Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

G20: Саммитте каралчу маселе көп


АКШ Кытай менен соодадагы баланстын жоголгонуна зээни кейип турат. Барак Обама (солдо) Ху Цзинтао (оңдо) менен сүйлөшкөндө аны учкай "чымчып" өткөнсүдү
АКШ Кытай менен соодадагы баланстын жоголгонуна зээни кейип турат. Барак Обама (солдо) Ху Цзинтао (оңдо) менен сүйлөшкөндө аны учкай "чымчып" өткөнсүдү

Түштүк Кореянын борбору Сеулда бүгүн өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн (же “Чоң жыйырманын”) кезектеги саммити ачылды. Эки күндүк жыйын кызуу талаш-тартыштар, а балким, алгылыктуу натыйжасыз аякташы да мүмкүн дешет. Анткени ири экономикалар ортосунда азыр “валюта согушу”, экономикадагы протекционизм, соода-сатыктагы тең салмактуулуктун бузулганы жана ири банктардын оор абалы жөнүндө бир пикир жок.

“Чоң жыйырманын” лидерлери азыр бири-бири менен кантип сүйлөшүп, кандай мунасага келүүнүн жолун билбей турушкандай. Саммитти өткөрүп жаткан кореялык бийликтер мына эми башталды делген саммиттин күн тартибин азырга чейин түзүп бүтө электигин моюнга алышты.

Чынында эки күн бою дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин башчылары сүйлөшө турган маселе көп. Жок эле дегенде, акыркы эки жылдагы финансыдагы кризис, соода-сатыктагы олку-солку ахыбал тез арада чечилиши зарыл болгондорунан.

Бул ирет АКШ менен Кытай ортосунда юандын төмөн курсунун айынан жаралган талаш-тартыштар боюнча суроо көтөрүлөт го деген ишеним күч. Вашингтон бир топ убакыттан бери Кытайдын бийликтерин “улуттук валютанын курсун атайылап төмөндөтүп, муну менен кытайлык өндүрүшчүлөргө көбүрөөк товарды экспорттоого жардам берип жатат” деп сындап келатат.

Кореялык бийликтердин айтымында, саммиттин күн тартиби лидерлер кечки тамакка чогулганда да шашылыш түзүлүп жаткан. 11-ноябрь, 2010
Эки өлкөнүн соодасындагы дефициттин жогору көрсөткүчү ич-ара айыптоолорго себеп болуп келатат. Бирок АКШнын президенти Барак Обама бул күнү Кытай лидери Ху Цзинтао менен сүйлөшүү жөнүндө айтканда баары бир сылык сөзүнөн кайтпады.

“Биз эки тараптуу эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү маселелер жөнүндө сүйлөштүк. Дүйнөдө атомдук күчкө ээ лидер мамлекеттер катары ядролук куралдын таркатылбашы үчүн жасалчу аракеттерде өзгөчө милдеттенмелерибиз бар, - деди Обама. - Андан сырткары, глобалдык деңгээлде эң алдыдагы эки экономика катары да тең салмакта бирдей өнүгүүгө жетишүү вазыйпасын бирдей көтөрүшүбүз керек”.

Кытай менен чыккан “валюта согушунда” Вашингтонду Европадагы бир топ мамлекеттер колдошкон эле. Бирок жакында АКШнын Борбордук банкы улуттук экономиканы жандандырыш үчүн 600 млрд.доллар бөлө турган болгонун жарыялагандан кийин, европалыктар эми “Мынакей, Америка да доллардын наркын атайылап түшүргөнгө аракет кылып жатышат” деп айыптай башташты.

Бирок америкалык расмий өкүлдөр Борбордук банктын чечими доллардын курсуна таасир этпейт деп ишендиришүүдө.

Президент Обама саммиттин алдынан Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшкөндө да кайра эле баланс тууралуу сөзүн кайталангысыды.

“Биз НАТО боюнча өнөктөш катары бирге жасай алган иштерибиз үчүн сыймыктанабыз. Албетте, биз Ооганстанга, экономикага, “Чоң жыйырмага” байланыштуу маселелерди талкуулашыбыз абзел. Андан сырткары, ири экономикалар катары баланстуу жана туруктуу өнүгүүнүн жолдорун да издешибиз керек”, - деди АКШнын президенти.

Иши кылып, эки күндүк саммитте экономиканы башкаруудагы өкмөттөрдүн ролу, башкача айтканда, ар ким өзүнүн экономикасын канатында калкалап, башкаларга жол бербей жатканы негизги маселелерден болот окшойт.

Андан сырткары, өнүккөн ири мамлекеттер азырынча жарды эсептелген өлкөлөргө жөн гана жардам бербей, алардын экономикасын да жандандырыш үчүн кандай колдоо көрсөтө алаары талкууланат дешти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG