Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Фукусима: өзөктүк алаамат коркунучу жөнүндөгү кооптонуулар күчөдү


Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк ишканасынын 3-реактору жарылуудан кийин. 14-март, 2011-жыл. Сателлиттен тартылган сүрөт. DIGITAL GLOBE REUTERS/Digital Globe/Handout .
Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк ишканасынын 3-реактору жарылуудан кийин. 14-март, 2011-жыл. Сателлиттен тартылган сүрөт. DIGITAL GLOBE REUTERS/Digital Globe/Handout .
Жапония өкмөтү Фукусимадагы абалды жөнгө салуу аракетин улантууда.

11-мартта жер титирегенде суу боюнда орун алган Фукусимадагы өзөктүк кубат иштеп чыкчу ишкана жабыркап, жабдык-түтүктөр керектеген чыгып, натыйжада муздатуу системасы иштебей калды. Бул татаал жүрүмдү (процессти) британиялык өзөктүк физика адиси Фрэнк Барнаби мындайча түшүндүрөт:

- Муздатуу системасы бузулгандан кийин суюк отун блогу ысый баштаган. Өзөктүк отун эригенде реакциянын натыйжасында суутек менен кычкылтек пайда болуп, суутек жарылган. Жарылуудан реактордун сырткы структурасы жабыркады. Бирок ички корпусу, резервуары туруштук берип, радиоактивдүү заттардын ири көлөмдө сыртка бөлүнүп чыгышынан сактап калды. Бирок ишканада дагы бир нече реактор бар экенин унутпайлы. Мунун бардыгы эмне менен аяктайт, азырынча билбейбиз.

Жума күнү (11-мартта) жер титирөө болуп, топон суу каптаганда станциянын бардык 6 реактору автоматтык түрдө өчүп калган.

Чукул абалда иштөөчү генераторлор реакторлордун өзөгүн муздатып турмак.

Бирок ал генераторлор зилзаладан кийинки цунамиден суу алдында калган.

Ысып кеткен реакторлорду муздатуу үчүн деңиздин суусун колдонуу чечими кабыл алынган.

Барнаби адатта мындай ыкма пайдаланбастыгын, эми реакторлорду алмаштырууга туура келеерин айтат.

Фукусима шаарындагы өзөктүк кризисти кээ бир адистер АКШдагы Тримайл Айлэнд атомдук станциясындагы же Чернобылдагы кырсык менен салыштырышат.

1979-жылы Тримайл Айлендде да өзөктүк ишкананын муздатуу системасы бузулуп, өзөктүк отун эрип кирген.

Бирок Фукусимадан айырмаланып, ал жерде жарылуу болгон эмес.

Барнабинин айтымында, социалдык жана психологиялык кесепеттер жагынан Америкадагы кырсык олуттуу эле болду, бирок анын масштабын Жапонияныкы менен салыштырып болбойт.

Расмий Токио Жапонияда Чернобыл алааматы кайталанбайт, Фукусима экинчи Чернобыл болбойт деп ишендирип келатат.

Бул көз карашка радиациялык жана экологиялык проблемалар боюнча адис, Чернобыл авариясынын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан Сергей Мирный да кошулат:

- Чернобылдеги реактор менен Фукусиманын реактору бири биринен принципиалдуу түрдө айырмаланат. Чернобылдеги реакторлордун түрү башкарылбай калганда өздөрү жарылып кетет. Ошон үчүн андай реактор менен иштеген бекеттерди (станцияларды) жабуу аракеттери көрүлүп жатат. Мисал үчүн Европа биримдиги Литвадагы ошондой бекетти жаптырууну талап кылып келатат. Фукусимадагы ишкананын түзүлүшү болсо таптакыр башкача. Бир нерсе болуп кетсе, реактор автоматтык түрдө иштебей калат. Демек, өзөктүк чынжыр реакциясы токтойт да, реактор сууй баштайт. Ооба, майда радиациялык көйгөйлөр болушу ыктымал, бирок Чернобылдагыдай ири өлчөмдөгү кырсык болбойт деп ойлоймун.

Окумуштуу Фукусиманын айланасындагы радиациянын деңгээли тууралуу ишенимдүү булактар маалымат бербей жатышканына өкүнөт.

- Чындыкты жаап-жашырбай, так маалымат таратуу жагынан, тилекке каршы, 25 жыл илгерки окуялар кайталанууда, - дейт Мирный.

Баса, ишембиде (12-мартта) расмий Токио Дайичи ишканасындагы алгачкы жарылуудан кийин Атомдук кубат боюнча Эл аралык агенттикти "жергиликтүү масштабдагы чакан кесепеттерге алып келген кырсык" тууралуу кабардар кылган.

Ал 7 баллдык көрсөткүч боюнча 4 баллга бааланган. Ал эми Чернобылдагы жарылууга эң жогорку, 7-категория берилген.

Фукусимадагы кырдаал өзөктүк кубат ишканаларынын курулушуна каршы чыккан бейөкмөт уюмдардын жана ар кыл экологиялык кыймылдардын чырагына май тамызгансыды.

Маселен, Францияда жашылдар партиясы учурдан пайдаланып, кубат өндүрүүнүн бул булагы канчалык кооптуу экенин дагы бир жолу белгилеп, өкмөт элди ал тууралуу жетиштүү түрдө кабардар кылбайт деп сындады.

Өзөктүк кубат коопсуздугу мекемесинин жетекчиси Андре-Клод Лакост болсо сейсмикалык активдүү тилкеде орун алган Алзастагы Фессенхайм ишканасынын коопсуздугун күчөтүүнүн кажети жок, ишкана жылына 15-20 ирет текшерилет деп жооп берди.

Франция 58 өзөктүк реактору менен дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Жапонияда болсо андай реакторлордун саны 55ти түзөт.

XS
SM
MD
LG