылып турат. Анын кантип курулганын көргөнбүз. Өздөрү жолду технологиясы менен курбай, эптеп-септеп салып коюшат. Анан "Хово" машинелерин "жолду бузат" деп жаманатты кылышат. Совет, Тынчтык көчөсүн алалычы, "Ховолор" жүрбөйт, троллейбус эле жүрсө да талкаланып атпайбы? "10 дөңгөлөктүү оор жүк ташуучу машине канча жолдо канча салмак басат" деп экспертиза жасаганбыз. Машинени жүгү менен кошкондо жалпы салмак 40 тонна болгон учурда бармак менен баскандай эле күч келтирди. Ошондон жол талкаланабы?

Оор жүк ташыган айдоочулардын арасында өкмөт токтомун мамлекеттик органдар бузуп жатканын билдиргендер да бар. Өзүн Марат деп тааныштырган жаран он тоннадан ашкан жүк дале ташылып жатканын, салмак-габариттик көзөмөлдөн акча берип өтүп келатышканын айтып берди:

- Карьерден чыгып Балыкчыга жетиш үчүн ар бир "Ховодон" жок эле дегенде 2 миң сом алышат. Кез-кезде айыппул деп 10 миң сом салынат, ошол гана мамлекетке түшсө керек. Биринчи маселе салмак-габариттик көзөмөл жайында. Экинчиси - Жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрү күнү-түнү турат, жылуулук мезгилинде укташпайт. Ошолорго беребиз. Андан тышкары былтыр декабрдан бери Каржы полициясынын өкүлдөрү (Ред: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы) да туруп калды. Алар салмак-габариттик көзөмөлдөгү пара алгандарды кармап жоопко тартышы керек болчу, бирок жең ичинен келишип, жүк ташуучулардан акча алып отурушат.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту, салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу бул айтылгандарды четке какты.

Булар 25 тоннадан ашыгырак салып ташыгысы келет. Ага уруксат берип койсок жолдун баарын бузуп алабыз.

- Өкмөттүн №454 токтому бар. Ал жерде жүк ташуучу машинелерден кандай күч келип жатканы бүт жазылган. "Ховонун" салмагы чоңураак. Алар 30-40 тоннага чейин жүктөшөт. Анын баарын жүктөп алса жолду талкалашат. 25 тоннадан ашпаса эч ким эч нерсе дебейт. Жалпы салмагы 25 тонна, ал эми өзөктүү салмагы 10 тонна болушу керек. Булар 25 тоннадан ашыгырак салып ташыгысы келет. Ага уруксат берип койсок жолдун баарын бузуп алабыз. Эсеп боюнча, жолго жүк ташуучу машиненин ар бир огуна түшкөн жүктөм он тоннадан ашпашы керек. Бизде пара алынбайт. Таразага түшөр замат маалымат жарым-жартылай автоматташтырылган борбордук серверге түшөт. Андан тышкары таблолор бар, андан айдоочу автоунаасынын, жүктүн салмагын, ар бир машинедеги автоунаанын огуна канча басым келип жатканын көрө алат.

Арсланбек Касымалы уулу өкмөттүн токтомуна нааразылык иретинде жүк ташуунун баасы көтөрүлсө, ага министрлик да, Монополияны жөнгө салуу агенттиги да кийлигише албайт деп ишендирди.

Экс-вице-премьер-министр, транспорт министринин мурдагы орун басары Абдрахман Маматалиев болсо жүк ташуу, жолдордун бузулушуна байланышкан көйгөйлөр дал ушул маселеден чыгып жатат деген ойдо:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Монополияны жөнгө салуу агенттиги муну көзөмөлгө алышы керек. Бул мекеме ошого түзүлгөн да. Бизде көмүр арзан, өз алдынча казып атышат. Арзан көмүрдү ашыкча кымбат коюп жатышат. Жүк ташуунун баасы да арзан эле. Аны да көзөмөлдөшү зарыл. Бирөө монополия кылып алып, каалаган бааны коюп ташыганы туура эмес.

Жобого ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ченемден ашык жүк артынган учурда алардын ар бирине 12 миң сомго чейин айыппул салынат. Салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстандагы салмак-габариттик көзөмөл жайларынан казынага 107 миллион сом түшкөн. Мунун 40 миллионго жакыны гана артыкбаш жүк үчүн салынган айыппул. Буга чейин өкмөт автоунаалардан ашыкча жүк үчүн алынган акчанын 30 пайызы сол чөнтөккө кетээрин, маселени чечиш үчүн жолдордогу салмак-габариттик көзөмөл жайларына электрондук таразалар коюларын маалымдаган.

Февралдын башында вице-премьер Дайыр Кенекеев Кыргызстанда “жол мафиясы” күчөп кеткенин айтып, аны менен катуу күрөш жүргүзүүгө убада берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG